Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин (полицияларынын) кызматташуусу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры №529 Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин (полицияларынын) кызматташуусу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин (полицияларынын) кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун 17-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин (полицияларынын) кызматташуусу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Ушул Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө ушул Макулдашуу боюнча депозитарий болуп эсептелген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон