Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 „Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 18 ноября 2022 года № 641 "Об утверждении Порядка организации государственных закупок товаров, работ и услуг, связанных с защитой государственных секретов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-09-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры №548 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы №398 "Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коому" деген сөздөр менен толукталсын; "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы" деген сөздөр жана "жана агенттиктердин" деген сөздөр алып салынсын; "Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "комитеттердин," деген сөздөн кийин "акционердик коомдордун жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2 жана 3-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибинде:
3-пункттун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "- сатып алуулар ыкмасын мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу."; 5-пунктта: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөрдөн кийин "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коому" деген сөздөр менен толукталсын; "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы" деген сөздөр алып салынсын; "Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2. "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунда улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибин сактоо үчүн жеке жоопкерчилик "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Порядок осуществления закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью, защитой государственной тайны и ликвидацией последствий…Порядок · 01.07.1998 · № 398
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
- О защите государственных секретов Кыргызской РеспубликиЗакон · 14.04.1994 · № 1476-XII · Күчүн жоготкон