# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 310
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16584/edition/1157528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (14.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95185

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июну № 310 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

1-берене

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 923-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 8-берененин 4-пунктундагы "2011" деген сан "2013" деген санга алмаштырылсын.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-берене

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата салыштырма таблица

| N | Колдонуудагы редакция | Сунушталган өзгөртүүлөр |
| --- | --- | --- |
|  | 8-берене. 4.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92- беренесинин талаптары боюнча 2011-жылдан берки мезгилде бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын бардык категорияларына таркатылат. | 8-берене. 4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92- беренесинин талаптары боюнча 2013-жылдан берки мезгилдеги бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын бардык категорияларына таркатылат. |
