# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 "Теңөө гранттарын эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 "Теңөө гранттарын эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 321
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16594/edition/1114418/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 "Теңөө гранттарын эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө" токтому (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95203

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 16-июну № 321 Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында теңөө трансферттерин бөлүштүрүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Тиркелген Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартиби бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги N 101 "Теңөө гранттары жөнүндө жобону жана теңөө гранттарын эсептөө ыкмасын бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
