# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 338 "Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 338 "Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 338
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16573/edition/484847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 338 "Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95165

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-июну № 338 Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө Өндүрүшкө түрткү берүү жана курамында баалуу металлдар бар, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлчү жана чет өлкөлөрдөн алынып келчү сырьенун (куйма, калдыктар, шлих алтын ж.у.с.) кошумча көлөмүн "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун аффинаж заводунда кайрадан иштетүүгө тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 239-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык бажылык тариздөө үчүн бажылык жыйымдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:

- баалуу металлдарды камтыган сырьелорду (куйма, сыныктарын, шлихтелген алтын ж.б.) алып келүүдө, - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун аффинаждык заводунда кайра иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн эсептик көрсөткүчтүн 100 (жүз) өлчөмүндө;

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому аффинаждык өндүрүштүн продукцияларын алып келүүдө - эсептик көрсөткүчтүн 100 (жүз) өлчөмүндө.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11 -февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 18-сентябрындагы № 570 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-февралындагы №68 "Кыргыз Республикасында аффинаждык өндүрүштү өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 803 токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
