Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-10-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 24-октябры №663 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 65-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча: ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын;
"Жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Преамбуладагы " айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" деген сөздөр "айылдын, шаардын жана райондун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 1-беренеде:
1) 2-бөлүгү "бюджеттерден турат" деген сөздөрдөн кийин "кирешелерди жана сарптоолорду камтыйт" деген сөздөр менен толукталсын.
2) 15 жана 16-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Жергиликтүү бюджеттин киреше булактары - жергиликтүү салыктар жана жыйымдар, салыктык эмес кирешелер; республикалык деңгээлде бөлүштүрүлчү салыктар жана кирешелер; трансферттер, ыктыярдуу кошумчалар.
16. Муниципалдык менчик - ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу жергиликтүү кеңеш аркылуу жергиликтүү жамаатка таандык болгон, киреше алуунун жана калктын социалдык-экономикалык керектөөлөрүн канааттандыруунун булагы болуучу бардык мүлктөр.".
4. 2-беренеде:
1) үчүнчү абзацы "иштерди" деген сөздөн кийин "жана маселелерди" деген сөздөр менен толукталсын;
2) төртүнчү абзацындагы "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды" деген сөздөр "берилген мамлекеттик иштерди жана ыйгарым укуктарды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү салыктардын жана кирешелердин түрлөрүнүн тизмеси, бюджеттин алдыдагы үч жылга карата орто мөөнөттүк болжолунун мезгилинде өзгөрүлбөйт.".
7. 13-берененин бүткүл текстинде ар түрдүү жөндөмөдөгү "болжолдуу" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "белгиленген" деген сөзгө алмаштырылсын. 8. 14-беренедеги "жыйындарын" деген сөз алып салынсын.
9. 17-берене күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакциясы | Сунушталган редакция |
|---|---|
| Ушул Мыйзам [айылдын шаарчанын, шаардын жана райондун] жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дагы башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен болгон финансылык жана экономикалык мамилелерин жөнгө салат, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана айылдын, шаарчанын жана шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүү жана аткаруу тартибин жана принциптерин аныктайт. | Ушул Мыйзам АЙЫЛДЫН ШААРДЫН ЖАНА РАЙОНДУН жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дагы башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен болгон финансылык жана экономикалык мамилелерин жөнгө салат, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана айылдын, шаарчанын жана шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүү жана аткаруу тартибин жана принциптерин аныктайт. |
| 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр 1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутуму - Кыргыз Республикасынын экономикалык мамилелерине жана мамлекеттик курумуна негизделген республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу боюнча укук ченемдери менен тартипке келтирилүүчү коомдук мамилелердин тутуму. 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү [бюджеттерден] турат. 3. Жергиликтүү бюджет - айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун жергиликтүү коомдоштугунун бюджети, алардын түзүлүшүн, бекитилишин жана аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат. 4. Жергиликтүү бюджеттин кирешелери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына түшүүчү акчалай каражаттар. 5. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын каржы жагынан камсыз кылууга багытталган акчалай каражаттар. 6. Трансферттер - Кыргыз Республикасынын бир деңгээлдеги бюджетинен башка деңгээлдеги бюджеттик тутумуна жеке же юридикалык жакка бюджеттен берилүүчү бюджеттик каражаттар. 7. Гранттар - республиканын бюджетинен жергиликтүү бюджеттерге бекер жана кайтарылбас негизде берилүүчү трансферттер. 8. Категориялуу гранттар - мамлекет тарабынан кепилдик берилген жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын белгилүү түрлөрүн каржылоо үчүн бекер жана кайтарылбас негизде республикалык бюджеттен берилүүчү трансфеттер. 9. Теңдөөчү гранттар - турукташтыруучу социалдык-экономикалык абалга колдоо көрсөтүү максатында мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер. 10. Үлүштүк (стимулдаштыруучу) гранттар - бюджеттик каражаттарды, мамлекеттик артыкчылыктуу программалар менен долбоорлор боюнча каражаттарды кайтарымдуу чыгымдоого стимулдаштыруучу, жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү жана кирешелердин жергиликтүү булактарын кыйла толук мобилизациялоо максатында республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү трансферттер. 11. Өз ара эсептешүүлөр - жергиликтүү бюджеттерге же бюджеттик жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же бекитилген бюджеттерде каралбаган, аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерде милдеттенмелерден улам кирешелерде жана/же чыгашаларда (1) болгон өзгөрүүлөргө байланыштуу алардан которулуучу; жана/же (2) улуттук экономикада өз орду бар өндүрүш деңгээлинде, бааларда же дагы баш процесстерде жүргөн өзгөрүүлөрдөн чыккан жана бюджетти түзүү үчүн негиз катары пайдаланылуучу бюджеттик орточо мөөнөттүү прогноздон айырмалуу акчалай ыктыярдуу каражаттар. 12. Ыктыярдуу салымдар - жергиликтүү бюджеттерге жана бюджеттен тышкаркы фонддорго жеке же юридикалык жактар тарабынан бекер жана кайтарылбас негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн берилүүчү акчалай каражаттар. 13. Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар - жарандарга минималдуу деңгээлде берилиши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан гарантиялануучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары. 14. Минималдуу бюджеттик камсыздоо - өз аймагынын чегинде мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына зарыл акчалай каражаттардын минималдуу деңгээли. 15. [Жергиликтүү бюджеттин киреше булактары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча киргизүүгө жана жыйноого укуктуу жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана салыктык эмес төгүмдөр. 16. Муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү коомдоштук менчиги.] 17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайымдары - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан зайым келишимин түзүү жана/же муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен кабыл алынган мөөнөттүү келишимдик милдеттенмелер, булардын жардамы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зайымдын суммасын кайтарып берүү жана аны пайдаланганы үчүн пайыз төлөп берүү милдеттенмеси менен акча каражаттарын алат. 18. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддору - жергиликтүү бюджеттерде каралбаган социалдык-экономикалык программалар менен долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн ыктыярдуу салымдардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү фонддор. | 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр 1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутуму - Кыргыз Республикасынын экономикалык мамилелерине жана мамлекеттик курумуна негизделген республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу боюнча укук ченемдери менен тартипке келтирилүүчү коомдук мамилелердин тутуму. 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү БЮДЖЕТТЕРДЕН ТУРАТ, КИРЕШЕЛЕРДИ ЖАНА САРПТООЛОРДУ КАМТЫЙТ. 3. Жергиликтүү бюджет - айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун жергиликтүү коомдоштугунун бюджети, алардын түзүлүшүн, бекитилишин жана аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат. 4. Жергиликтүү бюджеттин кирешелери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына түшүүчү акчалай каражаттар. 5. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын каржы жагынан камсыз кылууга багытталган акчалай каражаттар. 6. Трансферттер - Кыргыз Республикасынын бир деңгээлдеги бюджетинен башка деңгээлдеги бюджеттик тутумуна жеке же юридикалык жакка бюджеттен берилүүчү бюджеттик каражаттар. 7. Гранттар - республиканын бюджетинен жергиликтүү бюджеттерге бекер жана кайтарылбас негизде берилүүчү трансферттер. 8. Категориялуу гранттар - мамлекет тарабынан кепилдик берилген жергиликтүү бюджеттерди чыгашаларынын белгилүү түрлөрүн каржылоо үчүн бекер жана кайтарылбас негизде республикалык бюджеттен берилүүчү трансфеттер. 