Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченеми жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «постановление Правителсва КР от 16 февраля 2021 года № 44 "О нормах продовольственного пайка военнослужащих Вооруженных Сил Кыргызской Республики, других воинских формирований и государственных органов Кыргызской Республики, в которых законом предусмотрена военная служба, а также воспитанников Кыргызского национального военного лицея имени Героя Советского Союза Асанова Даира Асановича"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-02-16.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 8-сентябры №537 Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченеми жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык) Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштурууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун тиркелген суткалык ченеми бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы №7 "Социалдык чөйрөнүн мекемелеринде тамактануунун акчалай ченемдери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтомго тиркемеде
- 8-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жетишсиз болгон учурда, Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченемин сактоо менен байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын каражаттарынын эсебинен компенсацияласын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 13-сентябрында №76 жарыяланды
Премьер-министри
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №537 токтому менен бекитилген
Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун СУТКАЛЫК ЧЕНЕМИ
| № п/п | Продуктулардын аталышы | 1 адамга 1 суткага продукт (г) |
|---|---|---|
| 1 | Кара буудайдын майдаланганынан жана 1 сорттогу буудай унунун аралашмасынан нан | 250 |
| 2 | 1 сорттогу буудай унунан ак нан | 400 |
| 3 | Печенье | 20 |
| 4 | 1 сорттогу буудай уну | 30 |
| 5 | Ар түрдүү акшак (анын ичинде буурчак) | 70 |
| 6 | Күрүч | 35 |
| 7 | Макарон азыктары | 30 |
| 8 | Эт | 150 |
| 9 | Балык | 100 |
| 10 | Өсүмдүк майы | 30 |
| 11 | Уйдун майы | 35 |
| 12 | Уйдун сүтү | 200 |
| 13 | Каймак | 25 |
| 14 | Быштак | 25 |
| 15 | Жумурдун уузу менен катуу сыр | 10 |
| 16 | Тооктун жумурткалары | 1 |
| 17 | Кумшекер | 65 |
| 18 | Аш тузу | 20 |
| 19 | Чай | 1 |
| 20 | Кофе суусундугу же какао (порошок) | 4 |
| 21 | Лавр жалбырагы | 0,2 |
| 22 | Калемпир | 0,3 |
| 23 | Горчица порошогу | 0,3 |
| 24 | Уксус | 2 |
| 25 | Томат пастасы | 6 |
| 26 | Картошка крахмалы | 5 |
| 27 | Камыр ачыткы пресстелген | 0,1 |
| 28 | Картошка | 400 |
| 29 | Капуста | 100 |
| 30 | Кызылча | 30 |
| 31 | Сабиз | 50 |
| 32 | Пияз | 40 |
| 33 | Чеснок | 10 |
| 34 | Бадыраң, помидор, тамыры жемиш өсүмдүктөр, көк | 40 |
| 35 | Кургатылган мөмө-жемиштер | 20 |
| 36 | Жаңы мөмө-жемиштер (1-июлдан баштап 1 декабрга чейин берилет) | 200 |
| 37 | Жер-жемиш повидлосу же джеми | 20 |
| 38 | Көп витаминдүү препарат "Гексавит", драже (15-апрелден 15-июнга чейин берилет) | 1 |
Калориялуулугу - 4006 ккал.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2008 · № 7
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралы № 44 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат…Постановление · 16.02.2021 · № 44
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз…Постановление · 01.07.2014 · № 363 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2008 · № 7
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралы № 44 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат…Постановление · 16.02.2021 · № 44
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.