Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 16 апреля 2019 года № 174 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Положения о порядке предоставления из республиканского бюджета бюджетных ссуд местным бюджетам" от 20 июня 2011 года № 331"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-04-16.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 174 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 331 токтому менен бекитилген
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Жалпы жоболор
1. Бул Жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Жобо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүүнүн тартибин аныктайт.
Бюджеттик ссудаларды берүүнүн тартиби
3. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кабыл алынат.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудалар бюджеттик жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, тамактануу, дары-дармектер, социалдык төлөөлөр жана коммуналдык кызматтарга акы төлөө боюнча биринчи кезектеги чыгымдарды каржылоо кыйынчылыгы келип чыкканда берилет.
5. Бюджеттик ссудаларды берүү жөнүндө маселени кароо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дарегине төмөнкүлөрдү камтыган документтер тиркелип, бюджеттик ссудалардын суралган суммасын көрсөтүү менен жиберилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт:
- 1-тиркемеге ылайык форма боюнча тийиштүү мезгилге жергиликтүү бюджеттин кирешесинин аткаруу тууралуу маалыматтын негизинде талдоо;
- 2 жана 3-тиркемелерге ылайык форма боюнча тийиштүү мезгилге чыгымдардын бардык беренелери боюнча кредитордук карыз жөнүндө маалымат;
- 4-тиркемеге ылайык форма боюнча мурда алынган кредиттер жана келишимдик милдеттенмелер жөнүндө, ошондой эле тийиштүү мезгилге аларды тындыруунун мөөнөтү жөнүндө маалымат.
6. Жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүү Бюджеттик ссуда жөнүндө типтүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт (5-тиркеме), ага Кыргыз Республикасынын финансы министри же Кыргыз Республикасынын финансы министринин ыйгарым укуктуу орун басары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы же жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы тарабынан кол коюлат.
Бюджеттик ссуда жөнүндө келишим тараптардын ар бири үчүн бирден 2 нускада түзүлөт жана кол коюлат. Бюджеттик ссуданы берүү жөнүндө келишимдин көчүрмөсү аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилет.
7. Жергиликтүү бюджетке бюджеттик ссуда бюджеттик тапшырманын негизинде республикалык бюджеттен которулат, ага республикалык бюджеттин чыгымдарынын ай сайынкы финансылык планына ылайык жана белгиленген формадагы билдирүү-маалымкаттын негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан кол коюлат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар кийинки жылдары бюджеттик ссуда берүү жөнүндө кайрадан кайрылган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мурдагы бюджеттик ссуда тындырылган шартта аны берүү мүмкүнчүлүгүн карайт.
Бюджеттик ссудаларды берүү мөөнөттөрү жана бюджеттик ссудалардын максаттуу пайдаланышы үчүн жоопкерчилик
9. Жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссуда бюджеттик жылдын ичинде берилет.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бюджеттик ссуданын максаттуу пайдаланышы, алардын өз убагында кайтарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар алынган бюджеттик ссуданы максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тартышат.
Бюджеттик ссудаларды кайтаруу
12. Бюджеттик ссудаларды берүүнүн милдеттүү шарты жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аны тындыруу кепилдиги болуп саналат.
13. Республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудаларды кайтаруу келишимде белгиленген мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүргүзүлөт.
14. Келишимде белгиленген бюджеттик ссуданы тындыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнө бюджеттик ссуданын толук же жарым-жартылай тындырылгандыгы жөнүндө маалымат берет.
15. Алынган бюджеттик ссуда келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан тындырылбай калган учурда бюджеттик ссуданын тындырылбаган бөлүгү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү жалпы мамлекеттик кирешеден чегерүүлөрдүн эсебинен республикалык бюджетке өндүрүлүп алынат.
Бюджеттик ссуданы тындырбаган учурда кайтаруунун жол-жобосу
16. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан келишимде белгиленген мөөнөттө алынган бюджеттик ссуда тындырылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы бюджеттик ссуданы кайтаруу мөөнөтүнөн 10 жумуш күнү өткөндөн кийин тийиштүү жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү жалпы мамлекеттик кирешеден чегерүүлөрдүн эсебинен республикалык бюджетке бюджеттик ссуда боюнча карызды кайтаруу жол-жобосун баштайт.
17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы региондук бөлүмдөрүнө тийиштүү жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү жалпы мамлекеттик кирешеден чегерүүлөрдүн эсебинен бюджеттик ссуда боюнча карызды республикалык бюджетке өндүрүп алууну тапшырат.
18. Казыналыктын региондук бөлүмү жалпы мамлекеттик кирешеден бардык келип түшүүлөрдү белгиленген тартипте тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Мыйзамга ылайык тийиштүү бюджетке чегерет, ушундан кийин тийиштүү жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик кирешеден келип түшүүлөрдүн үлүшү бюджеттик ссуда боюнча карыз толук тындырылганга чейин республикалык бюджетке өндүрүлүп алынат.
