Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган «Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-09-12.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 12-сентябры №543 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №543 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет. Жогоруда аталган мыйзамга ылайык "Мажбурлоо чаралары түздөн-түз колдонулган адамдар менен бирге атылган адамдардын жана өлгөндөн кийин акталгандардын балдары, жубайы, ошондой эле эркинен ажыратылган, сүргүнгө айдалган, айдалып жиберилген жерде, атайын конушта болгон же ата-энесинин, жубайынын куугунтукталгандыгына байланыштуу укугу жана эрки башкача чектелген балдар, жубайлар саясий куугунтуктоодон жапа чеккен деп табылат" (2-берене). Азыркы учурда социалдык коргоонун аймактык башкармалыктарында балдарды кошкондо каттоодо 3484 акталган жаран турат. Бул категория 2010-жылдын январынан тартып ай сайын жеңилдиктердин ордуна 1500 сом өлчөмүндөгү акчалай компенсация алат, бул эсептик көрсөткүчтүн 15 процентин түзөт. Мурда алуучулардын бул категориясы жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, азыркы мезгилде жеңилдиктердин ордуна компенсация республикалык бюджеттен өз учурунда жана толук көлөмдө каржыланат. 2010-жылга чейин акталган жарандар алуучу жеңилдетилген кызмат көрсөтүүлөрдүн эсептик наркы 1061 сомду түзгөнүн, бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча 439 сомго көбөйтүлүп (41%) жана 1500 сом өлчөмүндө аныкталганын белгилөө керек. Жалпысынан жыл боюнча ашып кетүү суммасы 5268 сомду (439 х 12) же 50 эсептик көрсөткүчтөн ашыкты түзөт, бул мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн ар жылкы төлөө суммасынан 2,5 эсе ашат (20 эсептик көрсөткүч). Мыйзам долбоорунда сунушталгандай 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө бир жолку акчалай компенсация алууга аталары Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө салым кошкон балдарга эч кандай тиешеси жок, реабилитациялоо боюнча документтерди биринчи жолу тариздеп жаткан аз сандагы адамдар гана пайдаланышат. Негизинен бул диний жана башка ынанымдары үчүн жабыр тарткан эмгекке жарамдуу курактагы адамдар болушу мүмкүн. 20 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (2000 сом) акталган жарандарга жыл сайын кошумча бир жолку акчалай компенсация төлөө байкалаарлык колдоо бербестигин, бирок "2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбаган кошумча финансылык каражаттарды талап кылаарын белгилөө керек. Мындай каражаттарды кошумча керектөө аларды төлөөгө почта чыгымдарын эсепке албаганда 7 млн. сомду түзөт (3484 х 2000 = 6968,0 миң сом). Өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, калкты материалдык жактан колдоо республикалык бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша даректүүлүк принциби боюнча ишке ашырылууга тийиш. Ушуга байланыштуу акталган жарандарга ар жылкы бир жолу төлөнүүчү акчалай компенсациянын жаңы түрүн киргизүүгө каршы экенибизди билдиребиз. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-пунктуна ылайык норма жаратуу ишинин субъекти талкуулоо предметине тиешеси бар маалыматтарды, анын ичинде финансы-экономикалык эсептөөлөрдү, жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундуларын жарыялоого милдеттүү. Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун сунушталган вариантын кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
- КРЗакон · 27.01.2006 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон