# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 304
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16578/edition/856100/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтому (21.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95179

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-июну № 304 Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 674, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 686 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Мыйзамынын 12-3-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 75 "Чет элдик расмий документтерди легалдаштыруу талабын алып салуучу Конвенциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленсин:

1) 2 жумуш күндүн ичинде - 1340 сом;

2) 1 жумуш күндүн ичинде - 3760 сом;

3) 3 сааттын ичинде - 8460 сом.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 686 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн республикалык бюджетке түшүүчү жыйымдар апостилди коюу боюнча ыйгарым укукка ээ мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын камсыздоого жумшалаары белгиленсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр

А.Атамбаев
