# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-сентябрындагы №536 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-сентябрындагы №536 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 536
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16625/edition/386270/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-сентябрындагы №536 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (07.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95243

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 7-сентябры №536 Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө тиркелген жобонун нормаларын ишке ашырууга багытталган чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев
