# КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 576
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/95281/edition/443189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95281

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-сентябры №576 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы №350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган документ менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин (базалык) тизмесинде:

- "Документтердин тизмеси" деген графанын 1-пунктундагы "Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, Нике түзүү тууралуу күбөлүк, Нике бузуу жөнүндө күбөлүк, Өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк, Аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүк, Бала асырап алуу тууралуу күбөлүк, Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүк" деген сөздөр алып салынсын;

- "Документтердин тизмеси" деген графанын 2-пунктундагы "Транспорттук каражатты каттоо тууралуу күбөлүк, Транспорт каражаттарынын айдоочусунун күбөлүгү, Чет өлкөлүк жарандын жашоого убактылуу уруксаты, Чет өлкөлүк жарандын жашоого туруктуу уруксаты, Жарандыгы жок адамдын жашоого убактылуу уруксаты, Жарандыгы жок адамдын жашоого туруктуу уруксаты, Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү, Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү" деген сөздөр алып салынсын;

- 21-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

| 23 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Туулгандыгы тууралуу күбөлүк Нике түзүү тууралуу күбөлүк Нике бузуу тууралуу күбөлүк Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк Аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүк Бала асырап алуу тууралуу күбөлүк Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүк Транспорттук каражатты каттоо тууралуу күбөлүк Айдоочунун Өздүк карточкасы Айдоочунун окугандыгы тууралуу күбөлүгү Чет өлкөлүк жарандын жашоого убактылуу уруксаты Чет өлкөлүк жарандын жашоого туруктуу уруксаты Жарандыгы жок адамдын жашоого убактылуу уруксаты Жарандыгы жок адамдын жашоого туруктуу уруксаты Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү Жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу тууралуу мамлекеттик акт Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт Жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк Жер участогуна менчик укугу тууралуу күбөлүк Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту |
| --- | --- | --- |

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

| Премьер-министри | А.Атамбаев |