9. Теңдөөчү гранттар - турукташтыруучу социалдык-экономикалык абалга колдоо көрсөтүү максатында мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер. 10. Үлүштүк (стимулдаштыруучу) гранттар - бюджеттик каражаттарды мамлекеттик артыкчылыктуу программалар менен долбоорлор боюнча каражаттарды кайтарымдуу чыгымдоого стимулдаштыруучу, жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү жана кирешелердин жергиликтүү булактарын кыйла толук мобилизациялоо максатында республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү трансферттер. 11. Өз ара эсептешүүлөр - жергиликтүү бюджеттерге же бюджеттик жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же бекитилген бюджеттерде каралбаган, аткаруу бийлигинин башка органда тарабынан кабыл алынган чечимдер милдеттенмелерден улам кирешелер жана/же чыгашаларда (1) болгон өзгөрүүлөргө байланыштуу алардан которулуучу; жана/же (2) улуттук экономикада өз орду бар өндүрүш деңгээлинде, бааларда же дагы баш процесстерде жүргөн өзгөрүүлөрдө чыккан жана бюджетти түзүү үчүн негиз катары пайдаланылуучу бюджеттик орточо мөөнөттүү прогноздон айырмалуу акчалай ыктыярдуу каражаттар. 12. Ыктыярдуу салымдар - жергиликтүү бюджеттерге жана бюджеттен тышкаркы фонддорго жек же юридикалык жактар тарабынан бекер жана кайтарылбас негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн берилүүчү акчалай каражаттар. 13. Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар - жарандарга минималдуу деңгээлде берилиши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан гарантиялануучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандарттары. 14. Минималдуу бюджеттик камсыздоо - өз аймагынын чегинде мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына зарыл акчалай каражаттардын минималдуу деңгээли. 15. ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕ БУЛАКТАРЫ - ЖЕРГИЛИКТҮҮ САЛЫКТАР ЖАНА ЖЫЙЫМДАР, САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР; РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ БӨЛҮШТҮРҮЛЧҮ САЛЫКТАР ЖАНА КИРЕШЕЛЕР; ТРАНСФЕРТТЕР, ЫКТЫЯРДУУ КОШУМЧАЛАР. 16. МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК - ЭЭЛИК КЫЛУУ, ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА ТЕСКӨӨ УКУГУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШ АРКЫЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТКА ТААНДЫК БОЛГОН, КИРЕШЕ АЛУУНУН ЖАНА КАЛКТЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КЕРЕКТӨӨЛӨРҮН КАНААТТАНДЫРУУНУН БУЛАГЫ БОЛУУЧУ БАРДЫК МҮЛКТӨР. 17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайымдарын - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан зайым келишимин түзүү жана/же муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен кабыл алынган мөөнөттүү келишимдик милдеттенмелер, булардын жардамы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зайымдын суммасын кайтарып берүү жана аны пайдаланганы үчүн пайыз төлөп берүү милдеттенмеси менен акча каражаттарын алат. 18. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддору - жергиликтүү бюджеттерде каралбаган социалдык-экономикалык программалар менен долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн ыктыярдуу салымдардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү фонддор. |
| 2-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздеринин негизги принциптери Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери төмөндөгү принциптерге таянат: - мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин ажыратып чектөөгө; - жергиликтүү маанидеги [иштерди] чечүү үчүн зарыл финансы-экономикалык каражаттар менен камсыз кылууга; - [берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды] аткаруу үчүн зарыл финансы-экономикалык каражаттар менен камсыз кылууга; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык каражаттарынын башкарууда жергиликтүү кеңештердин көз карандысыздыгына. | 2-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздеринин негизги принциптери Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери төмөндөгү принциптерге таянат: - мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин ажыратып чектөөгө; - жергиликтүү маанидеги ИШТЕРДИ ЖАНА МАСЕЛЕЛЕРДИ чечүү үчүн зарыл финансы-экономикалык каражаттар менен камсыз кылууга; - БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ИШТЕРДИ ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТАРДЫ аткаруу үчүн зарыл финансы-экономикалык каражаттар менен камсыз кылууга; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык каражаттарынын башкарууда жергиликтүү кеңештердин көз карандысыздыгына. |
| 6-статья. [Жалпы мамлекеттик салыктардан] түшкөн төгүмдөрдү [жана кирешелерди] бөлүштүрүүнүн тартиби 1. Жалпы мамлекеттик салыктарга жана республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү кирешелерге төмөнкүлөр кирет: 1) киреше салыгы; 2) сатуудан салык; 3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык; 4) милдеттүү патенттин негизиндеги салык; 5) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы; 6) мыйзам тартибинде белгиленген башка [жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер.] 2. Жергиликтүү бюджетке ушул статьянын 1-пунктунда аталган салыктар менен кирешелерден чегерүү жүргүзүлөт. 3. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган салыктар менен кирешелер чегерүүнүн белгиленген ченемдерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына салыктардын түшкөн жери боюнча бөлүштүрүлөт. 4. (КР 2010-жылдын 28-январындагы № 15 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) | 6-статья. ЖАЛПЫ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫКТАРДАН ЖАНА БАШКА КИРЕШЕЛЕРДЕН түшкөн төгүмдөрдү бөлүштүрүүнүн тартиби 1. Республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү ЖАЛПЫ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫКТАРГА ЖАНА БАШКА КИРЕШЕЛЕРГЕ төмөнкүлөр кирет: 1) киреше салыгы; 2) сатуудан салык; 3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык; 4) милдеттүү патенттин негизиндеги салык; 5) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы; 6) мыйзам тартибинде белгиленген башка жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер. 2. Жергиликтүү бюджетке ушул статьянын 1-пунктунда аталган салыктар менен кирешелерден чегерүү жүргүзүлөт. 3. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган салыктар менен кирешелер чегерүүнүн белгиленген ченемдерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына салыктардын түшкөн жери боюнча бөлүштүрүлөт. 4. (КР 2010-жылдын 28-январындагы № 15 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 5. РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ БӨЛҮШТҮРҮЛҮҮЧҮ САЛЫКТАРДЫН ЖАНА КИРЕШЕЛЕРДИН ТҮРЛӨРҮНҮН ТИЗМЕСИ, БЮДЖЕТТИН АЛДЫДАГЫ ҮЧ ЖЫЛГА КАРАТА ОРТО МӨӨНӨТТҮК БОЛЖОЛУНУН МЕЗГИЛИНДЕ ӨЗГӨРҮЛБӨЙТ. |
| 7-статья. Трансферттер жана ыктыярдуу төгүмдөр (Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 1. Категориялуу гранттар: 1) категориялуу гранттар республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программаларды каржылоонун муктаждыгын эсепке алган формуланын негизинде бөлүнөт.Категориялуу гранттарды эсептөөнүн усулдары жана формуласы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат; 2) категориялуу гранттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджеттерге белгиленген усулдар менен формулага ылайык өзүнүн аймактык бөлүмдөрү аркылуу бөлүштүрүлөт. 2. Теңдөөчү гранттар: 1) теңдөөчү гранттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формуланын негизинде эсептелет жана бөлүштүрүлөт, ал кирешелердин потенциалы менен жергиликтүү коомдоштуктун чыгашаларын каржылоого жумшалуучу жергиликтүү бюджеттин муктаждыктарынын ортосундагы финансылык ажырымды эсепке алат. 2) Теңдөөчү гранттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджеттерге белгиленген усулдар менен формулага ылайык өзүнүн аймактык бөлүмдөрү аркылуу бөлүштүрүлөт. 3. Үлүштүк (стимулдаштыруучу) гранттар: 1) үлүштүк (стимулдаштыруучу) гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкурстук негизде берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үлүштүк (стимулдаштыруучу) гранттарды алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен шарттарга ылайык табыштама берүүгө укуктуу. 4. Бир бюджеттен башка бюджетке өз ара эсептешүү боюнча берилүүчү каражаттар: 1) жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары көбөйтүлүүчү же кирешелери азайтылуучу ченемдик укуктук актылар кабыл алынган учурда (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынан башка) тиешелүү суммалардын орду республикалык бюджеттен толтурулат, ал эми жергиликтүү бюджеттин чыгашалары азайса же кирешелери көбөйсө тиешелүү суммалар республикалык бюджетке алып коюлат. 