# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 306
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.09.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16580/edition/676300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (14.09.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95181

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 14-сентябры № 631 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-июну № 306 Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн биологиялык түрлөрүн сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 606 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 606 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш обьекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев
