# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 303 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык кырдаалды контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 303 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык кырдаалды контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 303
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16577/edition/484976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 303 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык кырдаалды контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (10.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95178

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 10-июну № 303 "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык кырдаалды контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери женүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык кырдаалды контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине

катышуучу-мамлекеттердин коргоо министрликтеринин

радиациялык, химиялык жана биологиялык кырдаалды

контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө

2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол

коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык кырдаалды контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациалансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартип күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
