# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 324
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16597/edition/394378/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-июнундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (17.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95207

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-июну № 324 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Региондук илимий-билим берүү борборун кызматтык жай менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктта:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: "-ушул токтомдун аталган 1 жана 3-пункттарында объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын;" -3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: "3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаары, Ашхабад көчөсү, 88а дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Региондук илимий-билим берүү борборунун балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