19. Кайтаруу жол-жобосу аяктагандан кийин казыналыктын региондук бөлүмү бюджеттик ссуда боюнча карыз толук өндүрүлүп алынгандыгы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына маалымдайт, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнө берет.
Бюджеттик ссуданы эсептен чыгаруу
20. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилген бюджеттик ссудалар боюнча карызды кайтаруу шартын өзгөртүү тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
21. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилген бюджеттик ссуда боюнча береселерди кечүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
1-тиркеме
Тийиштүү мезгилге жергиликтүү бюджеттин кирешелерин аткаруу жөнүндө МААЛЫМАТ
миң сом
| N | Киреше- лердин аталышы | Беки- тилген киреше | Тийиштүү мезгилге такталган план | Тийиштүү мезгилге факт | Четтөө (5-4) | Жыл аягына чейин күтүлгөн аткаруу | Четтөө (7-3) | Эскер- түү |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
ЖӨБ (ЖМА) башчысы _________________________________ (аты-жөнү) Финансы бөлүмүнүн начальниги ______________________ (аты-жөнү) КРБнын башчысы ____________________________________ (аты-жөнү) МСКнын начальниги _________________________________ (аты-жөнү)
2-тиркеме
Тийиштүү мезгилге кредитордук карыз жөнүндө МААЛЫМАТ
миң сом
| Ата- лышы ├───┬────┼────┬─────┼────┬─────┼────┬──────┼─────┬─────┼───┬────┤ | Жылдын башталы- шына карыз де- бет | Отчеттук мезгил үчүн лимит кре- дит | Иш жүзүндө чегерүү миң сом | Иш жүзүндө төлөнгөнү куб.м кВт Г. калл | Четтөө миң сом | Отчеттук мезгилге карыз куб.м кВт Г. калл | бар- дыгы ├──┬───┤(4-6) | анын ичинде Г. | миң сом | куб.м кВт | де- бет калл (5-7) | кре- дит | |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
ЖӨБ (ЖМА) башчысы _________________________________ (аты-жөнү) Финансы бөлүмүнүн начальниги ______________________ (аты-жөнү) КРБнын башчысы ____________________________________ (аты-жөнү)
3-тиркеме
Тийиштүү мезгилге эмгек акы боюнча кредитордук карыз жөнүндө МААЛЫМАТ
миң сом
| Аталышы | Жылдын башталы- шына карыз | Жылга лимит миң сом менен | Отчекттук мезгилге ├─────┬─────┬──────┬────┬────┼ лимит миң сом менен | Иш жүзүндө чегерилгени Бар- дыгы | э/а | жог. | Пед. стаж | ЭЖБ |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
| Иш жүзүндө төлөнгөнү ┼─────┬───────────────────┬────┼───────┬───────┤ карыз (2+5)-10 Бар- дыгы ├───┬─────┬────┬────┤ | Четтөө РБ э/а | Отчеттук мезгилге ЖБ жог. | (5-4) пед. | (10-4) ЭЖБ | ||||
| 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
ЖӨБ (ЖМА) башчысы _________________________________ (аты-жөнү) Финансы бөлүмүнүн начальниги ______________________ (аты-жөнү) КРБнын башчысы ____________________________________ (аты-жөнү)
4-тиркеме
Мурда алынган кредиттер жана келишим милдеттенмелер жөнүндө МААЛЫМАТ
миң сом
| Кредиттердин аталышы | Алынган кредиттер кредиттер | Билдирме берген күнгө тындыруу | Тындырылбаган сумма |
|---|---|---|---|
ЖӨБ (ЖМА) башчысы _________________________________ (аты-жөнү) Финансы бөлүмүнүн начальниги ______________________ (аты-жөнү) КРБнын башчысы ____________________________________ (аты-жөнү)
5-тиркеме
Бюджеттик ссуда жөнүндө келишим № _____
Бишкек шаары 20__ж. "__"_______________
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 04.12.2009-жылдагы №733 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан мындан ары "Ссуда берүүчү" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын финансы министри _____________________, бир тараптан жана мындан ары "Ссуда алуучу" деп аталуучу ________________________________________________________________ атынан (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы) ___________________________________________ (ЖӨБ жетекчисинин аты-жөнү) ____________________ экинчи тараптан, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
Келишимдин предмети
1. Ссуда берүүчү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө ссуда алуучуда биринчи кезектеги чыгашаларды каржылоодо келип чыккан кыйынчылыктарга байланыштуу _________________ миң сом (суммасы жазуу жүзүндө) өлчөмүндө бюджеттик ссуда берет.
2. Ссуда каражаты жалаң гана төмөнкүдөй максатка пайдаланылууга тийиш:
| Максаты | Суммасы (сом) |
|---|---|
| (мисалы, эмгек акы боюнча карызды тындырууга жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүгө) |
Келишимдин шарттары
3. Ссуда максаттуу пайдалануунун жана кайтаруунун шартында берилет.
4. Ссуда берүүчү ссуда алуучудан тил катты, ссуданы камсыздоо кепилдигин жана ушул Келишимдин талаптарын талаптагыдай аткарууну талап кылууга укуктуу.
