# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 320
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16593/edition/775232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (29.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95199

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 16-июну № 320 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, натыйжалуу иши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерин социалдык коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Жобого ылайык атайын эсептин каражаттарын так пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
