Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры №545 Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө Маданият, искусство жана маалымат системасында эмгек акыны реформалоого байланыштуу, эмгекке акы төлөөдөгү түзүлгөн диспропорцияны жоюу үчүн, маданият, искусство жана маалымат системасындагы уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөрдү белгилөөнүн жана төлөөнүн тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтом менен бекитилген Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө жобого ылайык келтирсин;
- бул Жобону колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомду ишке ашыруу үчүн керектүү каражатты караштырсын.
4. Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №545 токтому менен бекитилген "Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн…Постановление · 13.09.2011 · № 545
- Ленин айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 1 "Айылдык Кеңештин жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылга аткарылышын бекитүү жана 2017-жылга кабыл…Постановление · 15.02.2017 · № 1
- Ленин айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 2 "Айылдык Кеңештин жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылга аткарылышын бекитүү жана 2016-жылга кабыл…Постановление · 12.02.2016 · № 2
- Ак-Терек айылдык кенешинин Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын XXVII – сессиясынын 2024-жылдын 29-январындагы №7 "Ак-Терек айыл аймагындагы клубдарга штаттык бирдик ачуу…Постановление · 29.01.2024 · № 7
- Ленин айылдык кеңешинин 2015-жылдын 24-февралындагы № 1 "Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2014-жылга аткарылышы жана 2015-жылга…Постановление · 24.02.2015 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 185 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-июнундагы №438 "2012-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2012 · № 438 · Күчүн жоготкон