# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-сентябрындагы №568 "«Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу» долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 4-августунда Бишкек шаарында кол коюлган каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-сентябрындагы №568 "«Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу» долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 4-августунда Бишкек шаарында кол коюлган каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 568
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16654/edition/409904/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-сентябрындагы №568 "«Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу» долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 4-августунда Бишкек шаарында кол коюлган каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (22.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95273

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-сентябры № 568 «Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу» долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 4-августунда Бишкек шаарында кол коюлган каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу» долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 4-августунда Бишкек шаарында кол коюлган каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр

А. Атамбаев

Долбоор Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

«Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу» долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 4-августунда Бишкек шаарында кол коюлган каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене. «Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу» долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 4-августунда Бишкек шаарында кол коюлган каржылоо тууралуу макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин. 3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