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү квартал аяктаганга 30 күн калгандан кечиктирбестен мамлекеттик бюджетти түзүү учурунда негиз катары пайдаланылуучу, бюджеттин орточо мөөнөттүү божомолунан айырмаланган, Кыргыз Республикасынын экономикасында жүрүп жаткан өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн өзгөрүшү, баалардын деңгээли, инфляциянын темптери, дагы башка процесстерди пайда кылган жалпы мамлекеттик салыктардын, дагы башка кирешелердин контингенти боюнча көрсөткүчтөрдүн такталышына байланыштуу өз ара эсептешүүлөргө тактоо киргизүүгө укуктуу. 5. Ыктыярдуу салымдар: 1) Жеке жана юридикалык жактар ыктыярдуу салымдарды бекер жана кайтарылбас негизде жергиликтүү бюджеттерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддоруна берүүгө укуктуу. 2) Ыктыярдуу салымдар жергиликтүү бюджеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорунун киреше бөлүгүндө анын түшкөн мезгилине жараша чагылдырылат. 3) Кыймылсыз мүлк жана кыймылдуу мүлк түрүндөгү ыктыярдуу салымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун муниципалдык менчигинин реестрине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте киргизилүүгө тийиш. 6. Жергиликтүү бюджеттин кирешелери [башка бюджетке] жергиликтүү кеңештин чечими боюнча [которулушу] мүмкүн. | 7-статья. Трансферттер жана ыктыярдуу төгүмдөр (Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 1. Категориялуу гранттар: 1) категориялуу гранттар республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программаларды каржылоонун муктаждыгын эсепке алган формуланын негизинде бөлүнөт.Категориялуу гранттарды эсептөөнүн усулдары жана формуласы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат; 2) категориялуу гранттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджеттерге белгиленген усулдар менен формулага ылайык өзүнүн аймактык бөлүмдөрү аркылуу бөлүштүрүлөт. 2. Теңдөөчү гранттар: 1) теңдөөчү гранттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формуланын негизинде эсептелет жана бөлүштүрүлөт, ал кирешелердин потенциалы менен жергиликтүү коомдоштуктун чыгашаларын каржылоого жумшалуучу жергиликтүү бюджеттин муктаждыктарынын ортосундагы финансылык ажырымды эсепке алат. 2) Теңдөөчү гранттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджеттерге белгиленген усулдар менен формулага ылайык өзүнүн аймактык бөлүмдөрү аркылуу бөлүштүрүлөт. 3. Үлүштүк (стимулдаштыруучу) гранттар: 1) үлүштүк (стимулдаштыруучу) гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкурстук негизде берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үлүштүк (стимулдаштыруучу) гранттарды алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен шарттарга ылайык табыштама берүүгө укуктуу. 4. Бир бюджеттен башка бюджетке өз ара эсептешүү боюнча берилүүчү каражаттар: 1) жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары көбөйтүлүүчү же кирешелери азайтылуучу ченемдик укуктук актылар кабыл алынган учурда (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынан башка) тиешелүү суммалардын орду республикалык бюджеттен толтурулат, ал эми жергиликтүү бюджеттин чыгашалары азайса же кирешелери көбөйсө тиешелүү суммалар республикалык бюджетке алып коюлат. 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү квартал аяктаганга 30 күн калгандан кечиктирбестен мамлекеттик бюджетти түзүү учурунда негиз катары пайдаланылуучу, бюджеттин орточо мөөнөттүү божомолунан айырмаланган, Кыргыз Республикасынын экономикасында жүрүп жаткан өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн өзгөрүшү, баалардын деңгээли, инфляциянын темптери, дагы башка процесстерди пайда кылган жалпы мамлекеттик салыктардын, дагы башка кирешелердин контингенти боюнча көрсөткүчтөрдүн такталышына байланыштуу өз ара эсептешүүлөргө тактоо киргизүүгө укуктуу. 5. Ыктыярдуу салымдар: 1) Жеке жана юридикалык жактар ыктыярдуу салымдарды бекер жана кайтарылбас негизде жергиликтүү бюджеттерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддоруна берүүгө укуктуу. 2) Ыктыярдуу салымдар жергиликтүү бюджеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорунун киреше бөлүгүндө анын түшкөн мезгилине жараша чагылдырылат. 3) Кыймылсыз мүлк жана кыймылдуу мүлк түрүндөгү ыктыярдуу салымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун муниципалдык менчигинин реестрине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте киргизилүүгө тийиш. 6. Жергиликтүү бюджеттин кирешелери БАШКА ПРОГРАММАЛЫК МАКСАТТАРГА жергиликтүү кеңештин чечими боюнча гана ЖУМШАЛЫШЫ мүмкүн. |
| 13-статья. Жергиликтүү бюджетти түзүүнүн, кароонун, бекитүүнүн жана аткаруунун тартиби 1. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу түзүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансы жана башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана юридикалык жактардан зарыл маалыматтарды алууга укуктуу. 2. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүгө зарыл маалыматтарда төмөндөгүлөр камтылат: 1)[жалпы мамлекеттик салыктардан] чегерүүнүн ченемдери; 2) гранттардын болжолдуу көлөмдөрү; 3) бир бюджеттен экинчисине берилүүчү чыгашалардын түрлөрү жана көлөмдөрү; 4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жумшалган каржылоо чыгымдарынын ченемдери; 5) минималдуу бюджеттик камсыздоонун ченемдери; 6) дагы башка зарыл маалымат. 3. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана сунуштоонун тартиби: 1) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору кирешелер менен чыгашалардын ортосундагы байланышты камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органдары жана жергиликтүү коомдоштук аркылуу түзүлөт жана берилет. 2) жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелер чыгашалардын сметасынын долбоору боюнча маалымат даярдайт, анда ар бир программа боюнча алар жооп берүүчү кызмат көрсөтүүлөр же саясат көрсөтүлөт. Чыгашалардын сметасынын долбоору боюнча маалыматта төмөндөгүлөр камтылат: - коюлган максатты так сыпаттоо; - ар бир программага бөлүнүүчү каражаттар; - ар бир программанын натыйжаларын, майнаптуулугун жана максатка ылайыктуулугун билүү үчүн тиешелүү көрсөткүчтөр; - ар бир көрсөткүчтүн иш жүзүндө жана белгиленгендей аткарылышы тууралу маалымат. 4. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн тартиби менен мөөнөттөрү ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 5. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн жана башкаруунун ар кандай деңгээлдеринин ортосунда бюджеттик маалымат берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү: 1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бюджетти түзүү боюнча нускама, календардык план, кирешелер жана чыгашалар боюнча максаттуу көрсөткүчтөр, [жалпы мамлекеттик салыктардан болжолдуу] чегерүү ченемдери, жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлүүчү категориялуу жана теңдөөчү гранттардын болжолдуу өлчөмдөрү 25-майга чейин бекитилет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө, райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарларга маалымдалат; 2) облустардын финансы органдары 25-майга чейин райондордун жана облустук маанидеги шаарлардын финансы органдарына бюджетти түзүү боюнча нускаманы, календардык планды, кирешелер жана чыгашалар боюнча максаттуу көрсөткүчтөрдү, [жалпы мамлекеттик салыктардан болжолдуу] ченемдерин, жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлүүчү категориялуу жана теңдөөчү гранттардын [болжолдуу] чегерүү өлчөмдөрүн маалымдайт; 3) райондордун, райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлардын консолидациялык бюджеттеринин киреше бөлүгүнүн долбоорлору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 1-июлга чейин сунушталат; 4) райондордун, райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлардын консолидациялык бюджеттеринин чыгаша бөлүгүнүн киреше бөлүгүнүн долбоорлору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 1-июлга чейин сунушталат; 5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган максаттуу көрсөткүчтөрдү, [жалпы мамлекеттик салыктардан] чегерүүлөрдүн ченемдерин жана жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлүүчү категориялуу жана теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн райондордун, райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлардын финансы органдарына кабарлайт. 6) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрү кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган максаттуу көрсөткүчтөрдү, [жалпы мамлекеттик салыктардан] чегерүүлөрдүн ченемдерин жана жергиликтүү бюджеттерге, айыл өкмөтүнө чейин бөлүштүрүлүүчү категориалык жана теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн кабарлайт. 7) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган максаттуу көрсөткүчтөрдү алгандан кийин жергиликтүү бюджеттердин адепки долбоорлорун, [жалпы мамлекеттик салыктардан] чегерүүлөрдүн ченемдерин жана жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлүүчү категориялуу жана теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн алгандан кийин аны бекитүү үчүн тиешелүү жергиликтүү кеңешке сунуштайт. 6. Жергиликтүү бюджеттерди аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органдары тарабынан бекитилген бюджеттердин негизинде түзүлгөн кирешелер менен чыгашалардын чечмеленип жазылышына ылайык казыначылыктын региондук бөлүмү жана салык кызматынын органы аркылуу жүзөгө ашырылат. 7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин кароо жана бекитүү кеңештин ачык сессияларында жана коомдук угууларда айкындык жана элдин катышуусу менен жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттердин аткарылышы жөнүндөгү кеңештердин токтому жана кеңештердин тиешелүү жылга карата бюджеттер тууралу чечимдери массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш. | 13-статья. Жергиликтүү бюджетти түзүүнүн, кароонун, бекитүүнүн жана аткаруунун тартиби 1. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу түзүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансы жана башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана юридикалык жактардан зарыл маалыматтарды алууга укуктуу. 2. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүгө зарыл маалыматтарда төмөндөгүлөр камтылат: 1) ЖАЛПЫ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫКТАРДАН ЖАНА БАШКА КИРЕШЕЛЕРДЕН чегерүүнүн ченемдери; 2) гранттардын болжолдуу көлөмдөрү; 3) бир бюджеттен экинчисине берилүүчү чыгашалардын түрлөрү жана көлөмдөрү; 4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жумшалган каржылоо чыгымдарынын ченемдери; 5) минималдуу бюджеттик камсыздоонун ченемдери; 6) дагы башка зарыл маалымат. 3. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана сунуштоонун тартиби: 1) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору кирешелер менен чыгашалардын ортосундагы байланышты камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органдары жана жергиликтүү коомдоштук аркылуу түзүлөт жана берилет. 2) жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелер чыгашалардын сметасынын долбоору боюнча маалымат даярдайт, анда ар бир программа боюнча алар жооп берүүчү кызмат көрсөтүүлөр же саясат көрсөтүлөт. Чыгашалардын сметасынын долбоору боюнча маалыматта төмөндөгүлөр камтылат: - коюлган максатты так сыпаттоо; - ар бир программага бөлүнүүчү каражаттар; - ар бир программанын натыйжаларын, майнаптуулугун жана максатка ылайыктуулугун билүү үчүн тиешелүү көрсөткүчтөр; - ар бир көрсөткүчтүн иш жүзүндө жана белгиленгендей аткарылышы тууралу маалымат. 4. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн тартиби менен мөөнөттөрү ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 5. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн жана башкаруунун ар кандай деңгээлдеринин ортосунда бюджеттик маалымат берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү: 1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бюджетти түзүү боюнча нускама, календардык план, кирешелер жана чыгашалар боюнча максаттуу көрсөткүчтөр, ЖАЛПЫ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫКТАРДАН БОЛЖОЛДУУ ЖАНА БАШКА КИРЕШЕЛЕРДЕН БЕЛГИЛЕНГЕН чегерүү ченемдери, жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлүүчү категориялуу жана теңдөөчү гранттардын болжолдуу өлчөмдөрү 25-майга чейин бекитилет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө, райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарларга маалымдалат; 2) облустардын финансы органдары 25-майга чейин райондордун жана облустук маанидеги шаарлардын финансы органдарына бюджетти түзүү боюнча нускаманы, календардык планды, кирешелер жана чыгашалар боюнча максаттуу