Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-09-21.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 21-сентябры № 565 Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 71 Мыйзамы менен ратификацияланган, Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан займ алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоонун долбоорун ишке ашыруу үчүн займ-жеңилдетилген кредит келишимин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын мамлекеттик администрациялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомуна төмөнкү объекттерди куруу үчүн жер участокторун кайтарымсыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга белгиленген тартипте беришсин:
Жалал-Абад облусу боюнча:
- ПС 500 кВ «Датка»;
- ВЛ 220 кВ «Кристалл-Датка»;
- ВЛ 220 кВ «Датка-Узловая»;
- ВЛ 220 кВ «Датка-Октябрь»;
- ВЛ 220 кВ «Күрпсай ГЭС - Октябрды» ПС 500 кВ «Даткага» кайра кошуу;
- ВЛ 500 кВ «Токтогул-Лочинди» ПС 500 кВ «Даткага» кайра кошуу;
- ПС 220 кВ «Октябрды» жана «Кристаллды» реконструкциялоо; Ош облусу боюнча:
- ВЛ 220 кВ «Датка-Узловая»;
- ВЛ 220 кВны ВЛ 220 кВ «Узловая-Лочинден» баштап ПС 220 кВ «Алайга» чейин;
Баткен облусу боюнча:
- ВЛ 220 кВны ВЛ 220 кВ «Узловая-Лочинден» баштап ПС 220 кВ «Алайга» чейин;
- ПС 220 кВ «Алайды» реконструкциялоо.
2. Ош шаарынын мэриясына «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомуна ПС 220 кВ «Узловаяны» реконструкциялоо жана ВЛ 220 кВны «Узловая» подстанциясынан куруу үчүн жер участокторун кайтарымсыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга белгиленген тартипте берүү сунуш кылынсын.
3. Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын мамлекеттик администрациясы жана Ош шаарынын мэриясы:
- жогоруда аталган объекттер үчүн жер участокторун берүүгө жер жайгаштыруу материалдарын белгиленген тартипте тариздешсин;
- Кыргыз Республикасынын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо долбоору боюнча «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомуна берилүүчү жер участокторуна жеке жана юридикалык жактардын жер участоктору туура келип калса, аларды алуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер-каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жүргүзүлөөрү белгиленсин;
- Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо боюнча долбоорду ишке ашырууда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомуна (заказ берүүчүгө) жана Кытай Эл Республикасынын «Tebian Elecrtic Appartus StockCo Ltd» компаниясына (мындан ары - ТВЕА) (подрядчикке) көмөк көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине жогоруда аталган объекттерди параллел долбоорлоого жана курууга уруксат берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги Кытай Эл Республикасынан адистерди жана жумушчуларды «ТВЕА» подрядчик-компаниясына тартуу үчүн «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомуна 2011-2013-жылдарга квота бөлүп берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо боюнча долбоор үчүн тартылуучу Кытай Эл Республикасынан келүүчү адистер жана жумушчуларга Кыргыз Республикасына кирүү визаларын белгиленген тартипте тариздөөнү камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте даярдасын, мында аталган Мыйзамдын «Өнүктүрүү бюджети» аттуу 3-тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карасын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо боюнча долбоордун алкагында жабдууларды жана материалдарды бажылык тариздөөнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биринчи кезекте жүргүзсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо боюнча долбоорду ишке ашырууну белгиленген мөөнөттө камсыз кылсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- Көк-Жар айылдык кеңешинин 2012-жылдын 18-январындагы №22-2 ""Кыргызстандын түштүгүндө электр линияларын жаңылоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 18.01.2012 · № №22-2
- Он Эки Бел айылдык кеңешинин 2012-жылдын 08-февралындагы № 16-4 "Он Эки Бел айыл округунун 2012-жылдын 6-февралындагы № 25 токтомун бекитип - берүү тууралуу." токтомуПостановление · 08.02.2012 · № №16-4
- Найман поселкалык кеңешинин 2012-жылдын 07-февралындагы №XVII-1 "Найман поселкалык Округунда Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын жаңылоо долбоорун ишке ашырууда…Постановление · 07.02.2012 · № №XVII-1
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 20-июнундагы № 1 "Кыргыз Республикасыныи өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы «Кыргыз стандыи түштүгүндө электр берүү линияларын…Постановление · 20.06.2013 · № 1
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 19.05.2011 · № 28
- Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз…Закон · 02.07.2011 · № 71
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
- Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2012-жылдын 09- февралындагы №35-1 Кыргыз Республикасынын «Түштүк электр линияларын жаңылоо» долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү Кыргыз…Постановление · 09.02.2012 · № XXXV-1