# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 322
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16595/edition/394373/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (16.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95205

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 16-июну № 322 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун иштешин толук камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтомго 3-тиркеме төмөнкү мазмундагы 50 жана 51-пункттар менен толукталсын:

"

| 50 | Клуб, Орто-Токой поселкасы Айылчиев көчөсү, 20 | 1 | 57,4 |
| --- | --- | --- | --- |
|  | Спорттук комплекс, Орто-Токой поселкасы, Айылчиев көчөсү, 19 | 1 | 18,0 |

".

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерди Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп беришсин.

3. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген объекттерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттердин сакталышын жана шаардын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылуу.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
