Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 „Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 16-июну № 322 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун иштешин толук камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтомго 3-тиркеме төмөнкү мазмундагы 50 жана 51-пункттар менен толукталсын:
"
| 50 | Клуб, Орто-Токой поселкасы Айылчиев көчөсү, 20 | 1 | 57,4 |
|---|---|---|---|
| Спорттук комплекс, Орто-Токой поселкасы, Айылчиев көчөсү, 19 | 1 | 18,0 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерди Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп беришсин.
3. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген объекттерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттердин сакталышын жана шаардын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылуу.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнун 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берүү жөнүндө " токтомуПостановление · 08.10.2001 · № 608
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37