# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 313 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 313 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 313
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16587/edition/1157542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 313 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (14.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95192

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июну № 313 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж.,№ 8, 322-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин.

1. 8-беренеде:

- 1-бөлүгүнүн тогузунчу абзацындагы ," ошондой эле жаныбарларды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттары" деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Жаныбарларды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо, сапатын, натыйжалуулугун, коопсуздугун экспертизалоо Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.".

2. 26-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "саламаттык сактоо жаатында" деген сөздөр "ветеринария жаатындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын "Дары каражаттары жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица

| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |  |
| --- | --- | --- |
| 8-берененин 1-бөлүгүнүн 9-абзацы: "- дары каражаттарын, биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларын, дарылоо - косметикалык жана гомеопатиялык дары каражаттарын, ошондой эле малды дарылоого ашырат" колдонулуучу дары каражаттарын мамлекеттик каттоону ишке ашырат" | 8-берененин 1-бөлүгүнүн 9-абзацы: "- дары каражаттарын, биологиалык активдүү тамак-аш кошулмаларын, дарылоо - косметикалык жана гомеопатиялык дары каражаттарын мамлекеттик каттоону ишке ашырат" |  |
|  | 8-беренеге төмөндөгү мазмундагы бөлүк кошулсун: " Малды дарылоого колдонулуучу дары каражаттарынын мамлакеттик каттоосун, сапатын, таасирдүүлүгүн, коопсуздугун экспертизалоо Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат" |  |
| 26-берененин 4-бөлүгү: "Дары каражаттарын клиникалыкка чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүдө малды пайдалануунун укуктук жана этикалык ченемдерин сактоого көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат" | 26-берененин 4-бөлүгү: "Дары каражаттарын клиникалыкка чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүдө малды пайдалануунун укуктук жана этикалык ченемдерин сактоого көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат" |  |