көрсөткүчтөрдү, ЖАЛПЫ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫКТАРДАН ЖАНА БАШКА КИРЕШЕЛЕРДЕН БЕЛГИЛЕНГЕН ченемдерин, жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлүүчү категориялуу жана теңдөөчү гранттардын БЕЛГИЛЕНГЕН болжолдуу чегерүү өлчөмдөрүн маалымдайт; 3) райондордун, райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлардын консолидациялык бюджеттеринин киреше бөлүгүнүн долбоорлору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 1-июлга чейин сунушталат; 4) райондордун, райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлардын консолидациялык бюджеттеринин чыгаша бөлүгүнүн киреше бөлүгүнүн долбоорлору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 1-июлга чейин сунушталат; 5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган максаттуу көрсөткүчтөрдү, ЖАЛПЫ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫКТАРДАН ЖАНА БАШКА КИРЕШЕЛЕРДЕН чегерүүлөрдүн ченемдерин жана жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлүүчү категориялуу жана теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн райондордун, райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлардын финансы органдарына кабарлайт. 6) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмдөрү кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган максаттуу көрсөткүчтөрдү, ЖАЛПЫ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫКТАРДАН ЖАНА БАШКА КИРЕШЕЛЕРДЕН чегерүүлөрдүн ченемдерин жана жергиликтүү бюджеттерге, айыл өкмөтүнө чейин бөлүштүрүлүүчү категориалык жана теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн кабарлайт. 7) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган максаттуу көрсөткүчтөрдү алгандан кийин жергиликтүү бюджеттердин адепки долбоорлорун, ЖАЛПЫ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫКТАРДАН ЖАНА БАШКА КИРЕШЕЛЕРДЕН чегерүүлөрдүн ченемдерин жана жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлүүчү категориялуу жана теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн алгандан кийин аны бекитүү үчүн тиешелүү жергиликтүү кеңешке сунуштайт. 6. Жергиликтүү бюджеттерди аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органдары тарабынан бекитилген бюджеттердин негизинде түзүлгөн кирешелер менен чыгашалардын чечмеленип жазылышына ылайык казыначылыктын региондук бөлүмү жана салык кызматынын органы аркылуу жүзөгө ашырылат. 7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин кароо жана бекитүү кеңештин ачык сессияларында жана коомдук угууларда айкындык жана элдин катышуусу менен жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттердин аткарылышы жөнүндөгү кеңештердин токтому жана кеңештердин тиешелүү жылга карата бюджеттер тууралу чечимдери массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш. |
| 14-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруунун башка формаларын каржылоо Курултайларды, жыйналыштарды, жарандардын [жыйындарын,] аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашыруунун дагы башка формаларын каржылоо жергиликтүү коомдоштуктун уставдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат. | 14-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруунун башка формаларын каржылоо Курултайларды, жыйналыштарды, жарандардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашыруунун дагы башка формаларын каржылоо жергиликтүү коомдоштуктун уставдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат. |
| [17-статья. Муниципалдык менчик Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиги өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү, ошонун ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акча каражаттарын; баалуу кагаздарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка мүлктүк укуктарды өзүнө камтыйт.] | 17-берене күчүн жоготту деп табылсын |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1780-V "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 06.04.2012 · № 1780-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 31-майындагы № 1954-V "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 31.05.2012 · № 1954-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 2039-V "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 14.06.2012 · № 2039-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон