Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-июну № 325 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кечиктирилгис катары ушул долбоорду кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу"
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 5, 229-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1. 2-берененин 2-пунктунда:
"а" пунктчасы:
- "Кыргыз Республикасында" деген сөздөрдөн мурда "кызматкер-пенсионерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Жалданган кызматкер-пенсионерлер үчүн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө.";
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "Ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз;";
"б" пунктчасында:
- "4 пайыз" деген сан жана сөз "Пенсиялык фондго 2 пайыз" деген сан жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
"в" пунктчасында:
- "10 пайыз өлчөмүндө" деген сөздөр "фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана бөлүштүрүү ушул пункттун "а" пунктчасына ылайык жүргүзүлөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- "в" пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. 3-беренеде:
"б" пунктчада:
- "каржылоо булактарына" деген сөздөрдөн мурда "кызматкер-пенсионерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "а" пунктчасында көрсөтүлгөн кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 9,5 пайыз;"; "в" пунктчасында:
- "4 пайыз" деген сан жана сөз "Пенсиялык фондго 2 пайыз" деген сан жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
3. 4-берененин 1-бөлүгүнүн "б" пунктунда:
- "4 пайыз" деген сан жана сөз "Пенсиялык фондго 2 пайыз" деген сан жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
4. 6-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Камсыздандыруу полистерин сатып алуу тартиби жана алардын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
5. 8-берененин 2-пункту:
- биринчи абзацы "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөрдөн мурун "Ушул Мыйзамдын 11 -1 -беренесинин "б" пунктчасында көрсөтүлгөн кызматкерлерди жана иш/кызмат аткаруучуларды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
- биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "б" пунктчасында көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер жана иш/кызмат аткаруучулар үчүн - Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө.";
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "Ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлер жана иш/кызмат аткаруучулар үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз.".
6. 9-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9-берене. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү
Ушул Мыйзамга ылайык Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
1) иш берүүчүдөн:
а) 2-берененин 1-пунктуна, 3-берененин "а" пунктчасына, 5-берененин 1-бөлүгүнө, 6-берененин 3-бөлүгүнө жана 8-берененин 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөр:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;
б) 4-берененин 1-бөлүгүнө ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөр:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;
2) кызматкерден (ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинде көрсөтүлгөн кызматкерлерди кошпогондо):
а) 2-берененин 2-пунктунун "а" пунктчасына, 4-берененин 2-бөлүгүнө, 5-берененин 1-бөлүгүнө, 6-берененин 3-бөлүгүнө жана 8-берененин 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөр:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
б) 3-берененин "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөр:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 7,5 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
в) 2-берененин 2-пунктунун "б" пунктчасына, 3-берененин "в" пунктчасына, 4-берененин 1-бөлүгүнүн "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөр - камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;
3) дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрүнөн камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 91,7 пайыз;
4) жеке ишкерлерден:
а) 6-берененин 1-бөлүгүнө, 7-берененин 1 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
б) 6-берененин 2-бөлүгүнө ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөр - камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине 100 пайыз;
5) ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "б" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз.".
7. Төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-берене менен толукталсын:
"11-1-берене. Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү түрдө төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
а) ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн кызматкерлер, ошондой эле иш/кызмат аткаруучулар - 1964-жылдын 1-январынан мурун төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январынан мурун төрөлгөн аялдар;
б) кызматкер-пенсионерлер.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Аталган Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталып жаткан редакциясы | |
|---|---|---|
| 2-беренесинин 2-пункту: 2. Кызматкерлер үчүн: а) жалданган туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген бардык төлөмдөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; б) I жана II топтогу майып - кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар) үчүн каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 4 пайыз өлчөмүндө. [Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна 2 - пайыз;] в) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтеринин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери - 10 пайыз өлчөмүндө.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлеринин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. | 2-беренесинин 2-пункту: 2. Кызматкерлер үчүн: а) жалданган туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан кызматкерлер, анын ичинде КЫЗМАТКЕР-ПЕНСИОНЕРДИ КОШПОГОНДО Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген бардык төлөмдөрдүн түрлөрүнөн ай сайын -10 пайыз өлчөмүндө. ЖАЛДАНГАН КЫЗМАТКЕР-ПЕНСИОНЕР ҮЧҮН ПЕНСИЯЛЫК ФОНДГО - 8 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 11-1-БЕРЕНЕСИНИН "А" ПУНКТУНДА КӨРСӨТҮЛГӨН КЫЗМАТКЕРЛЕР ҮЧҮН ПЕНСИЯЛЫК ФОНДГО - 10 ПАЙЫЗ; б) I жана II топтогу майып - кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар) үчүн каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын- ПЕНСИЯЛЫК ФОНДГО - 2 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ в) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтеринин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлерин ФОНДДОР БОЮНЧА КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮНҮН ЭСЕПТӨӨ ЖАНА БӨЛҮШТҮРҮҮ УШУЛ ПУНКТТУН "А" ПУНКТЧАСЫНА ЫЛАЙЫК ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. иштер министрлигинин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. | |
| 3-берене. б) кызматкерлер үчүн - каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 9,5 пайыз өлчөмүндө; [Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 7,5 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;] в) майып - кызматкерлер жана пенсионерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан башкалар) - каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 4 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 2 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; | 3-берене. б) кызматкерлер үчүн - КЫЗМАТКЕРЛЕР-ПЕНСИОНЕРЛЕРДИ КОПШОГОНДО каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 9,5 пайыз өлчөмүндө; Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 7,5 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; Ушул Мыйзамдын 11-1-БЕРЕНЕСИНИН "А" ПУНКТУНДА КӨРСӨТҮЛГӨН КЫЗМАТКЕРЛЕР ӨЧҮН ПЕНСИЯЛЫК ФОНДГО - 9,5 ПАЙЫЗ; в) майып - кызматкерлер жана пенсионерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан башкалар) - каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - ПЕНСИЯЛЫК ФОНДГО 2 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ. | |
| 4-берене. б) майып - кызматкерлер жана пенсионерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан башкалар) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген бардык төлөмдөрдөн ай сайын 4 пайыз өлчөмүндө. [Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 2 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна 2 пайыз.] | 4-берене. б) майып - кызматкерлер жана пенсионерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан башкалар) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген бардык төлөмдөрдөн ай сайын ПЕНСИЯЛЫК ФОНДГО - 2 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ. | |
| 6-берене. Уюмду түзбөгөн, патенттик негизде атайын салык режими колдонулган (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижара берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерди кошпогондо) жеке ишкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен төлөшөт. Камсыздандыруу полистерин сатып алуунун тартибин, алардын наркын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. | 6-берене. Уюмду түзбөгөн, патенттик негизде атайын салык режими колдонулган (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижара берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерди кошпогондо) жеке ишкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен төлөшөт.КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСТЕРИН САТЫП АЛУУНУН ТАРТИБИ ЖАНА АЛАРДЫН НАРКЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. | |
| 8-берене. 2.Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар болуп саналган кызматкерлер жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар үчүн - алардын пайдасына чегерилген эмгек акы төлөөнүн, жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн бардык түрлөрүнөн - 10 пайыз өлчөмдө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз. | 8-берене. 2.Кыргыз Республикасынын жарандары жана УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 11-1-БЕРЕНЕСИ- НИН "Б" ПУНКТЧАСЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН КЫЗМАТКЕРЛЕР ЖАНА ИШ/ КЫЗМАТ АТКАРУУЧУЛАРДЫ КОШПОГОНДО Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар болуп саналган кызматкерлер жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар үчүн - алардын пайдасына чегерилген эмгек акы төлөөнүн, жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн бардык түрлөрүнөн - 10 пайыз өлчөмүндө. УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 11-1-БЕРЕНЕСИНИН "Б" ПУНКТЧАСЫНДА КӨРСӨТҮЛГӨН ЖАЛДАНГАН КЫЗМАТКЕРЛЕР ЖАНА ИШ/ КЫЗМАТ АТКАРУУЧУЛАР ҮЧҮН - ПЕНСИЯЛЫК ФОНДГО 8 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз. УШУЛ МЫЙЗАМДЫН БЕРЕНЕСИНИН "А" ПУНКТУНДА КӨРСӨТҮЛГӨН КЫЗМАТКЕРЛЕР ЖАНА ИШ/КЫЗМАТ АТКАРУУЧУЛАР ҮЧҮН - ПЕНСИЯЛЫК ФОНДГО 10 ПАЙЫЗ. | |
| 9-берене. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү Пенсиялык фондго жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт: камсыздандырылган адамдын өздүк камсыздандыруу эсебине - 20 пайыз; камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз; Пенсиялык фонддун тиешелүү бөлүгүнө - 3 пайыз. | 9-берене. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү УШУЛ МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК ПЕНСИЯЛЫК ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ПЕНСИЯЛЫК ТОПТОО ФОНДДОРУНА ТӨЛӨНҮҮЧҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮ ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ ӨЛЧӨМДӨРДӨ БӨЛҮШТҮРҮЛӨТ: 1) ИШ БЕРҮҮЧҮДӨН: а) 2-БЕРЕНЕСИНИН 1-ПУНКТУНА, 3-БЕРЕНЕНИН "А" ПУНКТЧАСЫНА, 5-БЕРЕНЕНИН 1-БӨЛҮГҮНӨ, 6-БЕРЕНЕНИН 3-БӨЛҮГҮНӨ ЖАНА 8-БЕРЕНЕНИН 1-ПУНКТУНА ЫЛАЙЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮН ТӨЛӨГӨНДӨР: - КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНЕ - 12-ПАЙЫЗ; - ПЕНСИЯЛЫК ФОНДДУН ТИЛЕКТЕШТИК БӨЛҮГҮНӨ - 3 - ПАЙЫЗ; б) 4-БЕРЕНЕНИН 1-БӨЛҮГҮНӨ ЫЛАЙЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮН ТӨЛӨГӨНДӨР: - КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНЕ - 10 ПАЙЫЗ; - ПЕНСИЯЛЫК ФОНДДУН ТИЛЕКТЕШТИК БӨЛҮГҮНӨ - 3 ПАЙЫЗ. 2) КЫЗМАТКЕРЛЕРДЕН (УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 11-1-БЕРЕНЕСИНДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ КОШПОГОНДО): а)2-БЕРЕНЕНИН 2-ПУНКТУНУН "А" ПУНКТЧАСЫНА, 4-БЕРЕНЕНИН 2-БӨЛҮГҮНӨ, 5-БЕРЕНЕНИН 1-БӨЛҮГҮНӨ, 6-БЕРЕНЕНИН 3-БӨЛҮГҮНӨ ЖАНА 8-БЕРЕНЕНИН 2-ПУНКТУНА ЫЛАЙЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮН ТӨЛӨГӨНДӨР: - КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНЕ 8-ПАЙЫЗ; - КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНИН ТОПТОО БӨЛҮГҮНӨ - 2 ПАЙЫЗ; б) 3-БЕРЕНЕНИН "б" ПУНУКТЧАСЫНА, ЫЛАЙЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮН ТӨЛӨГӨНДӨР: - КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНЕ - 7,5 ПАЙЫЗ; - КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНИН ТОПТОО БӨЛҮГҮНӨ - 2 ПАЙЫЗ. в) 2-БЕРЕНЕНИН 2-ПУНКТУНУН "б" "в" ПУНКТЧАСЫНА, 4-БЕРЕНЕНИН 1- БӨЛҮГҮНҮН "б" ПУНКТЧАСЫНА ЫЛАЙЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮН ТӨЛӨГӨНДӨР КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНЕ - 2 ПАЙЫЗ; 3) ДЫЙКАН (ФЕРМЕРДИК) ЧАРБАЛАРДЫН МҮЧӨЛӨРҮНӨ - КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНЕ - 91,7 ПАЙЫЗ; 4) ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕРДЕН: а) 6-БЕРЕНЕНИН 1-БӨЛҮГҮНӨ, 7-БЕРЕНЕНИН 1 ЖАНА 4 БӨЛҮКТӨРҮНӨ ЫЛАЙЫК КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНЕ - 8 ПАЙЫЗ; б) 6-БЕРЕНЕНИН 2-БӨЛҮГҮНӨ ЫЛАЙЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮН ТӨЛӨГӨНДӨР - КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНЕ - 100 ПАЙЫЗ; 5) УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 11-1-БЕРЕНЕНИН "А" ПУНКТУНДА КӨРСӨТҮЛГӨН КЫЗМАТКЕРЛЕРДЕН: - КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНЕ - 10 ПАЙЫЗ; УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 11-1-БЕРЕНЕСИНИН "б" ПУНКТУНДА КӨРСӨТҮЛГӨН КЫЗМАТКЕРЛЕРДЕН: - КАМСЫЗДАНДЫРЫЛГАН АДАМДЫН ЖЕКЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЭСЕБИНЕ - 8 ПАЙЫЗ; | |
| Жок | 11-1-БЕРЕНЕ. МАМЛЕКЕТТИК ПЕНСИЯЛЫК ТОПТОО ФОНДУНА КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮН МИЛДЕТҮҮ ТҮРДӨ ТӨЛӨӨДӨН ТӨМӨНКҮЛӨР БОШОТУЛАТ: а) УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 8-БЕРЕНЕСИНДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН КЫЗМАТКЕРЛЕР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ИШ/КЫЗМАТ АТКАРУУЧУЛАР - 1964-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН МУРУН ТӨРӨЛГӨН ЭРКЕКТЕР ЖАНА 1969-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН МУРУН ТӨРӨЛГӨН АЯЛДАР; б) КЫЗМАТКЕР-ПЕНСИОНЕРЛЕР. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 1306-V "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.11.2011 · № 1306-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-октябры № 1239-V "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 21.10.2011 · № 1239-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 1305-V "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.11.2011 · № 1305-V
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 30.06.2005 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон