# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 542
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16630/edition/1261528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (12.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95248

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 447 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 12-сентябры №542 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Жаратылыш ресурстарын пайдалануунун сарамжалдуу системасын белгилөө, ошондой эле чалгындалган пайдалуу кендерди эксплуатацияга тездетип берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкү мазмундагы 1.1-пункт менен толукталсын:

"1.1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Конкурстук комиссиясы тарабынан Конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү пайдалуу кендердин тизмесинин 2, 6, 9, 14, 15, 16, 26, 27, 28. 31, 32, 34, 36, 37, 38, 39, 40, 41, 46. 49, 52, 53-пункттарында көрсөтүлгөн пайдалуу кендерди иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жана ушул токтом менен бекитилген бонустардын өлчөмү жөнүндө, ошондой эле "Тоголок" алтын кени боюнча конкурс жарыяласын";

- Конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү пайдалуу кендердин тизмесинде жана жогоруда аталган токтом менен бекитилген бонустардын өлчөмүндө:

10, 17, 22, 24, 25, 33, 35, 45, 47, 50, 60, 66 жана 67-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 16-сентябрында № 77 жарыяланды

Премьер-министри

А.Атамбаев
