Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-14.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июну № 314 "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аталган мыйзам долбоору каралган учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-жыл., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-беренесинде:
1)1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этноско таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан мыйзам алдында бирдей.".
2. 5-берененин 1-бөлүгүндөгү "ички иштер органдары тарабынан" деген сөздөр "калктын укуктарын мамлекеттик каттоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Баш калкалоо берүү Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелерге ылайык саясий жүйөлөр боюнча куугунтукталган, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктери бузулган жүйөлөр боюнча чет өлкөлүк жарандарды баш калкалатат.".
4. 7-берененин 2-бөлүгүндөгү "ички иштер органдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 25-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана кызматкерлеринин жана башка адамдардын артыкчылыктары жана иммунитеттери Бул Мыйзам жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдер менен аныкталган адамдардын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн артыкчылыктарына жана иммунитеттерине тиешеси болбойт.". 2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| 3-статья.Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын укуктук абалынын принциптери [Эгерде бул Мыйзамда жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар да Кыргыз Республикасынын граждандары сыяктуу укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланышат жана ошол эле милдеттерди аткарышат] [Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар тегине, социалдык жана мүлктүк абалына, расасына жана кайсы улутка таандык экендигине, жынысына, билимине, тилине, динге мамилесине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө жана башка жагдайларга карабастан Мыйзам алдында бирдей] Кыргыз Республикасынын граждандарынын укуктарына жана эркиндиктерине атайын чектөө киргизген мамлекеттердин граждандарына карата жооп иретинде республиканын мыйзам актылары тарабынан ошондой эле чектөөлөр белгилениши мүмкүн. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын өз укуктарынан жана эркиндиктеринен пайдаланышы Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана башка адамдардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, коомдун жана мамлекеттин таламдарына зыян келтирбөөгө тийиш. | 3-статья.Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын укуктук абалынын принциптери КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАР ЖАНА ЖАРАНДЫГЫ ЖОК АДАМДАР, МЫЙЗАМДА ЖЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕ БЕЛГИЛЕНГЕН БАШКА УЧУРЛАРДЫ АЛБАГАНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫ МЕНЕН БИРДЕЙ УКУКТАРДАН ПАЙДАЛАНАТ ЖАНА МИЛДЕТТЕРДИ АТКАРАТ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАР ЖЫНЫСЫ, РАСАСЫ, ТИЛИ, МАЙЫПТЫГЫ, ЭТНОСКО ТААНДЫКТЫГЫ, ТУТКАН ДИНИ, КУРАГЫ, САЯСИЙ ЖЕ БАШКА ЫНАНЫМДАРЫ, БИЛИМИ, ТЕГИ, МҮЛКТҮК ЖЕ БАШКА АБАЛЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАШКА ЖАГДАЙЛАРГА КАРАБАСТАН МЫЙЗАМ АЛДЫНДА БИРДЕЙ. Кыргыз Республикасынын граждандарынын укуктарына жана эркиндиктерине атайын чектөө киргизген мамлекеттердин граждандарына карата жооп иретинде республиканын мыйзам актылары тарабынан ошондой эле чектөөлөр белгилениши мүмкүн. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын өз укуктарынан жана эркиндиктеринен пайдаланышы Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана башка адамдардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, коомдун жана мамлекеттин таламдарына зыян келтирбөөгө тийиш. |
|---|---|
| 5-статья.Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана убактылуу келип-кеткен чет өлкөлүк граждандар Эгерде чет өлкөлүк граждандардын жашагандыгы тууралу күбөлүк түрүндөгү [ички иштер органдары тарабынан] берилген уруксаты болсо, алар Кыргыз Республикасында туруктуу жашай алышат. Кыргыз Республикасында мыйзамдык башка негизде жүргөн чет өлкөлүк граждандар убактылуу келип-кеткендер деп эсептелет. Алар белгиленген тартипте өздөрүнүн чет өлкөлүк паспортторун же аны алмаштыруучу документтерин каттоодон өткөрүүгө жана келип-кетүүнүн белгиленген убактысы аяктагандан кийин республикадан чыгыш кетүүгө милдеттүү. | 5-статья.Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана убактылуу келип-кеткен чет өлкөлүк граждандар Эгерде чет өлкөлүк граждандардын жашагандыгы тууралу күбөлүк түрүндөгү КАЛКТЫН УКУКТАРЫН МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ТАРАБЫНАН берилген уруксаты болсо, алар Кыргыз Республикасында туруктуу жашай алышат. Кыргыз Республикасында мыйзамдык башка негизде жүргөн чет өлкөлүк граждандар убактылуу келип-кеткендер деп эсептелет. Алар белгиленген тартипте өздөрүнүн чет өлкөлүк паспортторун же аны алмаштыруучу документтерин каттоодон өткөрүүгө жана келип-кетүүнүн белгиленген убактысы аяктагандан кийин республикадан чыгыш кетүүгө милдеттүү. |
| 6-статья. Баш калкалоо берүү [Кыргыз Республикасы тынчтыкты, демократияны, адам укугун коргоо, прогрессивдүү коомдук-саясий, илимий, чыгармачыл жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларына ылайык башка иштери үчүн куугунтукталган чет өлкөлүктөргө баш калкалоо укугун берет.] [Баш калкалоо берүү жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан чечилет] | 6-статья. Баш калкалоо берүү КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЭЛ АРАЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРГЕ ЫЛАЙЫК САЯСИЙ ЖҮЙӨЛӨР БОЮНЧА КУУГУНТУКТАЛГАН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АДАМ УКУКТАРЫ МЕНЕН ЭРКИНДИКТЕРИ БУЗУЛГАН ЖҮЙӨЛӨР БОЮНЧА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫ БАШ КАЛКАЛАТАТ. |
| 7-статья. Эмгектенүү Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк граждандар Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн белгиленген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жумушчу жана кызматчы катары иштеп, же башкача эмгектене алат. Убактылуу жашаган чет өлкөлүк граждандар эгерде алардын Кыргыз Республикасына келип-кетишинин максаттарына жана мөөнөтүнө ылайык келсе, же ага [ички иштер органдарынын] тийиштүү уруксаты болсо, эмгектене алат. Мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын граждандары гана дайындалууга же белгилүү иш жүргүзүүгө тийиш болгон айрым Чет өлкөлүк граждандар эмгектик мамилелерде республиканын граждандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат. | 7-статья. Эмгектенүү Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк граждандар Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн белгиленген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жумушчу жана кызматчы катары иштеп, же башкача эмгектене алат. Убактылуу жашаган чет өлкөлүк граждандар эгерде алардын Кыргыз Республикасына келип-кетишинин максаттарына жана мөөнөтүнө ылайык келсе, же ага КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ АНЫКТАГАН ТАРТИПТЕ, МИГРАЦИЯ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНЫН тийиштүү уруксаты болсо, эмгектене алышат. Мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын граждандары гана дайындалууга же белгилүү иш жүргүзүүгө тийиш болгон айрым Чет өлкөлүк граждандар эмгектик мамилелерде республиканын граждандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат. |
| 25-статья. Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана кызматкерлеринин жана башка адамдардын артыкчылыктары жана иммунитеттери [Бул Мыйзам жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Эл аралык келишимдер жана Эл аралык укук актылары менен белгиленген чет өлкөлүк дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын жана кызматчыларынын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн артыкчылыктарына жана иммуннтеттерине тиешелүү болбойт] | 25-статья. Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана кызматкерлеринин жана башка адамдардын артыкчылыктары жана иммунитеттери БУЛ МЫЙЗАМ ЖОБОЛОРУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР МЕНЕН АНЫКТАЛГАН ЖАКТАРДЫН ЖАНА АЛАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫН ЖАНА ИММУНИТЕТТЕРИН КАМТЫБАЙТ. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 994-V "Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 15.09.2011 · № 994-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 995-V "Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 15.09.2011 · № 995-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 996-V "Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 15.09.2011 · № 996-V
Шилтеме берет (3)
- Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндөЗакон · 14.12.1993 · № 1296-XII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон