# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы №559 "Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы №559 "Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 559
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16647/edition/389481/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы №559 "Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому (19.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95265

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 19-сентябры №559 Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасы бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 10-ноябрындагы № 823 "Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо боюнча нускоочу усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-февралындагы № 107 "Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо боюнча нускоочу усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 10-ноябрындагы № 823 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо маселелерин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев
