# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 592 "Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борборун Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименттик медицинанын эл аралык академиясы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 592 "Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борборун Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименттик медицинанын эл аралык академиясы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 592
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16612/edition/400247/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 592 "Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борборун Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименттик медицинанын эл аралык академиясы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" токтому (23.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95228

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-сентябры № 592 Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борборун Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименттик медицинанын эл аралык академиясы деп өзгөртүп атоо жөнүндө "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, медицинага салттуу билимдерди киргизүү, калктын салттуу медицинанын кызмат көрсөтүүлөрүнө өсүп жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу, бул тармакта жогорку квалификациядагы илимий, педагогикалык жана профессионал кадрларды даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Салттуу жана эксперименттик медицинанын эл аралык академиясы (мындан ары - Эл аралык академия) деп өзгөртүп аталсын.

2. Эл аралык академия Республикалык илимий-өндүрүштүк "Бейиш" элдик медицина борборунун укук улантуучусу болоору белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- Эл аралык академиянын жобосун, структурасын жана штаттык расписаниесин, ошондой эле илимий-педагогикалык жана практикалык ишинин программасын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алынган нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө тапшырылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
