Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 15-июну № 317 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, экспорттук контролдоо жаатында мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган мыйзам долбоору каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Экспорттук контролдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 2003-ж., № 3, 135-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-беренеде:
биринчи бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет."; төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучусу контролдонуучу товарларга жана технологияларга идентификациялоону жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контролдонуучу товарларга жана технологияларга идентификациялоону жүргүзүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга атайын уруксат алган уюмга (мындан ары эксперттик уюм) ушундай эксперттик уюм менен тиешелүү келишим түзүү аркылуу тапшырууга укуктуу. Бул учурда контролдонуучу товарларды менен технологияларды идентификациялоонун жыйынтыктарынын тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчиликти эксперттик уюм тартат.";
- 8-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесин жана бул продукцияларды экспорттоого тыюу салынган же чектелген өлкөлөрдүн тизмесин бекитет, ошондой эле контролдонуучу продукцияны экспорттоонун, импорттоонун жана реэкспорттоонун санын чектөөнү белгилейт;";
- 14-берене төмөнкү редакциядагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин талаптары менен туура келбеген иш-аракеттер менен алектенүү.".
2-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1997-ж. № 3, 126-берене) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 10-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "Президенти тарабынан" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1997-ж., № 8, 376-берене) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 13-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | Колдонуудагы редакциясы | |
|---|---|---|
| 1-глава Жалпы жоболор 6-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмеси Контролдо турган продукциялардын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилет. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине кирген контролго алынуучу продукциялар менчиктин түрлөрүнө, чыгарылган жерине жана аны өндүрүп чыгаруу убагына карабастан экспорттук контролго алынууга жана идентификацияланууга тийиш. Идентификациялоо жүргүзүү тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын милдети болуп саналат. 2-глава Экспорттук контролду уюштуруунун укуктук негиздери 8-статья.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын экспорттук контроль жаатындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: экспорттук контроль жаатында, анын ичинде экспорттук контролдун эл аралык режимдерине карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууну уюштурат; ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка ченемдик укуктук актыларына ылайык контролго алынуучу продукцияларга карата тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жана эсепке алуу тартибин аныктайт; өз компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана эл аралык, өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат жана алардын жүзөгө ашырылышына контролдук кылат; экспорттук контроль жана санкцияланган транзитти жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын иш-аракеттерин аныктайт жана аларга жетекчилик кылат; Контролдо турган продукциялардын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси, ошондой эле контролдо турган продукцияларды экспортко, импортко жана реэкспортко сандык чектөөлөр жана ошол экспортко чыгарууга тыюу салынган же чектелген өлкөлөрдүн тизмеси боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө киргизилет; өзүнүн компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. Мамлекеттик башкаруу органдары: экспорттук контроль жаатында ушул Мыйзамдын, башка мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын жана экспорттук контролго карата эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат; Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин, ага түзөтүү киргизүү, контролго алынуучу продукциянын экспортуна, импортуна жана реэкспортуна, ошондой эле бул продукциянын экспортуна тыюу же чектөө салынган Өлкөлөрдүн тизмеси боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет; контролго алынуучу продукциянын транзитине корутунду даярдайт, текшерүү жүргүзүп, ага уруксат берет, ошондой эле контролго алынуучу продукция Кыргыз Республикасынын аймагынан жүктөп жөнөтүлүп жаткан учурда текшерүүнү жүзөгө ашырат; контролго алынуучу продукциянын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз орун которуштуруусун жана мамлекеттик чек арасы аркылуу алынып өтүшүн токтотот; тышкы экономикалык ишке катышуучулардан, кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык, мурда жасалган бүтүмдөр боюнча алынган контролго алынуучу продукциянын пайдаланылышы тууралу маалыматты сурап алат; эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин мамлекеттик оргаңдары жана мамлекеттик эмес уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле экспорттук контроль жаатында Кыргыз Республикасынын коомдук уюмдары менен чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө жана маалымат алмашуусуна көмөк көрсөтөт; өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иштин катышуучуларына көзөмөл жана текшерүү жүргүзүүнү жүзөгө ашырат; өз компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатыңда башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат. 4-глава. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик 14-статья.Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болуп төмөнкүлөр саналат: контролго алынуучу продукцияны экспорттоо, импорттоо, реэкспорттоо боюнча тышкы экономикалык санкцияланбаган бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу тиешелүү уруксаты жок алып өтүү; контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык операцияны жүзөгө ашырууда мамлекеттик башкаруу органдарына жасалма документтерди же жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүү; ыйгарым укуктуу органдардын жазма буйруктарын аткарбагандык же толук аткарбагандык; экспорттук контроль жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу; экспорттук контролдоо максатына да ыйгарым укуктуу органдар сураган маалыматтарды берүүдөн негизсиз баш тартуу, аны атайы бурмалоо же жашыруу; контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдүн эсебин алуунун белгиленген тартибин бузуу. | 1-глава Жалпы жоболор 6-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмеси Контролдо турган продукциялардын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине кирген контролго алынуучу продукциялар менчиктин түрлөрүнө, чыгарылган жерине жана аны өндүрүп чыгаруу убагына карабастан экспорттук контролго алынууга жана идентификацияланууга тийиш. Идентификациялоо жүргүзүү тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын милдети болуп саналат. "Тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контролго алынуучу товарларды жана технологияларды идентификациялоо боюнча (мындан ары - эксперттик уюмдар) иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга атайын уруксат алган уюмга мындай эксперттик уюм менен тийиштүү келишимди түзүү аркылуу контролго алынуучу товарларга жана технологияларга идентификациялоо жүргүзүүнү тапшырууга укуктуу". 2-глава Экспорттук контролду уюштуруунун укуктук негиздери 8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын экспорттук контроль жаатындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: экспорттук контроль жаатында, анын ичинде экспорттук контролдун эл аралык режимдерине карата мамлекеттик саясатты ишке шырууну уюштурат; ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка ченемдик укуктук актыларына ылайык контролго алынуучу продукцияларга карата тышкы экономикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жана эсепке алуу тартибин аныктайт; өз компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана эл аралык, өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат жана алардын жүзөгө ашырылышына контролдук кылат; экспорттук контроль жана санкцияланган транзитти жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын иш-аракеттерин аныктайт жана аларга жетекчилик кылат; Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесин жана бул продукцияларды экспорттоого тыюу салынган жана чектелген өлкөлөрдүн тизмесин бекитет, ошондой эле контролдо турган продукцияларды экспортко, импортко жана реэкспортко сандык чектөөлөрдү белгилейт; өзүнүн компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. Мамлекеттик башкаруу органдары: экспорттук контроль жаатында ушул Мыйзамдын, башка мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын жана экспорттук контролго карата эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат; Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин, ага түзөтүү киргизүү, контролго алынуучу продукциянын экспортуна, импортуна жана реэкспортуна, ошондой эле бул продукциянын экспортуна тыюу же чектөө салынган Өлкөлөрдүн тизмеси боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет; контролго алынуучу продукциянын транзитине корутунду даярдайт, текшерүү жүргүзүп, ага уруксат берет, ошондой эле контролго алынуучу продукция Кыргыз Республикасынын аймагынан жүктөп жөнөтүлүп жаткан учурда текшерүүнү жүзөгө ашырат; контролго алынуучу продукциянын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз орун которуштуруусун жана мамлекеттик чек арасы аркылуу алынып өтүшүн токтотот; тышкы экономикалык ишке катышуучулардан, кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык, мурда жасалган бүтүмдөр боюнча алынган контролго алынуучу продукциянын пайдаланылышы тууралу маалыматты сурап алат; эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин мамлекеттик оргаңдары жана мамлекеттик эмес уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле экспорттук контроль жаатында Кыргыз Республикасынын коомдук уюмдары менен чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө жана маалымат алмашуусуна көмөк көрсөтөт; өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иштин катышуучуларына көзөмөл жана текшерүү жүргүзүүнү жүзөгө ашырат; өз компетенциясынын чегинде экспорттук контроль жаатыңда башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат. 4-глава. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик 14-статья. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болуп төмөнкүлөр саналат: контролго алынуучу продукцияны экспорттоо, импорттоо, реэкспорттоо боюнча тышкы экономикалык санкцияланбаган бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу тиешелүү уруксаты жок алып өтүү; контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык операцияны жүзөгө ашырууда мамлекеттик башкаруу органдарына жасалма документтерди же жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүү; ыйгарым укуктуу органдардын жазма буйруктарын аткарбагандык же толук аткарбагандык; экспорттук контроль жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу; экспорттук контролдоо максатына да ыйгарым укуктуу органдар сураган маалыматтарды берүүдөн негизсиз баш тартуу, аны атайы бурмалоо же жашыруу; контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдүн эсебин алуунун белгиленген тартибин бузуу; мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына туура келбеген иш аракеттер менен алектенүү. |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | Сунушталган редакция |
|---|---|
| II бөлүм Товарларды ( жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо 10-статья. Жалпы жоболор 1. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) импорттоодо жана экспорттоодо башкы жана бир жолку лицензиялар берилет. Лицензияланууга тийиш болгон товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тизмеси, ошондой эле экспорттук-импорттук операцияларды жасоого лицензияларды берүүнүн жана жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан белгиленет. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген, массалык кыргын салуучу куралдарды, аларды жеткирүү каражаттарын, куралдардын жана согуштук техниканын дагы башка түрлөрүн түзүүгө пайдаланылышы мүмкүн болгон продукцияларды имлорттоо/экспорттоо жана реэкспорттоо боюнча операциялар да лицензияланууга тийиш. 2. Башкы лицензиялар экспорттук жана импорттук операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мөөнөткө берилет, бирок ал календарлык бир жылдан ашпоого тийиш. Башкы лицензия боюнча операциялар бүтүмдөрдүн мүнөзүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен бир же бир нече контракттар боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 3. Арыз берүүчүгө бир жолку лицензия ар-бир айрым бүтүм боюнча экспорттук же импорттук операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн календарлык жылдын мезгилине берилет. Лицензиянын ээси бул тууралу лицензия берген органга кабарлоо менен андан баш тартууга укуктуу. 4. Арыз берүүчүнүн жүйөлүү өтүнүчү боюнча башкы да, ошондой эле бир жолку да лицензиялардын колдонуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. 5. Башкы жана бир жолку лицензиялар товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) аларда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө экспорттоого жана импорттоого берилген уруксат болуп эсептелет жана продукдияларды бажылык жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп кызмат кылат. 6. Контрактка киргизилген аталыштардын санына карабастан лицензиялар товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир түрүнө берилет. Эгерде алар бир объектини куруу (модернизациялоо) үчүн товарлардын бирдиктүү тобуна кирсе, ошондой эле жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр бирдиктүү технологиялык комплекске (комплектиге) кирсе башкы лицензияны товарлардын бир нече түрүнө берүүгө жол берилет. | II бөлүм Товарларды ( жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо 10-статья. Жалпы жоболор 1. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) импорттоодо жана экспорттоодо башкы жана бир жолку лицензиялар берилет. Лицензияланууга тийиш болгон товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тизмеси, ошондой эле экспорттук-импорттук операцияларды жасоого лицензияларды берүүнүн жана жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан белгиленет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген, массалык кыргын салуучу куралдарды, аларды жеткирүү каражаттарын, куралдардын жана согуштук техниканын дагы башка түрлөрүн түзүүгө пайдаланылышы мүмкүн болгон продукцияларды импорттоо/экспорттоо жана реэкспорттоо боюнча операциялар да лицензияланууга тийиш. 2. Башкы лицензиялар экспорттук жана импорттук операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мөөнөткө берилет, бирок ал календарлык бир жылдан ашпоого тийиш. Башкы лицензия боюнча операциялар бүтүмдөрдүн мүнөзүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен бир же бир нече контракттар боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 3. Арыз берүүчүгө бир жолку лицензия ар-бир айрым бүтүм боюнча экспорттук же импорттук операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн календарлык жылдын мезгилине берилет. Лицензиянын ээси бул тууралу лицензия берген органга кабарлоо менен андан баш тартууга укуктуу. 4. Арыз берүүчүнүн жүйөлүү өтүнүчү боюнча башкы да, ошондой эле бир жолку да лицензиялардын колдонуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. 5. Башкы жана бир жолку лицензиялар товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) аларда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө экспорттоого жана импорттоого берилген уруксат болуп эсептелет жана продукдияларды бажылык жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп кызмат кылат. 6. Контрактка киргизилген аталыштардын санына карабастан лицензиялар товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир түрүнө берилет. Эгерде алар бир объектини куруу (модернизациялоо) үчүн товарлардын бирдиктүү тобуна кирсе, ошондой эле жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр бирдиктүү технологиялык комплекске (комплектиге) кирсе башкы лицензияны товарлардын бир нече түрүнө берүүгө жол берилет. |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | Сунушталган редакция |
|---|---|
| III бөлүм Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө негизги жоболор 13-статья. Экспорттук контроль Куралдар, аскердик техника жана эки жактуу пайдаланылуучу товарлар жагындагы тышкы соода ишин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында массалык кыргындоо куралдарын жана куралдардын башка түрлөрүн, алардын технологияларын түзүүнү жайылтпоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин сактоо максатында экспорттук контролдоо тутуму иш жүргүзөт. Экспорттук контролдоого алына турган куралдардын, аскердик техниканын, массалык кыргындоо куралдарынын, аларды жеткирүүчү ракеталык каражаттардын жана башка куралдардын түрлөрүн түзүүдө колдонула турган же колдонулушу мүмкүн болгон сырьелордун айрым түрлөрүнүн, материалдардын, жабдуулардын, технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасы Кыргыз көрсөтүүлөрдүн номенклатурасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү тизмелер жана тизмектер тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасы өлкөнүн коопсуздугун, анын саясый, экономикалык жана аскердик таламдарын камсыз кылуунун негизинде гана аныкталуучу экспорттук контролдоонун бирдиктүү саясатын жүргүзөт. Ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык контролдоого алына турган экспорттук товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле интеллектуалдык иштин натыйжаларын,анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды алып кетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат. | III бөлүм Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө негизги жоболор 13-статья. Экспорттук контроль Куралдар, аскердик техника жана эки жактуу пайдаланылуучу товарлар жагындагы тышкы соода ишин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында массалык кыргындоо куралдарын жана куралдардын башка түрлөрүн, алардын технологияларын түзүүнү жайылтпоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин сактоо максатында экспорттук контролдоо тутуму иш жүргүзөт. Экспорттук контролдоого алына турган куралдардын, аскердик техниканын, массалык кыргындоо куралдарынын, аларды жеткирүүчү ракеталык каражаттардын жана башка куралдардын түрлөрүн түзүүдө колдонула турган же колдонулушу мүмкүн болгон сырьелордун айрым түрлөрүнүн, материалдардын, жабдуулардын, технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ тарабынан бекитилүүчү тизмелер жана тизмектер тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасы өлкөнүн коопсуздугун, анын саясый, экономикалык жана аскердик таламдарын камсыз кылуунун негизинде гана аныкталуучу экспорттук контролдоонун бирдиктүү саясатын жүргүзөт. Ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык контролдоого алына турган экспорттук товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле интеллектуалдык иштин натыйжаларын,анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды алып кетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 961-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Экспорттук контроль…Постановление · 08.09.2011 · № 961-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 962-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Экспорттук контроль…Постановление · 08.09.2011 · № 962-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 963-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Экспорттук контроль…Постановление · 08.09.2011 · № 963-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (6)
- Экспорттук контроль жөнүндөЗакон · 23.01.2003 · № 30
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 41 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон