# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №363 "Эл аралык финансылык уюмдар каржылаган өнүктүрүү долбоорлоруна катышкан субъекттерди милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун каттоонун, төлөөнүн жана эсепке алуунун" ТАРТИБИ

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №363 "Эл аралык финансылык уюмдар каржылаган өнүктүрүү долбоорлоруна катышкан субъекттерди милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун каттоонун, төлөөнүн жана эсепке алуунун" ТАРТИБИ
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-249/edition/1047716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №363 "Эл аралык финансылык уюмдар каржылаган өнүктүрүү долбоорлоруна катышкан субъекттерди милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун каттоонун, төлөөнүн жана эсепке алуунун" ТАРТИБИ (17.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95173

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №363 токтому менен бекитилген

Эл аралык финансылык уюмдар каржылаган өнүктүрүү долбоорлоруна катышкан субъекттерди милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында каттоонун жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн ТАРТИБИ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225, 2016-жылдын 10-майындагы № 237, 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул, Эл аралык финансылык уюмдар каржылаган өнүктүрүү долбоорлоруна катышкан субъекттерди милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында каттоонун жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225, 2016-жылдын 10-майындагы № 237, 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Бул Тартип Кыргыз Республикасы катышуучу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык финансылык уюмдар каржылаган өнүктүрүү долбоорлоруна катышкан субъекттерди милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында каттоого (эсепке коюуга), камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүгө жана төлөөгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225, 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар:

Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү - Кыргыз Республикасы менен эл аралык финансылык институттардын ортосундагы Өнүктүрүү максаттарына грант, кредит жөнүндө макулдашууларды аткаруу үчүн түзүлгөн субъект. Аткаруучу агенттиги - долбоорду аткарууга, башкарууга жана ага жетекчилик кылууга жооптуу орган. ДИАБ түзүлгөн датасын тастыктаган документ болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн учурда - Өнүктүрүү максаттарына грант, кредит жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн аткаруу агенттигинин буйругу;

- юридикалык жакты түзүү менен иш жүргүзүүдө - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтер.

Иш берүүчү - (бул Тартипте) ДИАБ субъектисин кошумча каржылоонун булагы, эгер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн башка эрежеси каралбаса, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү жүргүзүүгө милдеттүү; убактылуу келген чет өлкөлүк жарандар - убактылуу жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жаран, ал 1 жылдык мөөнөткө берилет жана кийин ар жыл сайын узартылып турат. Алардын иштөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. Эл аралык финансылык уюмдар каржылаган долбоорлорго катышкан субъекттерди каттоо

4. Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн субъекттери 30 күндүк мөөнөттө (юридикалык жакты түзбөгөн долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн субъекти үчүн - түзүлгөн же аткаруучу агенттиктин буйругуна кол коюлган күндөн тартып, юридикалык жакты түзгөн долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн субъекти үчүн - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган күндөн тартып) жайгашкан жери (юридикалык дареги) боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында белгиленген тартипте эсепке коюлууга милдеттүү.

ДИАБ субъектинин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары эсепке коюлуудан качышы же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мөөнөтүн бузушу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 54-беренесине ылайык жеке адамдар менен эмгек келишимин (эмгектик макулдашуу, контракт) түзүүдө милдетүү түрдө: кызматкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, жеке идентификациялык номери (ИНН) көрсөтүлүүгө тийиш. Жалданган жеке адамдын жеке идентификациялык номери жок болсо ДИАБ өкүлү Социалдык коргоо күбөлүгүн алуу үчүн Социалдык фонддун органдарына арыз (1-тиркеме) берет. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары эсепке коюлууда долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн субъекти "Төлөөчүгө билдирүүнү" (3-тиркеме) алат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Ишин токтоткондо, Долбоор аяктаганда ДИАБ субъекти ишин токтотоордон 30 күндөн кем эмес мурдатан тийиштүү арыз менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына кайрылууга тийиш. Арыздын негизинде Социалдык фонддун башкармасы социалдык камсыздандыруу боюнча эсептешүүлөр туура жана өз убагында жүргүзүлгөнүн, маалыматтардын тууралыгын, бүткүл иштеген мезгилде акыркы текшерүү болгон учурдан баштап мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептик ведомосттор өз убагында берилгенин текшерет. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт жана (4-тиркеме) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча жыйынтыктоочу эсептешүү ведомосту түзүлөт (6-тиркеме).

ДИАБ субъекти Социалдык фонддун органдарынан каттоодон Социалдык фондго Кыргыз Республикасынын Аткаруучу агенттигинин иш токтотулганы жана карыз жоктугу жөнүндө буйругу көрсөтүлгөндөн кийин чыгарылат.

3. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери

7. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчиктик түрүнө карабастан юридикалык жак уюшулгандан тартып ДИАБ субъектилери, алардын өзгөчөлөнгөн кичи бөлүмдөрү (филиалдар жана өкүлчүлүктөр) жана алардын кызматкерлери, анын ичинде Кыргыз Республикасында такай жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн, ошондой эле жалданма эмгектен пайдаланган юридикалык жак катары уюшулбаган ДИАБ субъектилери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде коюлат.

8. ДИАБ субъектилери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй коюлат:

а) иш берүүчүдөн (каржылоо булактарынан жалпы эмгек акы фондусунан) - 17,25 процент өлчөмдө, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнүн жана төлөөнүн башка эрежелери каралбаса;

б) кызматкерлер үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, каржылоонун булагына карабастан, кызматкерлердин пайдасына эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмдө жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз өлчөмдө. ДИАБ субъекттери үчүн Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн же башка мамлекетте жашаган, бирок Кыргыз Республикасында катталган ДИАБ субъектиси менен эмгектик мамилелерде болгон чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары иш берүүчүлөр үчүн Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө ай сайын - 3 пайыз белгиленет (кошо каржылоо булактарынан жалпы эмгек акы фондусунан).

Социалдык фондго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларынын фондулары боюнча бөлүштүрүү "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет. Эл аралык макулдашууларда каралган камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнүн жана төлөөнүн эрежесин колдонулушун аныктоо үчүн Социалдык фонддун органдарына мындай эрежелер каралган ратификацияланган эл аралык макулдашууну көрсөтүү керек. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнүн жана төлөөнүн эрежесинин колдонулушун аныктоо үчүн Социалдык фонддун органдарына бул эл аралык макулдашууну берүү керек. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237, 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомдорунун редакциясына ылайык)

9. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ДИАБ субъекти милдеттүү түрдө төлөйт. Аталган уюмдардын иши кредиттин же бөлүнгөн гранттын эсебинен жүргүзүлгөн уюмда кредитти же грантты салыктарды, алымдарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө пайдаланууга болбостугу иш берүүчүнү да, кызматкерди да камсыздандыруу төгүмдөрүн эмгек акыдан төлөөдөн бошотпойт, себеби камсыздандыруу төгүмдөрү кредиттин каражаттарына эсептелбестен, ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык эсептелет жана кармалат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей турган төлөмдөрдүн түрлөрү

10. Камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбечү төлөмдөрдүн түрлөрүнүн тизмеси "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси менен белгиленген.

5. Милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби

11. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык ДИАБ субъекттери ай сайын камсыздандыруу төгүмдөрүн (анын ичинде кызматкерлер үчүн) өткөн ай үчүн эмгек акыга каражаттар банк мекемелеринен алынган мөөнөттөрдө, бирок камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилген айдан кийинки айдын 15-күнүнө кечиктирбестен которушат.

Банк мекемелеринде эсептери жок ДИАБ субъекттери, ошондой эле аткарылган иш жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн эмгек акыдан суммаларды төлөгөндөр, камсыздандыруу төгүмдөрүн камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилген айдан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбей төлөшөт. Эмгектин шарттарына байланыштуу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык эмгеги үчүн акы төлөө иштин акыркы натыйжасы боюнча жүргүзүлчү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн эмгек акынын эсебинен төлөнгөн суммалардан же туруктуу белгиленген ставкалар түрүндө төлөшөт, андан кийин жылдын жыйынтыгы боюнча банк мекемелеринен аталган максаттарга каражаттар иш жүзүндө алынган мөөнөттөрдө биротоло эсептешүү жүргүзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237, 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Банктык төлөө документинде төлөмдүн түрү, катталган номери жана камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн мезгил милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

13. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн баш тарткан учурда ДИАБ субъектинин директору же финансы менеджери Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык жооп тартышат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсеп жана отчет

14. ДИАБ субъекттери мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча фонддорго чегерилген жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебин алууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамага ылайык ай сайын Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептик ведомостторду (6-тиркеме) (үч нускада) түзүшөт, аларда камсыздандыруу взностору боюнча чегерилген суммалар жана төлөнгөн суммалар, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана толук эмес өлчөмдө которгондук үчүн салынган үстөктүн жана айыптын суммалары көрсөтүлөт. Эсептик ведомосттор отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин Социалдык фонддун райондук (шаардык) башкармасына берилет. Эсептик ведомостко ошол долбоордун жетекчиси (биринчи кол коюу укугуна ээ адам) жана башкы бухгалтери кол коюшат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Эсептик ведомосттун Социалдык фонд тарабынан күбөлөндүрүлгөн бир нускасы төлөөчүгө кайра берилет. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Кызматкер иштен бошогон же пенсияга чыккан учурда, камсыздандырылган адамга "Иш менен камсыз кылуу жана эмгек акы жөнүндө билдирүү" түзүлөт (7-тиркеме).

7. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туура эсептелиши жана өз убагында которулушу, жана эмгек акы жана жумуштуулук жөнүндө жылдык билдирүүлөрдүн берилиши үчүн жоопкерчилик

16. ДИАБ субъекттери жана алардын кызматкерлери камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн тууралыгы, өз убагында, толук көлөмдө төлөнүшү үчүн "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.

Төлөм тартиби бузулган учурда үстөктөр жана айып акылар салынат. Үстөктү эсептөө камсыздандыруу төгүмүн төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийинки күндөн башталат да төлөгөн күн кошо эсептелет. Үстөктү эсептөө үчүн айып санкцияларын жана өткөн мезгил үчүн эсептелген үстөктү (пеня) кошпогондогу камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча калган карыздар негиз болот. Каржылоо же кошо каржылоо болбогон (же кармалган) мезгилде финансылык санкциялар ДИАБ карата колдонулбайт. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык

17. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасында персоналдык каттоо (жеке) каттоо жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтар белгиленген мөөнөттө берилбесе же толук эмес жана (же) так эмес маалыматтар берилсе иш берүүчүлөргө жана заказчыларга "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык финансылык санкциялар колдонулат. Аталган сумманы Социалдык фонддун органдары талашсыз тартипте өндүрүп алышат.

18. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында мыйзам бузууларга жол берген адамдарга Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 81-84-беренелерине ылайык администрациялык айыптар салынат.

19. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 530-статьясына ылайык администрациялык эреже бузуу тууралуу иштерди кароого жана администрациялык айыптарды салууга Социалдык фонддун региондук органдарынын жетекчилери укуктуу.

20. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Төгүмдөрдүн төлөнүшүн контролдоо жана ДИАБ субъекттерин текшерүү

21. Камсыздандыруу төгүмдөрү өз убагында жана толук чегерилишине жана төлөнүшүнө контролду Социалдык фонддун органдары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.

22. ДИАБ субъекттерин текшерүү "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт.

23. Текшерүү бүткөндө үч нускада акт түзүлөт (4-тиркеме) жана текшерүү жүргүзүшкөн адамдар, жетекчи (кол коюу укугуна ээ адам) жана бухгалтер тарабынан кол коюлат. Актыга кол куюудан баш тартканда күбөлөрдүн катышуусунда ал тууралуу жазылат. Эреже бузган адам түшүнүк жана актынын мазмуну боюнча каршы пикирин ошондой эле ага кол коюудан баш тартышынын негизин жазып берүүгө милдеттүү (бул документтер Актыга тиркелет).

Актыга камсыздандыруу төгүмү боюнча мөөнөтү кечиктирилген карызга салынган үстөктүн эсеби (5-тиркеме) тиркелет. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн арыздарын кароонун тартиби

24. Социалдык фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чечими менен макул эмес ДИАБ субъекти чечим кабыл алынган күндөн тартып отуз жумушчу күндүн аралыгында Социалдык фонддун жогору турган органына арызданууга укуктуу. Арыз тастыктоочу документтер тиркелип жана керектүү аргументтер көрсөтүлүп, жазуу жүзүндө толтурулушу керек.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237 токтомунун редакциясына ылайык)

25. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду арызды карайт, чечим чыгарат жана ал жөнүндө төлөөчүгө "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ылайык кабарлайт.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 237 токтомунун редакциясына ылайык)

1-тиркеме

```text
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду │
│ │
│ Социалдык коргоого │
│ АРЫЗ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Арыз жазуучу толтурат │
│ │
│Фамилиясы │
│ └──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┘│
│Аты │
│ └──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┘│
│Атасынын аты │
│ └──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┘│
│ │
│Туулган күнү ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐ Жынысы 1 - аял 2 - эркек │
│ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ │
│Жарандыгы ___________________________________________________________│
│ │
│Паспорттун ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐ Берилген датасы ┌─┬─┐┌─┬─┐┌─┬─┬─┬─┐ │
│номери └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ └─┴─┘└─┴─┘└─┴─┴─┴─┘ │
│Калктуу │
│пункт/шаар └──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴─┘│
│ │
│Көчө │
│ └─┴─┴─┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┘│
│ │
│Үй номери ┌─┬─┬─┬─┐ квартиранын ┌─┬─┬─┐ Телефону ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐ │
│ └─┴─┴─┴─┘ номери └─┴─┴─┘ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ │
│ │
│Банк ________________________________________________________________│
│ │
│БИК ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐ Счеттун N ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐ │
│ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ │
│Дата, арыз жазуучунун колу __________________________________________│
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Ишкана/жеке ишкер тарабынан толтурулат │
│ │
│Ишкананын аталышы │
│ └──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴──┴─┘│
│ИУЖК коду ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐ │
│ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ │
│Кызматкердин иштөөсүнүн башталышы ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐ │
│ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ │
│Ишкердиктин түрү _____________________ 20__-жылдын "___" ___________│
│ │
│Билими ______________________________________________________________│
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Социалдык фонддун органы толтурат │
│ │
│Арыздын себеби ┌─┬─┬─┐ Иштин коду ┌─┬─┬─┐ │
│ └─┴─┴─┘ └─┴─┴─┘ │
│Жарандыгы ┌─┬─┬─┐ Билиминин коду ┌─┬─┬─┐ │
│ └─┴─┴─┘ └─┴─┴─┘ │
│Камсыздандыруу ┌─┬─┬─┐ Дарегинин коду ┌─┬─┬─┐ │
│түрү └─┴─┴─┘ └─┴─┴─┘ │
│Арыз берүү датасы ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐ Айыл өкмөттүн коду ┌─┬─┬─┐ │
│ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ └─┴─┴─┘ │
│ ЭАТФ категориясынын коду ┌─┬─┬─┐ │
│ └─┴─┴─┘ │
│ ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐ номериндеги күбөлүк │
│ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ │
│Алгандыгы тастыктоо __________________ 20__-ж. _____________ берилди│
│ (колу) │
│ │
│Социалдык фонддун райондук адиси _______________________________ │
│ (колу) │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
```

2-тиркеме

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3-тиркеме

ТӨЛӨӨЧҮГӨ БИЛДИРМЕ

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(Юридикалык жактын аталышы, жеке адамдар үчүн - аты-жөнү)

2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(Социалдык фонд башкармасынын аталышы жана дареги)

3. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептерге тийиштүү бардык документтерде көрсөтүлүүчү Сиздин Социалдык фонддогу каттоо номериңиз № \_\_\_\_\_.

4. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, ар бир өткөн ай үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында Социалдык фонддун \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ башкармасынын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ алыш-бериш эсебине \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ которуу керек.

(банктын аталышы)

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, юридикалык тараптардын кызмат адамдары, ошондой эле, өз алдынча экономикалык иш жүргүзгөн жеке адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөнү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд органдарына отчет тапшырбаганы (же өз убагында тапшырбаганы) үчүн финансылык жана администрациялык жоопкерчилик тартышат.

6. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин өлчөмү жыл сайын Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун райондук (шаардык) башкармасынын начальниги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ МО (колу)

4-тиркеме (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 225, 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

201\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаары (айылы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (региондук органдын аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (төлөөчүнүн аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (төлөөчүнүн алыш - бериш эсеби, банкы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ИСН, Социалдык фонддун каттоо номери) Мен (биз) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (текшерүүчүнүн(лөрдүн) аты-жөнү, ээлеген кызматы, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кызматтык ырастамасынын номери)

201\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ N \_\_\_\_\_\_\_\_ жазма буйруктун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 201\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ N \_\_\_\_\_\_\_\_ токтому менен бекитилген Нускаманы жетекчиликке алып, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн алынышына жана эсепке алынышына, Социалдык фонддун каражаттарынын дайындалышынын жана сарпталышынын тууралыгына, Социалдык фонддун бюджетине төгүмдөрдүн өз убагында которулушуна \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ текшерүү жүргүзүлдү. (текшерүүнүн түрү) Мурдагы текшерүүлөр жөнүндө маалыматтар: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (күнү жана номери) Текшерүү 201\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тартып, 201\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чейинки мезгил үчүн \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (төлөөчүнүн,\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ катышуусунда төлөөчүнүн өкүлүнүн аты-жөнү, кызматы) жүргүзүлдү, текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталды:

N

Эмгек акы фонду жана которулган камсыздандыруу төгүмдөрү

Отчет боюнча

Иш жүзүндө

Четке кагуу

1

Жалпы эмгек акы фонду

2

Камсыздандыруу төгүмдөрү (пенсиялык топтоо фондунан тышкары)

3

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду

Четке кагуунун себеби: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Камсыздандыруу төгүмдөрү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом өлчөмүндө кошумча эсептелди. Эмгек акынын суммасын төмөндөткөнү (жашыргандыгы) үчүн айып \_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом өлчөмүндө. Эсептешүү ведомостун бербегендиги (кечиктиргендиги) үчүн айып \_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом өлчөмүндө. Өз учурунда каттабагандыгы үчүн айып \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом өлчөмүндө. Мөөнөтү өткөн карыздарга \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом өлчөмүндө туум эсептелди (эсептөө тиркелет). Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом суммасында карыз жана \_ сом суммасында эсептелген финансы санкциялары 201\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чейинки мөөнөттө \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (банктын аталышы, алыш-бериш эсеби,) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд башкармалыгынын аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ алыш-бериш эсебине которулсун. Төлөөчү 201\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ отчет түзгөндө эсептелген сумма: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом, туум \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом кошумча камсыздандыруу төгүмдөрү, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом финансы санкциялары эсептешүү ведомостунда көрсөтүлсүн. Иш менен камсыз кылуу жана эмгек акы жөнүндө бир айлык билдирүү тууралуу маалыматтар: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Акт \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ нускада түзүлдү.

Ишкананын жетекчиси \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Колу) (Аты-жөнү)

М.О.

Ишкананын башкы бухгалтери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Колу) (Аты-жөнү)

Текшерүүчүлөр)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Колу) (Аты-жөнү)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Колу) (Аты-жөнү)

5-тиркеме

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өткөн карыздарга туум чегерүүнү ЭСЕПТӨӨ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Каттоо N \_\_\_ Төлөө мөөнөтү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ күн (төлөөчүнүн аталышы) Төлөөчүнүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча текшерүүнүн башына карата карызынын калдыгы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом. Төлөөчүнүн айыптар жана үстөктөр боюнча текшерүүнүн башына карата карызынын калдыгы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом.

Камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген киреше

Эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү

Бардык эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү (3 + 4)

Төлөнүүгө тийиш (5 - 6)

Төлөндү

Мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн суммасы

Кечиктирилген күндөрдүн саны

Үстөктүн суммасы

Иш жүзүндөгү эмгек акы төлөө фонду

Орточо айлык эмгек акынын 40%нан төмөн эмгек акы алган кызматкер үчүн иш берүүчү төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө эсептелчү кошумча ЭТФ

Иш берүүчү

Кызматкер

Төлөө датасы

Сумма

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Текшерүүчүнүн (текшергендердин) аты-жөнү/колу

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

№ 6 тиркеме ЭСЕП ВЕДОМОСТУ

Отчеттук мезгил 20\_\_-ж. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Отчет берүү датасы 20\_\_-ж "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Төлөөчүнүн аталышы

СФ башкармасы

Юридикалык дареги

телефону

ИНН

Банк (аталышы)

СФ төлөөчүнүн каттоо N

Алыш-бериш эсеби

ИҮЖК коду

Ишкердиктин түрү

Жумуштуулук жана эмгек акы тууралуу билдирме

N

Идентификациялык номер

ФАА

Бийик тоолуу жана алыскы райондордун коэф.

Иштин башталыш датасы

Иштин аяктоо датасы

Күндөр

Иш жүзүндөгү күндөр

Камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилген киреше

Чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрү

ПЭФ боюнча чегерилген төгүмдөр

ЭТФ

Кошумча ЭТФ

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

Категориялар боюнча эмгек акы төлөө фонду

N

Кызматкерлердин категориясы

Кызматкерлердин саны

Отчеттук мезгил ичинде

Баары

ЭТФ

Кошумча ЭТФ

\< 40%

\> 40%

1

2

3

4

5

6

7

1

2

3

4

5

6

7

Бардыгы

Эскертүү: Иштин түрү графасында кызматкерлер N 1 жана N 2 жеңилдиктүү тизмелер боюнча көрсөтүлөт. Кызматкерлердин категориясы 001 - негизги кызматкер; 100 - 1-2-топтогу майып; 010 - чет өлкөлүк жаран; 101 - УАС катышуучусу/майыбы; 102 - УАС катышуучусуна теңештирилген адамдар; 003 - пенсионер; 103 - жеке ишкер; 104 - ижарага берүүчү; 105 - гонорарлар, акылар; 106 - кенже тейлөөчү персонал; тизмелердин коддору: 007 - N 1 тизме 006 - N 2 тизме. Эгер кызматкер N 1 же N 2 тизмеге кирбесе, код көрсөтүлбөйт. Бийик тоолуулук жана алыскы район коддору: 500 - бийик тоолуу; 501 - алыскы райондор.

Эсептешүү ведомосту

Төлөөчүлөрдүн милдеттенмелери

Отчет берген күнгө карата милдеттенменин суммасы

1

2

Камсыздандыруу төгүмдөрү (НПФдан башка)

Топтоочу пенсиялык фонд

Үстөктөр жана айыптар

Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган камсыздандыруу төгүмдөрү (ТПФдан башка)

Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган камсыздандыруу төгүмдөрү (топтоочу пенсиялык фонд)

Төгүмдөр боюнча уланган карыз (ТПФдан башка)

Төгүмдөр боюнча уланган карыз (топтоочу пенсиялык фонд)

Үстөктөр жана айыптар боюнча удаалаш карыз

Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу боюнча проценттер

Милдеттенмелер боюнча бардыгы:

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча ашыкча төлөнгөнү (ТПФдан башка)

Санкциялар боюнча ашык төлөнгөнү

ТПФ боюнча ашык төлөнгөнү

Ашык төлөө боюнча бардыгы:

Ишкананын (уюмдун) Жетекчиси \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Аты-жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ колу Башкы бухгалтер \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ колу МО

Отчет кабыл алынган күн \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

7-тиркеме

| Жумуштуулук жана эмгек акы тууралуу билдирме |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Ишкананын аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ИУЖК коду СФ төлөөчүсүнүн └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ каттоо номери └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ Ишкананын дареги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Почталык Тапшыруу себеби Төгүм ченинин индекс └─┴─┴─┴─┴─┴─┘ └─┴─┴─┘ түрү └─┴─┴─┘ Жеке Категория идентификациялык └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ └─┴─┴─┘ номер (ПИН) Эскертүү: Категория графасында көрсөтүлсүн: 1 - кызматкер, 2 - I жана II топтун майыбы, 3 - Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет элдик жарандар, 4 - УАМС I жана II топтун майыбы, 5 - УАМС катышуучулары жана УАМС III тобунун майыптары, 6 - пенсионерлер. Аты-жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Иштин түрү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Иштин түрүнүн Бийик тоолулуктун, алыстыктын тизмелеринин коду└─┴─┴─┘ (барууга кыйындыктын) коэффициенти └─┴─┴─┘ ┌───────┬──────┬─────────┬─────────────────┬────────────┬───────────┐ ├───────┼──────┼─────────┼───────┬─────────┼─────┬──────┼─────┬─────┤ ├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤ ├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤ ├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤ ├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤ ├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤ ├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤ ├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤ ├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤ ├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤ ├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤ ├───────┼──────┼─────────┼───────┼─────────┼─────┼──────┼─────┼─────┤ └───────┴──────┴─────────┴───────┴─────────┴─────┴──────┴─────┴─────┘ Эскертүү: 5-графа кызматкердин эсептелген айлык эмгек акысы орточо айлык эмгек акынын 40 процентинен ашпаган учурда толтурулат. Жетекчинин Ф.А.А. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Колу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Башкы бухгалтердин Ф.А.А. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Колу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ М.О. | Мезгил- дер 1 2000 2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009 | Иштин башта- луу датасы 2 | Иштин аяктоо датасы 3 | Камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилген киреше Камсыз- данды- руу төгүм- дөрү эсеп- телген иш жүзүн- дөгү киреше 4 | Чегерилген камсызданды- руу төгүмдөрү Камсыз- дандыруу төгүмдөрү кошуп эсептел- ген кошумча киреше 5 | Төлөнгөн камсыздан- дыруу төгүмдөрү Иш бе- рүүчү 6 | Кыз- маткер 7 | Иш бе- рүүчү 8 | Кыз- мат- кер 9 |  |
| СФ Башкармасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Социалдык фонддун коду └─┴─┴─┘ СФ адисинин Ф.А.А. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Колу: \_\_\_\_\_\_\_ Дата \_\_\_\_\_\_\_ Киреше бөлүмүнүн начальнигинин Ф.А.А. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Колу: \_\_\_\_\_\_\_ Дата \_\_\_\_\_\_\_ |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
