Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-10-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 24-октябры №661 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
1. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "айылдык, шаарча, шаардык жана райондук" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "айылдык жана шаардык" деген сөздөргө алмаштырылсын; "жалпы мамлекеттик жана башка кирешелерди", "жалпы мамлекеттик кирешелерден", "жалпы мамлекеттик салык же киреше" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жалпы мамлекеттик салык жана киреше" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 33-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "поселканын" деген сөз алып салынсын.
3. 47-берененин биринчи абзацындагы "поселоктордун" деген сөз алып салынсын.
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүнө Кыргыз Республикасынын долбооруна САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ
| Берилген редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 1-статья. Бюджет тутумунун курамы жана бюджеттердин өз алдынчалыгы Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутуму - укуктук ченем менен регламенттелүүчү Кыргыз Республикасынын экономикалык мамилелерине жана мамлекеттик түзүлүшүнө негизделген республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу боюнча мамилелердин тутуму. Бюджет тутумунун бардык бөлүктөрүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген өздөрүнүн киреше булактарынын болушу бюджеттердин өз алдынчалыгынын негизи болуп саналат. Мамлекеттик бийлик органдары жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн жергиликтүү бюджеттик ченемдерин, ошондой эле трансферттердин өлчөмдөрүн сактабоо менен байланышкан учурлардан тышкары, жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана бекитүү процесстерине кийлигишүүгө жол берилбейт. Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда, мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин аткарылышынын процессине кийлигишүүгө жол берилбейт. | 1-статья. Бюджет тутумунун курамы жана бюджеттердин өз алдынчалыгы Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутуму - укуктук ченем менен регламенттелүүчү Кыргыз Республикасынын экономикалык мамилелерине жана мамлекеттик түзүлүшүнө негизделген республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу боюнча мамилелердин тутуму. Бюджет тутумунун бардык бөлүктөрүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген өздөрүнүн киреше булактарынын болушу бюджеттердин өз алдынчалыгынын негизи болуп саналат. Мамлекеттик бийлик органдары жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн жергиликтүү бюджеттик ченемдерин, ошондой эле трансферттердин өлчөмдөрүн сактабоо менен байланышкан учурлардан тышкары, жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана бекитүү процесстерине кийлигишүүгө жол берилбейт. Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда, мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин аткарылышынын процессине кийлигишүүгө жол берилбейт. |
| 2-статья. Бюджет процесси Республикалык бюджет жана жергиликтүү бюджет үч жылдык мөөнөткө кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга түзүлөт жана бекитилет. Республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү бюджеттер - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органдары тарабынан түзүлөт жана аткарылат. Республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, жергиликтүү бюджеттер - [айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештер тарабынан каралат жана бекитилет. Сот бийлигинин бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке кошулат жана анын курамдык бөлүгү болуп саналат. Республикалык бюджетти түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби ушул Мыйзам менен, ал эми жергиликтүү бюджеттер - ушул Мыйзам, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык- экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде [айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештердин чечимдери менен аныкталат. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр, салыктарды киргизүү же жокко чыгаруу жөнүндө, аларды төлөөдөн бошотуу, мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин өзгөртүү тууралу мыйзамдардын долбоорлору, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү, болбосо анын киреше бөлүгүн азайтууну кароочу башка мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн. | 2-статья. Бюджет процесси Республикалык бюджет жана жергиликтүү бюджет үч жылдык мөөнөткө кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга түзүлөт жана бекитилет. Республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү бюджеттер - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органдары тарабынан түзүлөт жана аткарылат. Республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши, жергиликтүү бюджеттер - АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештер тарабынан каралат жана бекитилет. Сот бийлигинин бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке кошулат жана анын курамдык бөлүгү болуп саналат. Республикалык бюджетти түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби ушул Мыйзам менен, ал эми жергиликтүү бюджеттер - ушул Мыйзам, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык- экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештердин чечимдери менен аныкталат. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр, салыктарды киргизүү же жокко чыгаруу жөнүндө, аларды төлөөдөн бошотуу, мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин өзгөртүү тууралу мыйзамдардын долбоорлору, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү, болбосо анын киреше бөлүгүн азайтууну кароочу башка мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн. |
| 6-статья. Бюджеттер аралык мамилелер Бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу маселелери, ошондой эле бюджеттик процесстерди уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы мамилелердин жыйындысы бюджеттер аралык мамилелер болуп саналат. Бюджеттер аралык мамилелер мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды так ажыратууга, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ортосунда кирешелерди жана чыгымдарды бирдиктүү бөлүштүрүүгө, бюджеттик жөнгө салуунун бирдиктүү методологиясына негизделет. Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы өз ара мамилелер ушул Мыйзам, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Бекитилген киреше булактарынын айрым түрлөрүн бюджеттин бир деңгээлинен бюджеттин башка деңгээлине берүүгө жол берилбейт. Бюджеттер аралык мамилелер төмөнкү принциптерге негизделет: - Кыргыз Республикасынын бюджет тутумундагы ар бир бюджетке кирешелерди бөлүштүрүү жана бекитүү; - мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдар боюнча ыйгарым укуктарын туруктуу же узак мөөнөттүү негизде ажыратуу; - бюджеттердин ортосунда [жалпы мамлекеттик жана башка кирешелерди] бөлүштүрүү нормативдерин туруктуу же узак мөөнөттүү негизде аныктоо; - жергиликтүү бюджеттердин минималдуу бюджеттик камсыз кылуу деңгээлдерин теңдештирүү; - чыгымдар боюнча ыйгарым укуктарды берүү же кошумча чыгымдарды талап кылган же бюджеттик кирешелерди жоготууга алып келген чечимдерди кабыл алууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу; Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы өз ара мамилелер [жалпы мамлекеттик кирешелерден] жана трансферттерден чегерүү нормативдерин белгилөө аркылуу жөнгө салынат. Трансферттер тутумуна төмөнкүлөр кирет: - теңдештирүүчү гранттар; - дем берүүчү гранттар; - категориялык гранттар; - өз ара эсептешүү боюнча бир бюджеттен башка бюджетке берилүүчү каражаттар; - бюджеттик ссудалар. | 6-статья. Бюджеттер аралык мамилелер Бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу маселелери, ошондой эле бюджеттик процесстерди уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы мамилелердин жыйындысы бюджеттер аралык мамилелер болуп саналат. Бюджеттер аралык мамилелер мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды так ажыратууга, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ортосунда кирешелерди жана чыгымдарды бирдиктүү бөлүштүрүүгө, бюджеттик жөнгө салуунун бирдиктүү методологиясына негизделет. Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы өз ара мамилелер ушул Мыйзам, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Бекитилген киреше булактарынын айрым түрлөрүн бюджеттин бир деңгээлинен бюджеттин башка деңгээлине берүүгө жол берилбейт. Бюджеттер аралык мамилелер төмөнкү принциптерге негизделет: - Кыргыз Республикасынын бюджет тутумундагы ар бир бюджетке кирешелерди бөлүштүрүү жана бекитүү; - мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдар боюнча ыйгарым укуктарын туруктуу же узак мөөнөттүү негизде ажыратуу; - бюджеттердин ортосунда ЖАЛПЫ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫКТАРДЫ ЖАНА БАШКА КИРЕШЕЛЕРДИ бөлүштүрүү нормативдерин туруктуу же узак мөөнөттүү негизде аныктоо; - жергиликтүү бюджеттердин минималдуу бюджеттик камсыз кылуу деңгээлдерин теңдештирүү; - чыгымдар боюнча ыйгарым укуктарды берүү же кошумча чыгымдарды талап кылган же бюджеттик кирешелерди жоготууга алып келген чечимдерди кабыл алууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу; Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы өз ара мамилелер ЖАЛПЫ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫКТАРДАН ЖАНА БАШКА КИРЕШЕЛЕРДЕН жана трансферттерден чегерүү нормативдерин белгилөө аркылуу жөнгө салынат. Трансферттер тутумуна төмөнкүлөр кирет: - теңдештирүүчү гранттар; - дем берүүчү гранттар; - категориялык гранттар; - өз ара эсептешүү боюнча бир бюджеттен башка бюджетке берилүүчү каражаттар; - бюджеттик ссудалар. |
| 15-статья. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик ыйгарым укуктары Бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлгөн бюджеттин чыгымдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, [айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештер бекиткен бюджеттерде каралган өлчөмдүн чегинен ашпоого тийиш. Бекитилген бюджеттин көрсөткүчтөрүн кирешелер жана чыгымдар боюнча жалпысынан, ошондой эле кирешелердин бөлүмдөрү, главалары, кичине главалары жана чыгымдардын негизги топтору, топтору, кичине топтору боюнча өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана [айылдык, шаарча, шаардык жана райондук кеңештер тарабынан кошумча чыгымдарды жабуунун жана түшүүчү кирешелердин конкреттүү, негиздүү булактары болгондо гана кабыл алынышы мүмкүн. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга, башка борбордук аткаруу бийлик органдарына, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга жана чарба субъекттерине республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда берүү чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен тийиштүү жылдын бюджетинде көрсөтүлгөн максаттар үчүн каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Ишканаларга, уюмдарга жана башка чарба субъекттерине республикалык бюджеттен берилүүчү ссудалар жана кредиттер алар мурда берилген кредиттерди жабууга зарыл пайыздарды жана суммаларды төлөп берем деген милдеттенмелерин аткарса гана берилет. Финансы министрлиги мамлекеттик ишканаларда жана акциялары мамлекеттик үлүштөгү, бюджеттик ссудаларды кайтаруу боюнча мөөнөтү өткөн карыздары бар акционердик коомдордо тышкы башкаруу киргизүүгө укуктуу. Жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүү чечимдери аларда бюджетти аткаруу процессинде биринчи кезектеги чыгымдарды каржылоодо кыйынчылыктар болсо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кабыл алынат. Эгерде республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар бюджеттик жылдын аягына чейин жоюлбаган учурда, жоюлбаган ссуда жергиликтүү бюджеттерге чегерилүүчү жалпы мамлекеттик кирешелердин чегерүүлөрүнүн эсебинен республикалык бюджетке өндүрүлүп алынат. Жергиликтүү бюджеттерден ссудаларды берүү тийиштүү келишим жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге, бирдей деңгээлдеги бюджеттерге жергиликтүү бюджеттен ссуда берүү жөнүндөгү чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары кабыл алат жана жергиликтүү бюджетте көрсөтүлгөн максаттарга каралган каражаттардын чектеринде [айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештер тарабынан бекитилет. Жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле чарбакер субъекттердин республикалык бюджеттен берилген ссудалар боюнча береселерин кечүү жөнүндө чечимдерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат, ал эми жергиликтүү бюджеттерден берилген ссудалар боюнча береселерин кечүү жөнүндө чечимдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органдары [айылдык, шаарча шаардык жана райондук] кеңештер менен макулдашуу боюнча кабыл алышат. Республикалык бюджеттен берилген ссудалар боюнча береселерди төлөөнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ал эми жергиликтүү бюджеттерден берилген ссудаларды төлөөнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары [айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештер менен макулдашуу боюнча кабыл алышат. Юридикалык жак банкроттукка байланыштуу жоюлган учурда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте кредитордун талаптары аткарылат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджетти аткаруу процессинде чыгымдардын корголгон статьяларын (эмгек акыны, акчалай акы төлөөнү, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондго чегеримдерди, дары-дармек жана таңуучу каражаттарды, тамак-аш, стипендия, пенсия жана пособие, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондго дотацияларды) азайтпастан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин классификациясына тиешелүү чыгымдардын негизги топтору, топтору жана кичине топтору боюнча жалпы чыгымдардын чегинде, ошондой эле тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген министрлик, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомство, мамлекеттик комиссия жана башка борбордук аткаруу бийлик органы боюнча жалпы каражаттардын чегинде чыгымдардын статьяларынын ортосунда каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, башка борбордук аткаруу бийлик органдары жана кредиттин башка тескөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча өздөрүнө караштуу бюджеттик мекемелер менен уюмдардын сметасындагы чыгымдардын статьялары боюнча (корголгон статьяларга чыгымды азайтпастан) тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жалпы каражаттардын чегинде бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды тактоого укуктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда белгиленген эрежелерди ишке ашыруу жана ушундай эрежелерден ар кандай чыгарып салууларды аныктоо үчүн толук нускама чыгарууга укуктуу. Белгиленген тартипте бекитилген республикалык жана [айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] бюджеттердин көрсөткүчтөрүн кирешелердин негизги бөлүмдөрү, главалары, кичине главалары боюнча, чыгымдардын негизги топтору, топтору жана кичине топтору боюнча, чыгымдардын корголгон статьялары боюнча, ошондой эле бюджеттин тартыштыгынын (профицитинин) өлчөмү боюнча өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана жергиликтүү кеңештер тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүйөлүү жана негиздүү сунуштарынын негизинде өзгөчө жагдайларда гана киргизилиши мүмкүн. Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор үстүдөгү жылдын бюджеттик көрсөткүчтөрүнө, кийинки болжол кылынуучу жылдардын бюджетинин параметрлерин өзгөртпөстөн киргизилет. Финансы министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы жана ички карыз алынуучу каражаттарды тартуу, кредиттерди жана гарантияларды берүү боюнча бирдей бир агенти катары чыгат. | 15-статья. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик ыйгарым укуктары Бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлгөн бюджеттин чыгымдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештер бекиткен бюджеттерде каралган өлчөмдүн чегинен ашпоого тийиш. Бекитилген бюджеттин көрсөткүчтөрүн кирешелер жана чыгымдар боюнча жалпысынан, ошондой эле кирешелердин бөлүмдөрү, главалары, кичине главалары жана чыгымдардын негизги топтору, топтору, кичине топтору боюнча өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана АЙЫЛДЫК, ШААРДЫК ЖАНА РАЙОНДУК кеңештер тарабынан кошумча чыгымдарды жабуунун жана түшүүчү кирешелердин конкреттүү, негиздүү булактары болгондо гана кабыл алынышы мүмкүн. