# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 311
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16585/edition/1157530/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (14.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95190

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган мыйзам долбоору каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 189-берене төмөнкү мазмундагы "10" пункт менен толукталсын: "10) акциялардын мамлекеттик үлүшүнө салык төлөөчү алган жана республикалык бюджетке чегерилген дивиденддердин суммасы.".

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна салыштырма таблица

| NN | Кыргыз Республикасынын Салык кодекси | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуш |  |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | 1. Төмөнкүлөргө пайда салыгы салынбайт: 1) уставдык капиталга салым жана/же пайдык салым катары алынган мүлктүн наркына; 2) аталган объекттердин багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүргүзгөн атайын уюмдарга акысыз негизде өткөрүлүүчү объекттердин (социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык- тиричилик багыттагы, жолдордун, электр тармактардын, подстанциялардын, от казандардын жана жылуулук тармактардын, суу тосмо курулмалардын, кен-шахталык жабдуулардын, жарандык коргонуу объекттеринин) наркы, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча алардын жеке өндүрүштүк базасын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга акысыз берилген негизги каражаттардын жана акча каражаттардын наркы (мындан ары бул бөлүмдө - социалдык- маданий багыттагы акысыз негизде берилүүчү объекттер); 3) коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган: а) мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү; б) уставдык максаттарда пайдалануу шартында гуманитардык жардам жана гранттар; в) уставдык максаттарда пайдалануу шартында акысыз алынган активдердин наркы; г) көп квартиралуу үйлөрдү жана аларды тейлеген имарат, курулмаларды техникалык жактан тейлөөгө жумшалчу төлөм; д) өздөрүнүн мүчөлөрүнө суу колдонуучулар ассоциациясы тарабына көрсөтүлүүчү уставдык иштин алкагында сугат сууларын берип туруу боюнча тейлөө кызматына жумшалчу төлөм. 4) ата мекендик уюмдарга катышуудан салык төлөөчү алган дивиденддер; 5) өнөктөрдүн салымы катары жөнөкөй өнөктөштүк тарабынан алынган мүлктүн наркы 6) ишенимдүү башкарууга ишенимдүү башкаруучу тарабынан алынган мүлктүн наркы 7) өздүк акциялардын наркын алардын номиналдык наркынан өсүшү түрүндө алынган киреше; 8) өздүк акцияларды сатууда нарктын өсүшүнөн алынган киреше; 9) сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча фондулук биржасындагы листингинде жайгашкан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн пайыздар жана кирешелер. | 1. Төмөнкүлөргө пайда салыгы салынбайт: 1) уставдык капиталга салым жана/же пайдык салым катары алынган мүлктүн наркына; 2) аталган объекттердин багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүргүзгөн атайын уюмдарга акысыз негизде өткөрүлүүчү объекттердин (социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык- тиричилик багыттагы, жолдордун, электр тармактардын, подстанциялардын, от казандардын жана жылуулук тармактардын, суу тосмо курулмалардын, кен-шахталык жабдуулардын, жарандык коргонуу объекттеринин) наркы, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча алардын жеке өндүрүштүк базасын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга акысыз берилген негизги каражаттардын жана акча каражаттардын наркы (мындан ары бул бөлүмдө - социалдык- маданий багыттагы акысыз негизде берилүүчү объекттер); 3) коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган: а) мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү; б) уставдык максаттарда пайдалануу шартында гуманитардык жардам жана гранттар; в) уставдык максаттарда пайдалануу шартында акысыз алынган активдердин наркы; г) көп квартиралуу үйлөрдү жана аларды тейлеген имарат, курулмаларды техникалык жактан тейлөөгө жумшалчу төлөм; д) өздөрүнүн мүчөлөрүнө суу колдонуучулар ассоциациясы тарабынан көрсөтүлүүчү уставдык иштин алкагында сугат сууларын берип туруу боюнча тейлөө кызматына жумшалчу төлөм. 4) ата мекендик уюмдарга катышуудан салык төлөөчү алган дивиденддер; 5) өнөктөрдүн салымы катары жөнөкөй өнөктөштүк тарабынан алынган мүлктүн наркы; 6)ишенимдүү башкарууга ишенимдүү башкаруучу тарабынан алынган мүлктүн наркы; 7) өздүк акциялардын наркын алардын номиналдык наркынан өсүшү түрүндө алынган киреше; 8) өздүк акцияларды сатууда нарктын өсүшүнөн алынган киреше; 9) сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча фондулук биржасындагы листингинде жайгашкан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн пайыздар жана кирешелер; 10) АКЦИЯЛАРДЫН ЖАНА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТКЕ ЧЕГЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ҮЛҮШҮНӨ САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮЛӨР ТАРАБЫНАН АЛЫНГАН ДИВИДЕНДДЕРДИН СУММАСЫ | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189-беренесинин 4-пунктуна ылайык ата мекендик уюмдарга катышуудан салык төлөөчү алган дивиденддер пайда салыгы салынбай турган кирешелерге кирет. Башкача айтканда, мындай ченем акциялардын негизги үлүшү чет өлкөлүк уюмга же башка өлкөнүн жеке адамына таандык болсо экономикалык иш-аракеттердин бардык субъекттери пайдага салык төлөнүшүн аныктайт. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде акциялардын мамлекеттик үлүшүнө жана республикалык бюджетке киреше бөлүгүнө чегерүүдө салык төлөөчүлөр тарабынан алынган дивиденддердин суммасын бошотуу каралган эмес. Буга байланыштуу бюджеттин туруктуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна акциялардын мамлекеттик үлүшүнө жана республикалык бюджетке чегерүүдө эсептелген дивиденддердин суммасын пайдадан салыктан бошотууну караган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун киргизет. |
