# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №573 "Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №573 "Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 573
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16659/edition/522988/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №573 "Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95278

---

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-сентябры № 573 Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү, автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун айрым сериялардагы номердик белгилерин жана символдордун айкашуусун берүүнү тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү боюнча сынамык (эксперименттик) долбоорду (мындан ары - сынамык долбоор) ишке ашыруу жактырылсын.

2. Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- сынамык долбоор Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт;

- сынамык долбоор эки жылга эсептелген.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

- бул токтом күчүнө кирген күндөн 12 ай өткөндөн кийин сынамык долбоордун таасирине анализ жүргүзсүн жана жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдасын.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
