# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №575 "«Кыргыз Республикасында тышкы соодалык ишти мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №575 "«Кыргыз Республикасында тышкы соодалык ишти мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 575
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16661/edition/1157646/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №575 "«Кыргыз Республикасында тышкы соодалык ишти мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (23.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95280

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-сентябры № 575 «Кыргыз Республикасында тышкы соодалык ишти мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасында тышкы соодалык ишти мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министри

А. Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

МЫЙЗАМЫ

«Кыргыз Республикасында тышкы соодалык ишти мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене. «Кыргыз Республикасында тышкы соодалык ишти мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 8, 376-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 16-берененин 2-бөлүгүндө «10» деген цифра «15» деген цифрага алмаштырылсын. 2-берене. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Президенти