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга, башка борбордук аткаруу бийлик органдарына, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга жана чарба субъекттерине республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда берүү чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен тийиштүү жылдын бюджетинде көрсөтүлгөн максаттар үчүн каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Ишканаларга, уюмдарга жана башка чарба субъекттерине республикалык бюджеттен берилүүчү ссудалар жана кредиттер алар мурда берилген кредиттерди жабууга зарыл пайыздарды жана суммаларды төлөп берем деген милдеттенмелерин аткарса гана берилет. Финансы министрлиги мамлекеттик ишканаларда жана акциялары мамлекеттик үлүштөгү, бюджеттик ссудаларды кайтаруу боюнча мөөнөтү өткөн карыздары бар акционердик коомдордо тышкы башкаруу киргизүүгө укуктуу. Жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүү чечимдери аларда бюджетти аткаруу процессинде биринчи кезектеги чыгымдарды каржылоодо кыйынчылыктар болсо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кабыл алынат. Эгерде республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар бюджеттик жылдын аягына чейин жоюлбаган учурда, жоюлбаган ссуда жергиликтүү бюджеттерге чегерилүүчү жалпы мамлекеттик кирешелердин чегерүүлөрүнүн эсебинен республикалык бюджетке өндүрүлүп алынат. Жергиликтүү бюджеттерден ссудаларды берүү тийиштүү келишим жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге, бирдей деңгээлдеги бюджеттерге жергиликтүү бюджеттен ссуда берүү жөнүндөгү чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары кабыл алат жана жергиликтүү бюджетте көрсөтүлгөн максаттарга каралган каражаттардын чектеринде АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештер тарабынан бекитилет. Жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле чарбакер субъекттердин республикалык бюджеттен берилген ссудалар боюнча береселерин кечүү жөнүндө чечимдерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат, ал эми жергиликтүү бюджеттерден берилген ссудалар боюнча береселерин кечүү жөнүндө чечимдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары айылдык жана шаардык кеңештер менен макулдашуу боюнча кабыл алышат. Республикалык бюджеттен берилген ссудалар боюнча береселерди төлөөнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ал эми жергиликтүү бюджеттерден берилген ссудаларды төлөөнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештер менен макулдашуу боюнча кабыл алышат. Юридикалык жак банкроттукка байланыштуу жоюлган учурда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте кредитордун талаптары аткарылат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджетти аткаруу процессинде чыгымдардын корголгон статьяларын (эмгек акыны, акчалай акы төлөөнү, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондго чегеримдерди, дары-дармек жана таңуучу каражаттарды, тамак-аш, стипендия, пенсия жана пособие, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондго дотацияларды) азайтпастан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин классификациясына тиешелүү чыгымдардын негизги топтору, топтору жана кичине топтору боюнча жалпы чыгымдардын чегинде, ошондой эле тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген министрлик, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомство, мамлекеттик комиссия жана башка борбордук аткаруу бийлик органы боюнча жалпы каражаттардын чегинде чыгымдардын статьяларынын ортосунда каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, башка борбордук аткаруу бийлик органдары жана кредиттин башка тескөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча өздөрүнө караштуу бюджеттик мекемелер менен уюмдардын сметасындагы чыгымдардын статьялары боюнча (корголгон статьяларга чыгымды азайтпастан) тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жалпы каражаттардын чегинде бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды тактоого укуктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда белгиленген эрежелерди ишке ашыруу жана ушундай эрежелерден ар кандай чыгарып салууларды аныктоо үчүн толук нускама чыгарууга укуктуу. Белгиленген тартипте бекитилген республикалык жана АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК бюджеттердин көрсөткүчтөрүн кирешелердин негизги бөлүмдөрү, главалары, кичине главалары боюнча, чыгымдардын негизги топтору, топтору жана кичине топтору боюнча, чыгымдардын корголгон статьялары боюнча, ошондой эле бюджеттин тартыштыгынын (профицитинин) өлчөмү боюнча өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана жергиликтүү кеңештер тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүйөлүү жана негиздүү сунуштарынын негизинде өзгөчө жагдайларда гана киргизилиши мүмкүн. Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор үстүдөгү жылдын бюджеттик көрсөткүчтөрүнө, кийинки болжол кылынуучу жылдардын бюджетинин параметрлерин өзгөртпөстөн киргизилет. Финансы министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы жана ички карыз алынуучу каражаттарды тартуу, кредиттерди жана гарантияларды берүү боюнча бирдей бир агенти катары чыгат. |
| 17-статья. Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткарууда кошумча алынган, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген чегерүүлөрдүн ченемдиктери боюнча бөлүштүрүлүүчү кирешелер, ошондой эле жыл аягында кирешени ашык аткаруудан же чыгымды үнөмдөөнүн натыйжасында түзүлгөн кирешенин чыгымдан ашкан суммасы тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында калат, алып коюлбайт жана Өкмөттүн жана [айылдык, шаарча, шаардык жана райондук кеңештердин] кароосу боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын тийиштүүлүгүнө жараша финансылоого пайдаланылат. Ушул Мыйзамдын 31-статьясында көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик салык же киреше боюнча (мурдагы жылдагы салык калдыгын төлөө боюнча планды эске алуу менен) пландуу көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылган учурда ошол жалпы мамлекеттик салык же киреше боюнча пландуу көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылган суммасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши белгилеген ченемдер боюнча ашык аткарылган суммада жергиликтүү бюджетке чегерилет. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча отчеттук финансы жылынын акырында топтолгон каражаттын эркин калдыгы (кассалык накталай акчаны жүгүртүүнү алып таштагандан кийин ушул Мыйзамдын 23-статьясына ылайык түзүлгөн кирешенин чыгымдан ашышы) республикалык бюджетти аткаруу процессинде Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик карызын толугу менен (же жарым-жартылай) жабууга жумшалышы мүмкүн. | 17-статья. Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткарууда кошумча алынган, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген чегерүүлөрдүн ченемдиктери боюнча бөлүштүрүлүүчү кирешелер, ошондой эле жыл аягында кирешени ашык аткаруудан же чыгымды үнөмдөөнүн натыйжасында түзүлгөн кирешенин чыгымдан ашкан суммасы тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында калат, алып коюлбайт жана Өкмөттүн жана АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК КЕҢЕШТЕРДИН кароосу боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын тийиштүүлүгүнө жараша финансылоого пайдаланылат. Ушул Мыйзамдын 31-статьясында көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик салык же киреше боюнча (мурдагы жылдагы салык калдыгын төлөө боюнча планды эске алуу менен) пландуу көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылган учурда ошол жалпы мамлекеттик салык же киреше боюнча пландуу көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылган суммасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши белгилеген ченемдер боюнча ашык аткарылган суммада жергиликтүү бюджетке чегерилет. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча отчеттук финансы жылынын акырында топтолгон каражаттын эркин калдыгы (кассалык накталай акчаны жүгүртүүнү алып таштагандан кийин ушул Мыйзамдын 23-статьясына ылайык түзүлгөн кирешенин чыгымдан ашышы) республикалык бюджетти аткаруу процессинде Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик карызын толугу менен (же жарым-жартылай) жабууга жумшалышы мүмкүн. |
| 18-статья. Бюджетти бекитүүгө чейин жумшалган чыгымдар Эгер бюджеттин долбоору үстүдөгү жылдын аягына чейин бекитилбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал бекитилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органдары - [айылдык, поселкалык жана шаардык кеңештердин] кароосуна киргизген бюджет долбоорунда каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чегинде ай сайын сарптоо жүргүзүүгө укуктуу | 18-статья. Бюджетти бекитүүгө чейин жумшалган чыгымдар Эгер бюджеттин долбоору үстүдөгү жылдын аягына чейин бекитилбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал бекитилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органдары - АЙЫЛДЫК, ЖАНА ШААРДЫК кеңештердин кароосуна киргизген бюджет долбоорунда каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чегинде ай сайын сарптоо жүргүзүүгө укуктуу. |
| 19-статья. Бюджеттин кирешелери Бюджеттин кирешелери негизинен тике жана кыйыр салыктардан салыктык эмес жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана мыйзамдарында белгиленген башка кирешелердин эсебинен түзүлөт. Бюджетке түшкөн кирешелер республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана жергиликтүү бюджет жөнүндө [айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештердин ченемдик укуктук актыларына ылайык бюджеттин чыгымдарын каржылоо үчүн колдонулат. Салык эмес кирешелер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жыйымдар, төлөмдөр жана башка салык эмес кирешелер түрүндө Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшкөн акча каражаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызмат көрсөтүүдөн жана иш аткаруудан түшкөн акча каражаттары. Бюджеттин финансылык тартыштыгын каржылоонун ички жана тышкы булактары бюджеттин киреше бөлүгүндө көрсөтүлбөйт. | 19-статья. Бюджеттин кирешелери Бюджеттин кирешелери негизинен тике жана кыйыр салыктардан салыктык эмес жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана мыйзамдарында белгиленген башка кирешелердин эсебинен түзүлөт. Бюджетке түшкөн кирешелер республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана жергиликтүү бюджет жөнүндө АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештердин ченемдик укуктук актыларына ылайык бюджеттин чыгымдарын каржылаш үчүн колдонулат. Салык эмес кирешелер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жыйымдар, төлөмдөр жана башка салык эмес кирешелер түрүндө Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшкөн акча каражаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызмат көрсөтүүдөн жана иш аткаруудан түшкөн акча каражаттары. Бюджеттин финансылык тартыштыгын каржылоонун ички жана тышкы булактары бюджеттин киреше бөлүгүндө көрсөтүлбөйт. |
| 20-статья. Бюджеттин чыгымдары Тийиштүү жылдын бюджетинде ошол жылы аткаруу белгиленген иш-чараларга чыгымдар каралат. Пландаштырылган жылы кийинки жылдары да кыйла өлчөмдөгү бюджеттик каражаттарды сарптоону талап кылган иш-чараларды өткөрүүдө министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга жана башка борбордук аткаруу бийлик органдарына аталган каражаттарды мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде бөлүү каралат. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу функцияларын жана милдеттерин аткаруудан келип чыккан чыгымдар гана кабыл алынат. Ушул максатта чыгымдардын зарылчылыгына баа берилип, долбоорлордун бар экендиги жана чыгымдардын сметасына эсептердин негиздүүлүгү текшерилет. Бюджеттердин сарптоо бөлүгү өзгөчө учурларда мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин жана милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн юридикалык жактарга субсидияларды камтышы мүмкүн. Өнүгүү боюнча программаны кабыл алуу үчүн салыктардын экономикалык майнаптуулугун изилдөөлөр жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда салым жумшоонун максатка ылайыктуулугун ырастоочу көз каранды эмес эксперттердин корутундусу пайдаланылат. Бюджеттин чыгым бөлүгүнө иштеп жаткан жана жаңы ачылган ишканалар үчүн капиталдык салымдарына бөлүнгөн акча каражаттары киргизилет. Республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги, ал эми жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Орточо мөөнөттүү бюджеттин жана пландаштырылган тийиштүү жылга бюджеттин көрсөткүчтөрүнө киргизилген капиталдык салымдардын көлөмдөрү түздөн-түз ишканалар менен уюмдарга кредит же грант түрүндө берилген каражаттардан куралчу капиталдык салымдардын көлөмүн кошо алганда каржылоонун бардык булактарынын (ички жана тышкы) эсебинен каржылануучу капиталдык салымдардын көлөмдөрүн, ошондой эле тышкы булактардан каржылануучу бардык инвестициялык долбоорлор боюнча капиталдык салымдардын көлөмүн кошууга тийиш. Өнөр жай-өндүрүштүк багыттагы объектилердин курулушуна бөлүнгөн каражат кайтарып берүү мүнөзүнө ээ жана пайыздарды төлөө менен берилет. Бюджеттин чыгым бөлүгүнө министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, | 20-статья. Бюджеттин чыгымдары Тийиштүү жылдын бюджетинде ошол жылы аткаруу белгиленген иш-чараларга чыгымдар каралат. Пландаштырылган жылы кийинки жылдары да кыйла өлчөмдөгү бюджеттик каражаттарды сарптоону талап кылган иш-чараларды өткөрүүдө министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга жана башка борбордук аткаруу бийлик органдарына аталган каражаттарды мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде бөлүү каралат. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу функцияларын жана милдеттерин аткаруудан келип чыккан чыгымдар гана кабыл алынат. Ушул максатта чыгымдардын зарылчылыгына баа берилип, долбоорлордун бар экендиги жана чыгымдардын сметасына эсептердин негиздүүлүгү текшерилет. Бюджеттердин сарптоо бөлүгү өзгөчө учурларда мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин жана милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн юридикалык жактарга субсидияларды камтышы мүмкүн. Өнүгүү боюнча программаны кабыл алуу үчүн салыктардын экономикалык майнаптуулугун изилдөөлөр жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда салым жумшоонун максатка ылайыктуулугун ырастоочу көз каранды эмес эксперттердин корутундусу пайдаланылат. Бюджеттин чыгым бөлүгүнө иштеп жаткан жана жаңы ачылган ишканалар үчүн капиталдык салымдарына бөлүнгөн акча каражаттары киргизилет. Республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги, ал эми жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Орточо мөөнөттүү бюджеттин жана пландаштырылган тийиштүү жылга бюджеттин көрсөткүчтөрүнө киргизилген капиталдык салымдардын көлөмдөрү түздөн-түз ишканалар менен уюмдарга кредит же грант түрүндө берилген каражаттардан куралчу капиталдык салымдардын көлөмүн кошо алганда каржылоонун бардык булактарынын (ички жана тышкы) эсебинен каржылануучу капиталдык салымдардын көлөмдөрүн, ошондой эле тышкы булактардан каржылануучу бардык инвестициялык долбоорлор боюнча капиталдык салымдардын көлөмүн кошууга тийиш. |
| 2) муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер; 3) жер салыгы; 4) мүлккө салык; 5) атайын каражаттарга салык; 6) Айыл-чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу укугу үчүн алынуучу жерге ижара акысы; 7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке алынуучу мамлекеттик алым; 8) айылдык, поселкалык жана шаардык кеңештер бекиткен реестрге ылайык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иштер үчүн муниципалдык мекемелердин кирешелери; 9) администрациялык айыптар жана башка санкциялар; 10) трансферттер, ыктыярдуу төлөмдөр; 11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес, жана башка кирешелер. 2. Райондордун жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт: 1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр; 2) атайын каражаттарга салык; 3) райондун мүлкүн башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер; 4) райондук кеңеш бекиткен реестрге ылайык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иштер үчүн райондук мекемелердин кирешелери; 5) администрациялык айыптар жана башка санкциялар; 6) трансферттер жана ыктыярдуу төлөмдөр; 7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес жана башка кирешелер. | 2) муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер; 3) жер салыгы; 4) мүлккө салык; 5) атайын каражаттарга салык; 6) Айыл-чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу укугу үчүн алынуучу жерге ижара акысы; 7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке алынуучу мамлекеттик алым; 8) айылдык, поселкалык жана шаардык кеңештер бекиткен реестрге ылайык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иштер үчүн муниципалдык мекемелердин кирешелери; 9) администрациялык айыптар жана башка санкциялар; 10) трансферттер, ыктыярдуу төлөмдөр; 11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес, жана башка кирешелер. 2. Райондордун жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт: 1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр; 2) атайын каражаттарга салык; 3) райондун мүлкүн башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер; 4) райондук кеңеш бекиткен реестрге ылайык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иштер үчүн райондук мекемелердин кирешелери; 5) администрациялык айыптар жана башка санкциялар; 6) трансферттер жана ыктыярдуу төлөмдөр; 7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес жана башка кирешелер. |
| 46-статья. Жергиликтүү бюджет Жергиликтүү бюджет - [айылдын, шаарчанын, шаардын] жана райондун коомдоштугунун жергиликтүү бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү жана аткарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат. Жергиликтүү бюджеттерди бекитүү жана аткаруу жергиликтүү бюджеттерди теңдештирүү принцибинде ишке ашырылат, анда каралган чыгымдардын көлөмү бюджеттин кирешелеринин суммардык көлөмүнө ылайык келүүгө тийиш. Бюджеттик жыл ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз бюджетинин балансын камсыз кылууга тийиш. | 46-статья. Жергиликтүү бюджет Жергиликтүү бюджет - АЙЫЛДЫН, ШААРДЫН жана райондун коомдоштугунун жергиликтүү бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү жана аткарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат. Жергиликтүү бюджеттерди бекитүү жана аткаруу жергиликтүү бюджеттерди теңдештирүү принцибинде ишке ашырылат, анда каралган чыгымдардын көлөмү бюджеттин кирешелеринин суммардык көлөмүнө ылайык келүүгө тийиш. Бюджеттик жыл ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз бюджетинин балансын камсыз кылууга тийиш. |
| 47-статья. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн жана бюджеттик маалыматтарды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тийиштүү аймактык бөлүмдөр аркылуу үстүдөгү жылдын 30-майына чейин айыл өкмөтүнүн, [поселоктордун], шаар башкармаларынын жана шаарлардын мэрияларынын финансылык органдарына бюджетти, календарлык планды түзүү, жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн болжолдонгон ченемдерин жана жергиликтүү бюджеттер бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын болжолдонгон өлчөмдөрү боюнча нускамаларды таратат. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун өзүлөрүнүн финансы органдары аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органдары түзөт. Жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органы айылдык, шаарча, шаардык жана райондук кеңештер менен макулдашат. Макулдашылган жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, ал эми райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлар - түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине үстүдөгү жылдын 1-июлуна чейин берилет. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнүн долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине үстүбүздөгү жылдын 1-августуна чейин берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бергенден кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жалпы мамлекеттик салыктарды чегерүүлөрдүн ченемдерин жана жергиликтүү бюджетте бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын такталган өлчөмдөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органдарына берет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органдары жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн такталган ченемдерин жана жергиликтүү бюджетте бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын өлчөмдөрүн алгандан кийин жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоорун тактайт жана бекитүү үчүн аны [айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңешке сунуш кылат. | 47-статья. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн жана бюджеттик маалыматтарды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тийиштүү аймактык бөлүмдөр аркылуу үстүдөгү жылдын 30-майына чейин айыл өкмөтүнүн, шаар башкармаларынын жана шаарлардын мэрияларынын финансылык органдарына бюджетти, календарлык планды түзүү, жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн болжолдонгон ченемдерин жана жергиликтүү бюджеттер бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын болжолдонгон өлчөмдөрү боюнча нускамаларды таратат. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун өзүлөрүнүн финансы органдары аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органдары түзөт. Жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органы айылдык, шаарча, шаардык жана райондук кеңештер менен макулдашат. Макулдашылган жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, ал эми райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлар - түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине үстүдөгү жылдын 1-июлуна чейин берилет. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнүн долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине үстүбүздөгү жылдын 1-августуна чейин берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бергенден кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жалпы мамлекеттик салыктарды чегерүүлөрдүн ченемдерин жана жергиликтүү бюджетте бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын такталган өлчөмдөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органдарына берет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органдары жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн такталган ченемдерин жана жергиликтүү бюджетте бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын өлчөмдөрүн алгандан кийин жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоорун тактайт жана бекитүү үчүн аны АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңешке сунуш кылат. |
