# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ведомстволук турак жай фонду жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ведомстволук турак жай фонду жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 337
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16572/edition/484923/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ведомстволук турак жай фонду жөнүндө" токтому (23.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95164

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-июну № 337 Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ведомстволук турак жай фонду жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 44-беренелерине ылайык, ошондой эле турак жай мамилелерин укуктук жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлерин жана эркин жалданган жумушчуларын социалдык жактан колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ведомстволук турак жай фонду жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