5. Ссуда боюнча акча каражаты бөлүнүп же бир жолу чогуу берилиши мүмкүн.
6. Ссуда ____-жылдын I жана II жарым жылдыгында (же кайсыл кварталда экени көрсөтүлөт) киреше бөлүгүн ашыра аткаруунун жыйынтыгы боюнча __________________________________________________ талашсыз тартипте
(ссуда алуучунун аты-жөнү көрсөтүлөт) тартипте 20__-жылдын "__" ________________ айынан кечиктирбестен ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген ссуда боюнча карызды тындыруу графигине ылайык _________________________________________ эсебинен (ссуданы тындыруу булагы көрсөтүлөт) толук тындырылат.
7. Ссуда алуучу тарабынан ошондой эле карыздын калган бөлүгү бир мезгилде жана мөөнөтүнөн мурда төлөнүшү мүмкүн.
8. Ссуда Келишими карыз толук тындырылганга чейин колдонулат.
Ссуда алуучунун милдеттенмеси
9. Алынган ссуданы ушул Келишимдин 2-пунктуна ылайык максаттуу багытталышы боюнча гана пайданалуу.
10. Ссуда берүүчүнүн талабы боюнча өзүнүн төлөп берүү жөндөмү жана алынган ссуда каражатын максаттуу пайдаланганы жөнүндө так маалыматты берүү.
11. Ушул Келишимдин 6-пунктунда каралган мөөнөттө ссуданын өз убагында кайтарылышын камсыз кылуу.
12. Ссуда алуучу ссуда берүүчүнүн талабы боюнча ар кандай финансылык маалыматты берүүгө милдеттенет.
13. Карыз алууга кол койбойт же кепилдик бербейт же башкача түрдө үчүнчү тарапка карата өзүнө милдеттенме албайт.
Ссуда берүүчүнүн милдеттенмеси
14. Ссуда берүүчү ушул Келишимдин шартында ссуда алуучуга ________ ________________________ миң сом суммасында ссуда берүүгө милдеттенет. (суммасы жазуу жүзүндө)
15. Ссуда берүүчү карыздын төлөнгөн бөлүгүнүн суммасына карызды өз убагында азайтууга милдеттенет.
Сууда берүүчүнүн укугу
16. Ссуда берүүчү төмөнкү учурларда ссуда берүүнү токтотуп коюуга укуктуу:
- Ссуда алуучуда камсыз болбогон карыз келип чыкканда;
- белгиленген тартипте Ссуда алуучу төлөөгө жөндөмсүз деп жарыяланганда;
- ссуданы максаттуу багытында пайдаланбаганда;
- Ссуда алуучу тарабынан кредитти тариздөөдө жана аны максаттуу жумшоодо жалган маалымат бергенде;
- бөлүнүп берилүүчү ссуда боюнча карызды тындыруу графигинин шарты бузулган учурда. Ссуданын калган бөлүгү ссуданын мурдагы бөлүгү боюнча карызды жойгонго чейин берилбейт.
17. Ссуда берүүчү Келишимдин шартын ссуда алуучу талаптагыдай аткарбаган учурда төмөнкү чараларды көрүүгө укуктуу:
- ссуда боюнча карызды токтоосуз төлөтүү максатында ссуданын мөөнөтүн кыскартууга;
- талашсыз тартипте Казыналыктын эсебинде турган Ссуда алуучунун каражатынан төлөнбөгөн бөлүгүн кайрып алууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык жарандык-укуктук чараларды көрүүгө.
18. Кредит берүүнүн бардык мезгилинде Ссуда берүүчү Ссуда алуучунун финансылык абалын, ссуданын максаттуу пайдаланылышын жана анын камсыз болушун текшерүүгө укуктуу.
Тараптардын кайчы пикирлери жана талаш-тартышы
19. Ушул Келишим боюнча бардык талаш-тартыштар жана кайчы пикирлер алдын ала сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Макулдашууга жетишилбеген учурда талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралат.
20. Ушул Келишимге бардык өзгөртүүлөр менен толуктоолор жазуу жүзүндө аткарылууга жана тараптардын колу коюлууга тийиш.
Башка шарттар
21. Ушул Келишимге таандык бардык билдирүүлөр, арыздар, маалыматтар жазуу жүзүндө аткарылат жана жеке тапшырылса, жеткирилиши тастыкталып телефакс же заказдык почта менен жиберилсе алынды деп эсептелет.
22. Бул Келишим тараптардын ар бирине бирден берүү үчүн 2 (эки) нускада түзүлдү.
Тараптардын даректери:
Ссуда берүүчү: ` Ссуда алуучу: Кыргыз Республикасынын ___________________________ Финансы министрлиги ___________________________ Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 58 ___________________________
20__-ж. "___"____________ 20__-ж. "___"____________
М.О. М.О.
___________________________ ___________________________ (колу) (колу)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 174 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 331 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик…Постановление · 16.04.2019 · № 174
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 331 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө и жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.06.2011 · № 331 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2009 · № 733 · Күчүн жоготкон