Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-июну № 327 "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашуунун 21-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн алкагында жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Макулдашуунун 6-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аны ишке ашыруу үчүн компетенттүү орган болуп аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шаңхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жана аны ишке ашырууга жооптуу болгон компетенттүү орган жөнүндө билдирсин.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 1021-V "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн…Постановление · 16.09.2011 · № 1021-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 1022-V "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук антитеррордук түзүмүнүн…Постановление · 16.09.2011 · № 1022-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 1023-V "Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шаңхай кызматташтык уюмунун Региондук террорчулукка каршы…Постановление · 16.09.2011 · № 1023-V
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон