# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы №555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы №555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 555
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16643/edition/1044415/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы №555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95261

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 16-сентябры №555 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Бирдей күчкө ээ юридикалык нормативдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө жободо: 9-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-апрелиндеги № 243 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизанын мамлекеттик борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизанын мамлекеттик борбору жөнүндө жободо:

9-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев
