# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 327 "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 327 "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 327
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95210>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16600/edition/395640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95210.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 327 "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (17.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95210

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-июну № 327 "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашуунун 21-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Макулдашуунун 6-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аны ишке ашыруу үчүн компетенттүү орган болуп аныкталсын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шаңхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жана аны ишке ашырууга жооптуу болгон компетенттүү орган жөнүндө билдирсин.

4-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
