# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 308
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16582/edition/1157526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95183

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-июну № 308 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 2, 20-6.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Мамлекеттик күзөт жөнүндө".

2. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы" жана "Мамлекеттик күзөт кызматынын органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик күзөт органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 8-беренеде:

- 4-бөлүктөгү "Конституциялык" деген сөз "Жогорку" деген сөз менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Аталган адамдарга мамлекеттик күзөт алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө берилет.".

4. 9-1-беренедеги "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.

5. 10-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"10-берене. Мамлекеттик күзөт органын уюштуруу

Мамлекеттик күзөт органы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын системасындагы Кыргыз Республикасынын аскердик түзүмү болуп эсептелет. Мамлекеттик күзөт органынын түзүмү, штаттык саны жана анын ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат. Мамлекеттик күзөт органы аскер кызматчылары жана жарандык адамдар менен комплектелет.".

6. Расмий тилдеги 11-берененин биринчи абзацындагы "обязана" деген сөз "обязан" деген сөз менен алмаштырылсын.

7. Расмий тилдеги 13-берененин аталышындагы жана 25-берененин 2-бөлүгүндөгү "о" деген предлог "об" деген предлог менен алмаштырылсын.

8. 24-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"24-берене. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык камсыздоо

Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы жүргүзөт.".

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 7, 368-6.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Чек ара аскерлери жөнүндө".

2. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы" жана "чек ара кызматы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Чек ара аскерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 1-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

" 1-берене. Чек ара аскерлери

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Чек ара аскерлери (мындан ары - Чек ара аскерлери) мамлекеттик чек араны сактоо жана кайтаруу, чек ара контролун жүзөгө ашыруу, мамлекеттик чек ара режимин бузуулардын, Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу үчүн арналат. Чек ара аскерлеринин жобосун жана башкаруу схемасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.".

4. 5-берене күчүн жоготту деп табылсын.

5. 10-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"10-берене. Чек ара аскерлерин жетектөө

Чек ара аскерлеринин ишин жалпы жетектөөнү жана контролдоону Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жүргүзөт. Чек ара аскерлеринин ишин тикелей жетектөөнү жана оперативдүү башкарууну Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин командачысы жүргүзөт.".

6. Төмөнкүдөй мазмундагы 10-1 жана 10-2-беренелер менен толукталсын:

"10-1-берене. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин Чек ара аскерлерин жетектөө боюнча ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси:

- Чек ара аскерлерине жетекчилик жүргүзөт жана жүктөлгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;

- Чек ара аскерлеринин ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт;

- Чек ара аскерлеринин жалпы санын жана жайгашуусун өзгөртүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;

- Чек ара аскерлеринин бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык түзүмүн бекитет;

- Чек ара аскерлеринин командачысын, анын орун басарларын дайындоого жана жогорку офицердик курамга аскердик наамдарды ыйгарууга сунуш кылат;

- Чек ара аскерлеринин командачысынын сунушу боюнча Чек ара аскерлеринин өз алдынча бөлүмдөрүнүн начальниктерин жана чек ара контролунун органдарынын жетектөөчү курамын дайындайт, ошондой эле аларды ээлеген кызматынан бошотот;

- Чек ара аскерлеринин аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставында каралган укуктарды колдонот;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.

10-2-берене. Чек ара аскерлеринин командачысынын ыйгарым укуктары

Чек ара аскерлеринин командачысы:

- Чек ара аскерлеринин ишине тикелей жетекчиликти жана оперативдүү башкарууну камсыз кылат, Чек ара аскерлеринин аскер кызматчыларынын кызматтык-күжүрмөн даярдыгы жана алардын тарбияланышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- мамлекеттик бийликтин башка аткаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен мамлекеттик чек арадагы иш-чараларды жүргүзүүдө биргелешкен иш-аракеттерди координациялоо жана жетектөө боюнча оперативдүү штабдарды (топторду) түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине сунуштарды киргизет;

- Чек ара аскерлерин кармоого бөлүнгөн бюджеттик акчалардын өлчөмүндө Чек ара аскерлеринин аскердик бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн түзүмү, саны, штаты жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине сунуштарды киргизет;

- Чек ара аскерлеринин аскердик бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн түзүү, кайра уюштуруу, жоюу, жайгаштыруу жана кайра жайгаштыруу, Чек ара аскерлерин өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн концепциясы, планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине сунуштарды киргизет;

- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды, директиваларды, нускамаларды жана жоболорду чыгарат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Чек ара аскерлеринин системасында чалгындоо, оперативдүү-издөө иштеринин жана иликтөөлөрдүн жүргүзүлүшүн контролдойт;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде аскер кызматчыларын аскердик кызмат орундарына дайындайт, бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик наамдарды ыйгарат;

- Чек ара аскерлерин мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары менен комплектөөнүн пландарын иштеп чыгууну уюштурат, аларды белгиленген тартипте аскердик кызматтан бошотот;

- Чек ара аскерлеринин аскер кызматчыларын жана жарандык персоналын, ошондой эле Чек ара аскерлеринин милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, аларга ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине сунуштарды киргизет;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча аскерлерди куралдантуу (жабдуу) үчүн күжүрмөн жана башка техниканы, мүлктү алат;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.".

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

4-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ

| Колдонуп жаткан редакция | Сунушталып жаткан редакция |
| --- | --- |
| "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
|  | \[Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы" жана "Мамлекеттик күзөт кызматынын органынын" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр "мамлекеттик күзөт органы" деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр менен алмаштырылсын\] |
| 8-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты ээлеген адамдарды мамлекеттик күзөткө алуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты ээлеген төмөнкү адамдар: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы мамлекеттик күзөткө алынат. | 8-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты ээлеген адамдарды мамлекеттик күзөткө алуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты ээлеген төмөнкү адамдар: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы мамлекеттик күзөткө алынат. \[Көрсөтүлгөн адамдарга, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик күзөт берилет\] |
| 9-1-статья. Башка адамдарды мамлекеттик күзөткө алуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөнүн жарандары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик күзөткө алынышы мүмкүн. | 9-1-статья. Башка адамдарды мамлекеттик күзөткө алуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөнүн жарандары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик күзөткө алынышы мүмкүн. |
| 10-статья. Мамлекеттик күзөт кызматын уюштуруу Мамлекеттик күзөт кызматы өз алдынча атайын аскер түзүлүшү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирет. Мамлекеттик күзөт кызматына төрага жетекчилик кылат. Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Мамлекеттик күзөт кызматынын түзүлүшүн, кызмат орундарынын санын жана кызматчыларынын кызмат маяналарын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт. Мамлекеттик күзөт кызматы аскер кызматчыларынан жана граждандык адамдардан топтолот. | "10-статья. Мамлекеттик күзөт органын уюштуруу \[Мамлекеттик күзөт органы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын системасында Кыргыз Республикасынын аскердик түзүлүшү болуп саналат\] \[Мамлекеттик күзөт органынын түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан аныкталат. Мамлекеттик күзөт органы аскер кызматчылар жана жарандык адамдар менен комплектелет\] |
| 11-статья. Мамлекеттик күзөт кызматынын милдеттери Мамлекеттик күзөт кызматы төмөнкүлөргө: | 11-статья. Мамлекеттик күзөт \[органынын\] милдеттери Мамлекеттик күзөт \[органы\] төмөнкүлөргө: |
| 13-статья. Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө маалыматтарды коргоо | 13-статья. Мамлекеттик күзөт органы жөнүндө маалыматтарды коргоо |
| 24-статья. Мамлекеттик күзөт кызматын материалдык-техникалык жактан камсыздоо Мамлекеттик күзөт кызматын материалдык-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат. | 24-статья. Мамлекеттик күзөт \[органын\] материалдык-техникалык жактан камсыздоо \[Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Иш башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан жүзөгө ашырылат\] |
| 25-статья. Мамлекеттик күзөт кызматынын ишине контролдук кылуу Мамлекеттик күзөт кызматы жана анын иши жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Президентине, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилет. | 25-статья. Мамлекеттик күзөт \[органынын\] ишине контролдук кылуу Мамлекеттик күзөт \[органы\] жана анын иши жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Президентине, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилет. |
| "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | \["Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Чек ара аскерлери жөнүндө"\] Кыргыз Республикасынын Мыйзамы \[Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы" жана "чек ара кызматы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Чек ара аскерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын\] |
| Статья 1. Пограничная служба Кыргызской Республики Пограничная служба Кыргызской Республики - единый государственный орган в системе исполнительной власти, предназначенный для охраны и защиты государственной границы, осуществления пограничного контроля, предупреждения и пресечения нарушений режима государственной границы, посягательств на суверенитет и территориальную целостность Кыргызской Республики. | 1-статья. Кыргыз Республикасынын Чек ара аскерлери Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Чек ара аскерлери (мындан ары - Чек ара аскерлери) мамлекеттик чек араны сактоо жана кайтаруу, чек ара контролун жүзөгө ашыруу, мамлекеттик чек ара режимин бузуулардын, Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу үчүн арналат. Чек ара аскерлеринин жобосун жана башкаруу схемасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. |
| Статья 5. Структура пограничной службы Кыргызской Республики Структура пограничной службы Кыргызской Республики определяется Президентом Кыргызской Республики Главнокомандующим Вооруженными Силами Кыргызской Республики - в соответствии с законодательством Кыргызской Республики. | \[Алынып салынсын\] |
| Статья 10. Руководство пограничной cлужбой Кыргызской Республики Руководство пограничной службой Кыргызской Республики осуществляется в порядке, определяемом Президентом Кыргызской Республики - главнокомандующим Вооруженными Силами Кыргызской Республики, - в соответствии с Конституцией Кыргызской Республики. | 10-статья. Чек ара аскерлерин жетектөө \[Чек ара аскерлеринин ишин жалпы жетектөөнү жана контролдоону Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жүргүзөт\] \[Чек ара аскерлеринин ишин тикелей жетектөөнү жана оперативдүү башкарууну Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин командачысы жүргүзөт\] |
|  | \[Төмөнкүдөй мазмундагы 10-1 жана 10-2-беренелер менен толукталсын: "10-1-берене. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин Чек ара аскерлерин жетектөө боюнча ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси: - Чек ара аскерлерине жетекчилик жүргүзөт жана жүктөлгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат; - Чек ара аскерлеринин ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт; - Чек ара аскерлеринин жалпы санын жана жайгашуусун өзгөртүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет; - Чек ара аскерлеринин бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык түзүмүн бекитет; - Чек ара аскерлеринин командачысын, анын орун басарларын дайындоого жана жогорку офицердик курамга аскердик наамдарды ыйгарууга сунуш кылат; - Чек ара аскерлеринин командачысынын сунушу боюнча Чек ара аскерлеринин өз алдынча бөлүмдөрүнүн начальниктерин жана чек ара контролунун органдарынын жетектөөчү курамын дайындайт, ошондой эле аларды ээлеген кызматынан бошотот; - Чек ара аскерлеринин аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставында каралган укуктарды колдонот; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт. 10-2-статья. Чек ара аскерлеринин командачысынын ыйгары укуктары Чек ара аскерлеринин командачысы: - Чек ара аскерлеринин ишине тикелей жетекчиликти жана оперативдүү башкарууну камсыз кылат, Чек ара аскерлеринин аскер кызматчыларынын кызматтык-күжүрмөн даярдыгы жана алардын тарбияланышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат; - мамлекеттик бийликтин башка аткаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен мамлекеттик чек арадагы иш-чараларды жүргүзүүдө биргелешкен иш-аракеттерди координациялоо жана жетектөө боюнча оперативдүү штабдарды (топторду) түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине сунуштарды киргизет; - Чек ара аскерлерин кармоого бөлүнгөн бюджеттик акчалардын өлчөмүндө Чек ара аскерлеринин аскердик бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн түзүмү, саны, штаты жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине сунуштарды киргизет; - Чек ара аскерлеринин аскердик бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн түзүү, кайра уюштуруу, жоюу, жайгаштыруу жана кайра жайгаштыруу, Чек ара аскерлерин өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн концепциясы, планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине сунуштарды киргизет; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды, директиваларды, нускамаларды жана жоболорду чыгарат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Чек ара аскерлеринин системасында чалгындоо, оперативдүү-издөө иштеринин жана иликтөөлөрдүн жүргүзүлүшүн контролдойт; - өзүнүн компетенциясынын чегинде аскер кызматчыларын аскердик кызмат орундарына дайындайт, бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик наамдарды ыйгарат; - Чек ара аскерлерин мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары менен комплектөөнүн пландарын иштеп чыгууну уюштурат, аларды белгиленген тартипте аскердик кызматтан бошотот; - Чек ара аскерлеринин аскер кызматчыларын жана жарандык персоналын, ошондой эле Чек ара аскерлеринин милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, аларга ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине сунуштарды киргизет; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча аскерлерди куралдантуу (жабдуу) үчүн күжүрмөн жана башка техниканы, мүлктү алат; - өзүнүн компетенциясынын чегинде башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт."\] |
