Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-09-16.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры №557 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын структурасын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин сунуштоосу боюнча бекитет. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын Кыргыз Республикасынын ички иштер министри башкарат, ал кызматка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалат жана бошотулат. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри өзүнүн иши үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жеке жоопкерчиликтүү болот.".
2. 7-берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндөгү "Президенти" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 7-2-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. ички иштер органдарынын окуу жайларында окутуучулук кызматта иштегендер 65 жашка чейин кызматта болууга укуктуу. Аларды ички иштер органдарынан кызматтан бошотуу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарына ылайык жалпы негизде ишке ашырылат;"; 4-бөлүгүндөгү "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) катардагы жана жетекчи курамдагы атайын наамы бар аялдар запаска жаш курагы боюнча 45 жаштан бошонууга укуктуу.".
4. 8-берененин 12-пунктундагы "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр "улуттук коопсуздук органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-беренеде:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) эгерде токтоосуз түрдө изоляциялоо зарыл болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кармоого жана он сегиз жашка толбогон жана укуктук тартипти бузган жашы жете элек адамдарды адаптациялоо жана реабилитациялоо борборлорунда кармоого, ошондой эле атайын окутуучу-тарбиялоочу мекемелерге жиберүүгө;";
- 14-пункттагы "прокурорго" деген сөз "сотко" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 29-пункт менен толукталсын:
"29) жашаган жери белгисиз жана документтери жок адамдарды ким экенин аныктоо же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды көрүү максатында кармоого жана кабыл алып-бөлүштүрүүчү жайга жеткирүүгө жана андан кийин тийиштүү органдарга жана мекемелерге өткөрүп берүүгө.".
6. 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш убактысы жана эмгек акысы
Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн иш убакыттын жалпы узактыгы аптасына кырк сааттан ашык эмес белгиленет. Зарыл болсо кызматкерлер кызматтык милдетти аткарууга белгиленген убакыттан сырткары, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрү да чакыртылышы мүмкүн. Түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрдө иштегени үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш убакыттан ашык иштегени үчүн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте компенсация берилет. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
7. 25-берененин 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлиги" деген сөздөр "байланыш тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"КРнын ички иштер органдары жөнүндө КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КРнын Мыйзам долбооруна карата НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
КРнын жаңы Конституциясы кабыл алынгандыгына байланыштуу КРнын бардык нормативдик-укуктук актылары ага ылайык келтирилет. Ушуга байланыштуу ИИМде "КРнын ички иштер органдары жөнүндө" КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КРнын Мыйзам долбоору иштелип чыкты, анда КРнын ИИМи жөнүндө Жоболорду бекитүү бөлүгүндө министрди дайындоого жана иш-аракеттери үчүн Жогорку Кеңештин жана КРнын Өкмөтүнүн алдында анын жоопкерчилигине, юридикалык жана физикалык жактардын объектилерин, мүлкүн күзөтүү, ошону менен бирге ведомстволук күзөттүн иш-аракеттерин уюштурууга контролдук кылууга өзгөртүүлөр киргизилет жана жашы толо элек жана укук бузган өспүрүмдөрдү изоляциялоо менен кармоо жана багып туруу бөлүгүндө ИИОнун укуктары толукталат. Мындан тышкары КРнын жаны Конституциясына ылайык соттун санкциясы менен турак жана башка жайларга тоскоолдуксуз кирүү бөлүгүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет. Кыргыз Республикасынын мурдагы Конституциясында жана "КРнын ИИОсу жөнүндө" КРнын азыркы Мыйзамынын "ИИО кызматерлеринин социалдык жактан корголгондугу" бөлүгүндө эмгек акы төлөө шарттарын КРнын Президенти белгилечү. Жаңы Конституцияда көрсөтүлгөн шарттар каралбастан. "КРнын Өкмөтү жөнүндө" КРнын жаңы Конституциялык Мыйзамынын долбоорунда болгондуктан, бул жоболор нормативдик-укуктук актылардын алдыда кабыл алынуучу долбооруна ылайык келтирилди, анда бул маселе КРнын Өкмөтүнө жүктөлгөн. Ошондой эле, "Аскер кызматындагыларды пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" КРнын Мыйзамына ылайык, жашы, оорусу, штаттын кыскаргандыгы, же саламаттыгынын чектелгендиги боюнча, ошондой эле 20 календарлык жыл камсыздандырылган стажысы бар, анын ичинде атайын наам ыйгарылган учурдан тартып 10 жылдан кем эмес ИИОда кызмат иштеген 45 жашка чыккандыгы боюнча аялдарды (кызматтан бошотуу бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилет. Ошондой эле ички иштер органдарынын окуу жайларында окутуучулук кызматта иштешкен адамдардын жашы боюнча өзгөртүүлөр киргизилет. "КР ИИО жөнүндө" КРнын иштеп жаткан Мыйзамында ИИО кызматкерлеринин иш убактысынын узактыгы КРнын эмгек мыйзамына ылайык белгиленет. Бирок эмгек укуктарынын нормаларын камтыган ушул Кодекс, мыйзамдар жана башка нормативдик актылар ИИОнун катардагы жана башчылык курамындагы адамдарга тиешеси жоктугу жөнүндөгү оңдоолор Эмгек кодексине киргизилген (2007-жылдын 7-августундагы № 136, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 260 КР Мыйзамдарынын редакциясында). Ушуга байланыштуу түнкү мезгилде белгиленген убакыттан ашык, компенсациялоо менен дем алыш жана майрам күндөрүндө иштегендиги үчүн кызматкерлерге акы төлөө боюнча "КР ИИО жөнүндө" КРнын Мыйзамына оңдоолор киргизилүүдө. 2009-жылдын 30-октябрындагы № 480 КРнын Президентинин Жарлыгы бекиткен КРнын ИИОнун катардагы жана башчылык курамынын кызмат өтөө жөнүндөгү Жобосуна ылайык, ИИОнун ишинин бөтөнчөлүгүнөн улам, бардык кызматкерлер белгиленген убакыттан тышкары, ошондой эле түнкү мезгилде, дем алыш жана майрам күндөрүндө кызмат милдеттерин аткарууга тартылышат. Ушул Жободо ИИО кызматкерлерине көрсөтүлгөн күндөр үчүн компенсация белгиленген. 1999-жылы 13-июлда № 389 КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген КРнын ИИОнын катардагы жана башчылык курамынын кызматкерлерине акы төлөө жөнүндө Жобого ылайык, катардагы жана башчылык курамдын адамдарына убактысынан ашык иштегендиги үчүн, ошондой эле дем алыш жана майрам күндөрүндө иштегендиги үчүн кошумча акы төлөнбөйт. Ал үчүн КРнын Өкмөтүнүн атайын чечимдерине негизделүүчү өзгөчө кырдаалдар болушу мүмкүн. "КР ИИО жөнүндө" КРнын Мыйзамына бул толуктоолор жогоруда келтирилген жоболорду мыйзамдуу бекитүү зарылдыгына байланыштуу киргизилди. "КРнын ички иштер органдары жөнүндө" КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" сунушталган КРнын Мыйзам долбоорун кабыл алууда кошумча каржылоо талап кылынбайт.
Министр
З.Рысалиев
"Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| "Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясы | "Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы |
|---|---|
| 1-берененин 3 жана 4-абзацтары "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын структурасын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин сунуштоосу боюнча бекитет. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын Кыргыз Республикасынын ички иштер министри башкарат, ал кызматка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалат жана бошотулат. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри өзүнүн иши үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жеке жоопкерчиликтүү болот.". | 1-берененин 3 жана 4-абзацтары Ички иштер органдарынын түзүмүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри өз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жеке жоопкерчиликтүү болот. |
| 7-берененин 1-бөлүгү Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн тартиби жана шарттары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын [Өкмөтү] тарабынан бекитилүүчү ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу кылуучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобо тарабынан регламенттештирилет. 7-берененин 3-бөлүгү Ички иштер органдарынын кызматкерине коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын [Өкмөтү] бекиткен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобо менен аныкталат. | 7-берененин 1-бөлүгү Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн тартиби жана шарттары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу кылуучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобо тарабынан регламенттештирилет. 7-берененин 3-бөлүгү Ички иштер органдарынын кызматкерине коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобо менен аныкталат. |
| 7-2-берененин 4-пункту 4. ички иштер органдарынын окуу жайларында окутуучулук кызматта иштегендер 65 жашка чейин кызматта болууга укуктуу. Аларды ички иштер органдарынан кызматтан бошотуу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарына ылайык жалпы негизде ишке ашырылат; | 7-2-берененин 4-пункту 4) ички иштер органдарынын окуу жайларында окутуучулук кызматта болгондор: - 65 жашында отставкага бошотулат; - 60 жашында запаска бошотулууга укуктуу. |
| 7-2-берененин 4-бөлүгү Ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдарга Кыргыз Республикасынын [Өкмөтү] белгилеген тартипте жана өлчөмдө 4 ай бою акча төлөмдөрү төлөнөт. | 7-2-берененин 4-бөлүгү Ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдарга Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген тартипте жана өлчөмдө 4 ай бою акча төлөмдөрү төлөнөт. |
| 7-2-берененин 5-бөлүгү 5) катардагы жана жетекчи курамдагы атайын наамы бар аялдар запаска жаш курагы боюнча 45 жаштан бошонууга укуктуу.". | Мурда 5-бөлүк болгон эмес |
| 8-берененин 12-пункту 12) келишимдик негизде объектилерди, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын мүлкүн кайтарууга, ошондой эле Улуттук гвардиянын, Коргоо министрлигинин жана [улуттук коопсуздук органдарынын] объектилеринен башка объектилердин ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушуна контролдук жүргүзүүгө; | 8-берененин 12-пункту 12) келишимдик негизде объектилерди, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын мүлкүн кайтарууга, ошондой эле Улуттук гвардиянын, Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин объектилеринен башка объектилердин ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушуна контролдук жүргүзүүгө; |
| 9-берененин 6-пункту 6) эгерде токтоосуз түрдө изоляциялоо зарыл болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кармоого жана он сегиз жашка толбогон жана укуктук тартипти бузган жашы жете элек адамдарды адаптациялоо жана реабилитациялоо борборлорунда кармоого, ошондой эле атайын окутуучу-тарбиялоочу мекемелерге жиберүүгө; | 9-берененин 6-пункту 6) эгерде аларды токтоосуз түрдө бөлөк кармоо зарыл болсо, он сегиз жашка толбогон жана укук тартибин бузган жашы жете элек адамдарды кармоого жана кабыл алып-бөлүштүрүүчү жайларда күтүүгө, ошондой эле аларды атайын окутуу-тарбиялоо мекемелерине жөнөтүүгө, багаар-көрөөрү жок балдарды жана өспүрүмдөрдү опека жана попечителдик кылуучу органдарга жеткирүүгө; |
| 9-берененин 14-пункту 14) мыйзамдарда каралган негиздер болгон учурда граждандарга таандык болгон турак жайларга жана башка жагдайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн башка) аймагына жана имараттарына тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды коомдук тартипти сактоо, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн сактап калуу максатында карап чыгууга укуктуу. Турак жайда жашаган граждандардын эркине каршы аларга кирүүнүн бардык учурлары жөнүндө ички иштер органдары сотко 24 сааттын ичинде билдиришет; | 9-берененин 14-пункту 14) мыйзамдарда каралган негиздер болгон учурда граждандарга таандык болгон турак жайларга жана башка жагдайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн башка) аймагына жана имараттарына тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды коомдук тартипти сактоо, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн сактап калуу максатында карап чыгууга укуктуу. Турак жайда жашаган граждандардын эркине каршы аларга кирүүнүн бардык учурлары жөнүндө ички иштер органдары прокурорго 24 сааттын ичинде билдиришет; |
| 9-берененин 29-пункту 29) жашаган жери белгисиз жана документтери жок адамдарды ким экенин аныктоо же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды көрүү максатында кармоого жана кабыл алып-бөлүштүрүүчү жайга жеткирүүгө жана андан кийин тийиштүү органдарга жана мекемелерге өткөрүп берүүгө. | Мурда 29-пункт болгон эмес |
| 21-берене 21-берене. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш убактысы жана эмгек акысы Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн иш убакыттын жалпы узактыгы аптасына кырк сааттан ашык эмес белгиленет. Зарыл болсо кызматкерлер кызматтык милдетти аткарууга белгиленген убакыттан сырткары, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрү да чакыртылышы мүмкүн. Түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрдө иштегени үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш убакыттан ашык иштегени үчүн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте компенсация берилет. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине эмгек акысы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. | 21-берене 21-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш убактысы жана эмгек акысы Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш убактысынын узактыгы Кыргыз Республикасынын эмгек боюнча мыйзамдарына ылайык аныкталат. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт. |
| 25-берененин 5-бөлүгү Байланыш тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана мекемелерине кызматтык телефондорду коюп берүүдө жана АТСтен номер бөлүп берүүдө акыркылар байланыш түйүндөрдүн өнүктүрүү боюнча үлүштүк катышууга каражат төлөөдөн бошотулушат. | 25-берененин 5-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлиги тарабынан ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана мекемелерине кызматтык телефондорду коюп берүүдө жана АТСтен номер бөлүп берүүдө акыркылар байланыш түйүндөрдүн өнүктүрүү боюнча үлүштүк катышууга каражат төлөөдөн бошотулушат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 2-мартындагы № 1706-V "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор…Постановление · 02.03.2012 · № 1706-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 1549-V "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор…Постановление · 26.01.2012 · № 1549-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 1327-V "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор…Постановление · 18.11.2011 · № 1327-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 1842-V "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү…Постановление · 12.04.2012 · № 1842-V
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 480 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө Жобону бекитүү…Указ · 30.10.2009 · № 480 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 июля 1999 года № 389 "Об утверждении Положения о денежном довольствии лиц рядового и начальствующего состава органов внутренних дел…Постановление · 13.07.1999 · № 389 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын эмгек кодексине толуктоо Киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2007 · № 136 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 12.10.2009 · № 260 · Күчүн жоготкон