| 48-статья. Жергиликтүү бюджеттердин каралышы [Айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештердин бюджеттик комиссиясы башкармалыктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринин баяндамаларын алдын ала угат, бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын өзгөрүүлөрүнө тиешелүү сунуштарды карайт, бюджеттин долбоору боюнча [айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештердин корутундуларын түзөт жана сунуш кылат. [Айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органдарынын жана бюджеттик комиссияларынын баяндамаларын угат жана кезектеги бюджеттик жыл жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун карайт. | 48-статья. Жергиликтүү бюджеттердин каралышы АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештердин бюджеттик комиссиясы башкармалыктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринин баяндамаларын алдын ала угат, бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын өзгөрүүлөрүнө тиешелүү сунуштарды карайт, бюджеттин долбоору боюнча АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештердин корутундуларын түзөт жана сунуш кылат. АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органдарынын жана бюджеттик комиссияларынын баяндамаларын угат жана кезектеги бюджеттик жыл жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун карайт. |
| 49-статья. Жергиликтүү бюджеттерди бекитүү [Айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештер: жергиликтүү бюджеттерди кирешелердин жалпы суммасында жана учурдагы чыгымдарда бюджетти бөлүүнүн чыгымдарынын жалпы суммасы жана бюджетти өнүктүрүүнүн, ошондой эле зарылчылык болгондо кирешелердин чыгашалардан ашып кеткен өлчөмдөрүн; бюджеттик квалификацияга ылайык жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин булактарын жана чыгымдардын багытын; жергиликтүү бюджет боюнча жылдын аягындагы кассалык акчаны жүгүртүүнүн өлчөмүн бекитет. | 49-статья. Жергиликтүү бюджеттерди бекитүү АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештер: жергиликтүү бюджеттерди кирешелердин жалпы суммасында жана учурдагы чыгымдарда бюджетти бөлүүнүн чыгымдарынын жалпы суммасы жана бюджетти өнүктүрүүнүн, ошондой эле зарылчылык болгондо кирешелердин чыгашалардан ашып кеткен өлчөмдөрүн; бюджеттик квалификацияга ылайык жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин булактарын жана чыгымдардын багытын; жергиликтүү бюджет боюнча жылдын аягындагы кассалык акчаны жүгүртүүнүн өлчөмүн бекитет. |
| 51-статья. Жергиликтүү бюджеттерди аткаруу Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы бекитилген бюджеттердин негизинде түзүлгөн, кол коюлган кирешелерге жана чыгашаларга ылайык казыналыктын регионалдык бөлүмдөрү жана салык кызматынын органдары аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органы тарабынан жүзөгө ашырылат. | 51-статья. Жергиликтүү бюджеттерди аткаруу Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы бекитилген бюджеттердин негизинде түзүлгөн, кол коюлган кирешелерге жана чыгашаларга ылайык казыналыктын регионалдык бөлүмдөрү жана салык кызматынын органдары аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органы тарабынан жүзөгө ашырылат. |
| 52-статья. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүү жана бекитүү Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндөгү отчетту, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү [аткаруучу-тескөөчү] органы жылына бир жолу түзөт. [Айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештердин бюджеттик комиссиялары бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчетту карашат, корутунду түзөт жана аны тийиштүү кеңешке берет. [Айылдык, шаарча, шаардык жана райондук] кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органдарынын жана бюджеттик комиссиялардын баяндамаларын угат, бюджеттик комиссиянын корутундусун карайт жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндөгү отчетторду бекитет. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндөгү отчеттор кийинки отчеттук жылдын 1-мартынан кеч эмес мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет. | 52-статья. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүү жана бекитүү Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндөгү отчетту, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү АТКАРУУЧУ органы жылына бир жолу түзөт. АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештердин бюджеттик комиссиялары бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчетту карашат, корутунду түзөт жана аны тийиштүү кеңешке берет. АЙЫЛДЫК ЖАНА ШААРДЫК кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органдарынын жана бюджеттик комиссиялардын баяндамаларын угат, бюджеттик комиссиянын корутундусун карайт жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндөгү отчетторду бекитет. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндөгү отчеттор кийинки отчеттук жылдын 1-мартынан кеч эмес мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1796-V "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 06.04.2012 · № 1796-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 9-февралындагы № 1598-V "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 09.02.2012 · № 1598-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 24-майындагы № 1935-V "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 24.05.2012 · № 1935-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон