# КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы №658 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Экономиканы калыбына келтирүүгө колдоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы №658 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Экономиканы калыбына келтирүүгө колдоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 658
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16677/edition/446022/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы №658 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Экономиканы калыбына келтирүүгө колдоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (21.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95297

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 21-октябры №658 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Экономиканы калыбына келтирүүгө колдоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Экономиканы калыбына келтирүүгө колдоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Экономиканы калыбына келтирүүгө колдоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Экономиканы калыбына келтирүүгө колдоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
