# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 "Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобону, тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун, сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун үлгүлөрүн жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 "Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобону, тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун, сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун үлгүлөрүн жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 330
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16605/edition/699608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 "Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобону, тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун, сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун үлгүлөрүн жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтому (01.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95217

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 20-июну № 330 Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобону, тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун, сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун үлгүлөрүн жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмесин бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобо;

- тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун үлгүсү;

- сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун үлгүсү;

- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмеси.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген

Тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун ҮЛГҮСҮ

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(сатып алуучу уюм, юридикалык дареги) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жеткирип берүүгө кызматтарды жана алардын санын кыскача баяндоо) тендердик табыштама берүү үчүн \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (сатып алуу ыкмасы) тоорукка талапкерлерди чакырат.

2. Товар \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(товарларды жеткирүүнүн, кызматтарды аткаруунун, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кызмат көрсөтүүлөрдүн же консультациялык \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жеткирилүүгө кызматтардын орду жана мөөнөтү көрсөтүлөт) тийиш (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр аткарылууга тийиш).

3. Тоорук үчүн документтердин толук комплектин бардык кызыкдар

талапкерлер төмөнкү дарек боюнча алышса болот: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_.

4. Кызыкдар талапкерлер тоорук үчүн кошумча маалыматты жогоруда

көрсөтүлгөн дарек боюнча алышса болот.

5. Документтердин комплектинин наркы \_\_\_\_\_ кыргыз сомун же \_\_\_\_\_\_\_ АКШ долларын түзөт (эгерде акы каралбаса, бул пункт алынып салынат).

6. Тоорукка катышуу үчүн бардык талапкерлер өздөрүнүн тендердик

табыштамаларын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ дареги боюнча \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ күндөн кечиктирбестен берилет. (убактысы жана датасы)

7. Тендердик табыштамалар талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ дареги боюнча \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ачылат.

(убактысы жана датасы)

8. Келген өлкөсүнө карабастан бардык жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) тоорукка катышуусуна жол берилет \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(ички жеткирип \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ берүүчүлөргө (подрядчыга) жеңилдик берилген учур көрсөтүлөт)

9. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(жеткирип берүүчүгө же болбосо подрядчыга кошумча коюлуучу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ талаптар көрсөтүлөт)

Бөлүм башчысы же Тендердик комиссиянын төрагасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген

Сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун ҮЛГҮСҮ

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (сатып алуу предмети) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (сатып алуучу уюмдун аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ыкмасы менен жүргүзүлгөн (сатып алуу ыкмасын көрсөтүү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сатып алуу үчүн тендердин (сатып алуу предмети) жеңүүчүсү болуп \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ табылгандыгын (жеткирип берүүчүнүн /подрядчиктин аталышы) билдирет, анын юридикалык дареги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ берген табыштаманын (жеткирип берүүчүнүн /подрядчиктин аталышы) баасы товарлардын, иштин/кызмат көрсөтүүлөрдүн толук көлөмү үчүн \_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ түзөт. (валютанын аты)

Бөлүм башчысы же Тендердик комиссиянын төрагасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын ТИЗМЕСИ

| № | Маалыматтар | Берүү мөөнөтү |
| --- | --- | --- |
| 1 | Сатып алуулар планы, натуралай жана акчалай туюнтууда төмөнкүлөрдү кошкондо: - сатып алуулардын предмети (товардын аталышы, жумуштардын баяндалышы, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү); - сатып алынуучу товарлардын саны, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы; - бул товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн бөлүнгөн сумма; - сатып алуунун болжолдуу мөөнөттөрү жана сатып алуу ыкмасы; - каржылоо булагы | Бюджеттик уюмдар үчүн кезектеги финансы жылына республикалык бюджетти бекиткенден кийин он күндүк мөөнөттө жана мамлекеттик ишканалар, уюмдар жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн фондулар, акциялардын кеминде 51 пайызы мамлекеттин үлүшүн түзгөн акционердик коомдор үчүн кезектеги финансылык жылдын башында 15-январдан кечиктирбестен |
| 2 | Тендердик табыштаманы ачып баштоо протоколу | Протоколдун көчүрмөсү түзүлгөндөн кийин кечиктирбестен жиберилет |
| 3 | Сатып алуу жол-жобосунун протоколу | Түзүлгөндөн кийин үч жумуш күндүн ичинде |
| 4 | Келишимдин наркы жөнүндө маалымат | Тараптар тарабынан кол коюлган күндөн үч күндүк мөөнөттө |
| 5 | Сатып алуу планына өзгөртүү | Өзгөртүү киргизгенден кийин үч күндүк мөөнөттө |
| 6 | Тендердик документтердин жана тендердик табыштаманын көчүрмөсү | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сурамы боюнча |
| 7 | Сатып алуу жол-жобосунун протоколуна киргизилген тандалып алынган маалымат | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сурамы боюнча |
