# КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №585 "Кыргыз Республикасында катталган Ан-24 аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууну аткарууга тыюу салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №585 "Кыргыз Республикасында катталган Ан-24 аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууну аткарууга тыюу салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 585
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16670/edition/390131/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №585 "Кыргыз Республикасында катталган Ан-24 аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууну аткарууга тыюу салуу жөнүндө" токтому (23.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95290

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-сентябры №585 Кыргыз Республикасында катталган Ан-24 аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууну аткарууга тыюу салуу жөнүндө Аба кодексинин 33-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында катталган жарандык авиациянын аба кемелеринин учууларын сертификаттоону, лицензиялоону жана коопсуздугун камсыз кылууну көзөмөлдөөнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин 6-бөлүгүнө (КРАЭ - 6. Аба кемелерин пайдалануу) ылайык учуулардын коопсуздугунун деңгээлин көтөрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин реестринде катталган Ан-24 аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууларды аткарууга, Бишкек-Исфана-Бишкек, Бишкек-Баткен-Бишкек жана Бишкек - Жалал-Абад - Бишкек маршруттарын кошпогондо, 2011-жылдын 1-октябрынан баштап, ал эми 2012-жылдын 1-январынан баштап бардык аба линияларында тыюу салынсын.

2. Кыргыз Республикасында катталган авиакомпанияларга жергиликтүү аба линиялары боюнча рейстерди толук көлөмдө аткарууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү сунуш кылынсын.

3. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна жана "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына максималдуу учуу массасы 50 тоннага чейин болгон абдан заманбап жана оор аба кемелерин кабыл алуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун техникалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунуш кылынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

А.Атамбаев
