Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Дары-дармек каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-14.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июну № 313 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж.,№ 8, 322-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин.
1. 8-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн тогузунчу абзацындагы ," ошондой эле жаныбарларды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттары" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жаныбарларды дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо, сапатын, натыйжалуулугун, коопсуздугун экспертизалоо Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.".
2. 26-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "саламаттык сактоо жаатында" деген сөздөр "ветеринария жаатындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын "Дары каражаттары жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция | |
|---|---|---|
| 8-берененин 1-бөлүгүнүн 9-абзацы: "- дары каражаттарын, биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларын, дарылоо - косметикалык жана гомеопатиялык дары каражаттарын, ошондой эле малды дарылоого ашырат" колдонулуучу дары каражаттарын мамлекеттик каттоону ишке ашырат" | 8-берененин 1-бөлүгүнүн 9-абзацы: "- дары каражаттарын, биологиалык активдүү тамак-аш кошулмаларын, дарылоо - косметикалык жана гомеопатиялык дары каражаттарын мамлекеттик каттоону ишке ашырат" | |
| 8-беренеге төмөндөгү мазмундагы бөлүк кошулсун: " Малды дарылоого колдонулуучу дары каражаттарынын мамлакеттик каттоосун, сапатын, таасирдүүлүгүн, коопсуздугун экспертизалоо Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат" | ||
| 26-берененин 4-бөлүгү: "Дары каражаттарын клиникалыкка чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүдө малды пайдалануунун укуктук жана этикалык ченемдерин сактоого көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат" | 26-берененин 4-бөлүгү: "Дары каражаттарын клиникалыкка чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүдө малды пайдалануунун укуктук жана этикалык ченемдерин сактоого көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат" |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №2759-V "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 14.02.2013 · № 2759-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5422-V "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 29.06.2015 · № 5422-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 57-VI "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.11.2015 · № 57-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2946-V "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 04.04.2013 · № 2946-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Дары-дармек каражаттары жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 91 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон