# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №545 "Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №545 "Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 545
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16633/edition/387199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №545 "Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө" токтому (13.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95251

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 13-сентябры №545 Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө Маданият, искусство жана маалымат системасында эмгек акыны реформалоого байланыштуу, эмгекке акы төлөөдөгү түзүлгөн диспропорцияны жоюу үчүн, маданият, искусство жана маалымат системасындагы уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөрдү белгилөөнүн жана төлөөнүн тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтом менен бекитилген Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө жобого ылайык келтирсин;

- бул Жобону колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомду ишке ашыруу үчүн керектүү каражатты караштырсын.

4. Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев
