Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 24-октябры №662 "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
О.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушуңа, анын ишке ашырылышына жана токтолушуна байланыштуу келип чыккан мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Мүлккө муниципалдык менчик укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонулуп жаткан редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 2-берене. Мүлккө муниципалдык менчик укугу [1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушу, ишке ашырылышы жана токтотулушу менен байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Жер кодекстери, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынат.".] 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз каалоосу боюнча сатып алат, ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алышат. | 2-берене. Мүлккө муниципалдык менчик укугу 1. МҮЛККӨ МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК УКУГУНУН ПАЙДА БОЛУШУНА, АНЫН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫНА ЖАНА ТОКТОЛУШУНА БАЙЛАНЫШТУУ КЕЛИП ЧЫККАН МАМИЛЕЛЕР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ, УШУЛ МЫЙЗАМ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРЫ МЕНЕН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШКАН ЖАНА МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР МЕНЕН ЖӨНГӨ САЛЫНАТ". 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жергиликтүү маселелерди чечүү үчүн өзү каалагандай муниципалдык менчикке ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-ноябрындагы № 1373-V "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 24.11.2011 · № 1373-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-ноябрындагы № 1374-V "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 24.11.2011 · № 1374-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-ноябрындагы № 1374-V "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 24.11.2011 · № 1375-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон