# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 318
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16592/edition/975294/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (01.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95197

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 15-июну № 318 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201, 2019-жылдын 4-мартындагы № 98 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 , 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине саат боюнча акы төлөөнүн жаңы системасына өтүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 29-февралындагы № 86 "Мамлекеттик сүрөт колледжин Кыргыз Республикасынын Сүрөт академиясына кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 8-ноябрындагы Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-пункттагы "1,8 коэффициентин колдонуу менен Бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде социалдык-маданий мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн деңгээлинде дифференцациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 21-майындагы № 225 токтому менен белгиленген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-майындагы № 309 "Кыргыз-өзбек жогорку технологиялык колледжин Кыргыз-өзбек университетине кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 31-мартындагы Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз-өзбек университетинин Уставында:

- 8.4.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"8.4.1. Университеттин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-майындагы № 285 "Кыргыз архитектура-курулуш институтун Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине (КМКТАУ) кайра түзүү жөнүндө" 1998-жылдын 16-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТАУ) жөнүндө жободо: 40-пунктунун төртүнчү абзацындагы "бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде колдонулуудагы схемага ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталышында жана бүткүл тексти боюнча "маданият" деген сөз "илим" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.

7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-апрели № 201 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы № 516 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары 2011-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү өлчөмдөрдө белгиленсин.".

10. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-мартындагы № 118 "Республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясын түзүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 65 "Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 642 "Б.Кыдыкееиа атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрөрмандар театрынын жана М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын жогорулатуу жөнүндө " токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк төлөө жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 749 "Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин жумушчу убактысынын узактыгы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 208 "Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 65 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-ноябрындагы № 275 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттарын пилоттук долбоор катары киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 195-б буйругу.

12. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

13. Бул токтом 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
