# КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы №659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы №659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 659
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16678/edition/741229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы №659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (09.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95298

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 21-октябры №659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо:

- төмөнкү мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:

"14-1. Министрликке караштуу 11 адамдан аз эмес курамдагы коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт. Коомдук байкоочу кеңештин курамына жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, байланыш жана маалымат, жол-транспорт комплекси тармагындагы эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Коомдук байкоочу кеңеш министрликтердин жана жарандык коомдун макулдашылган өз ара аракеттенүүсү максатында түзүлгөн кеңешчи-байкоочу орган болуп саналат. Коомдук байкоочу кеңештин чечими сунуштук мүнөзгө ээ болот".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
