Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-10-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 24-октябры №665 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 169-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 22-берененин 2-бөлүгүндөгү "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын" деген сөздөр "Өкмөтүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 368-берене) күчүн жоготту деп табылсын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 22-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы менчик мамилелери Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы жана кесиптик даярдоо тутумундагы менчик мамилелеринин жалпы жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик тутумунун билим берүүчү уюмдарына бекитилген менчик укугундагы объектилер (имараттар, курулуштар, мүлктүк комплекстер, жабдуулар, керектелүүчү, социалдык, маданий багыттагы зарыл мүлк) алынып коюлбайт жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн кызыкчылыгында гана пайдаланылышы мүмкүн, ал ошондой эле менчиктештирүүгө жатпайт. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик тутумунун билим берүүчү уюмдарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын [Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны] тарабынан бекитилет. [Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 12-июлундагы № 58 "Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" Мыйзамы] Жеке жана юридикалык жактар берген акча каражаттарын, мүлктү жана башка объектилерди, окуу жайынын иш-аракетинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык эмгек продуктусун, ошондой эле өз ишинин кирешелерин жана бул кирешеге сатылып алынган объектилердин менчик укугу кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарына таандык. Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы мамлекеттик мүлктүн колдонулушуна контроль кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу республикалык органга жүктөлөт. | 22-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы менчик мамилелери Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы жана кесиптик даярдоо тутумундагы менчик мамилелеринин жалпы жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик тутумунун билим берүүчү уюмдарына бекитилген менчик укугундагы объектилер (имараттар, курулуштар, мүлктүк комплекстер, жабдуулар, керектелүүчү, социалдык, маданий багыттагы зарыл мүлк) алынып коюлбайт жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн кызыкчылыгында гана пайдаланылышы мүмкүн, ал ошондой эле менчиктештирүүгө жатпайт. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик тутумунун билим берүүчү уюмдарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын ӨКМӨТҮНҮН тарабынан бекитилет. Күчүн жоготту Жеке жана юридикалык жактар берген акча каражаттарын, мүлктү жана башка объектилерди, окуу жайынын иш-аракетинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык эмгек продуктусун, ошондой эле өз ишинин кирешелерин жана бул кирешеге сатылып алынган объектилердин менчик укугу кесиптик башталгыч билим берүүчү уюмдарына таандык. Кесиптик башталгыч билим берүү тутумундагы мамлекеттик мүлктүн колдонулушуна контроль кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруучу республикалык органга жүктөлөт. |
Министр
А.Абытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 1420-V "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 22.12.2011 · № 1420-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 9-февралындагы № 1607-V "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 09.02.2012 · № 1607-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 2-мартындагы № 1714-V "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 02.03.2012 · № 1714-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 129 · Күчүн жоготкон
- Об утверждении перечня учреждений начального профессионального образованияЗакон · 12.07.2000 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон