# Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 354 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 354 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 354
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2947/edition/381587/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 354 токтому менен бекитилген) (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95161

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №354 токтому менен бекитилген

Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

жабыркаган адам - Кыргыз Республикасынын жараны, 2010-жылы июнда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы калктуу конуштардын аймагында болуп өткөн окуялардын натыйжасында мародерлукка жана талап-тоноого кабылган мүлктүн менчик ээси (ишкердик субъекттерин кошпогондо); мамлекеттик жардам - жабыркаган адамга мүлктүк жоготууларын жарым-жартылай компенсациялоо катары мамлекет берүүчү акысыз бир жолку жардам; комиссия - мүлкүнө келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо менен жабыркаган адамдардын тизмесин түзүү үчүн коомдук уюмдардын жана коомчулуктун катышуусунда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте түзүлгөн комиссия; мүлк - жабыркаган адамга таандык болгон ар кандай менчик объекттери, ага жабыркаган адамдын кыймылсыз мүлкү, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жекече пайдалануусундагы буюмдары кирбейт.

2. Мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн булактары жана өлчөмү

2. Мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн булактары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд жана Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарын чыгымдоону контролдоочу байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд жөнүндө жобого ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттары саналат.

3. Мамлекеттик жардамды каржылоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2521 "Жеке ишканаларга, ишкерлерге жана калкка финансылык эмес субсидиялар" беренеси боюнча жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик жардам көрсөтүүнү Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары Мамлекеттик дирекция) тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарынын негизинде комиссия берген тизмелерге ылайык жүзөгө ашырат (1-тиркеме).

Келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү тийиштүү укук коргоо органдарынын, өрткө каршы коопсуздук органдарынын маалыматтарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кварталдык комитеттердин жабыр тарткан адамдардын 2011-жылдын 1-январына чейин кабыл алынган арыздары боюнча берилген маалымкаттарынын негизинде комиссия тарабынан аныкталат.

5. Мүлкүнүн материалдык зыянынын рыноктук наркы 50 миң сомдон азды түзгөн жабыркаган адамдарга мамлекеттик жардам келтирилген материалдык зыянга тең өлчөмдө көрсөтүлөт.

6. 50 миң сом суммасындагы мамлекеттик жардам келтирилген мүлктүк зыянынын рыноктук баасы 50 миң сомдон ашуунду түзгөн жабыркаган адамдарга көрсөтүлөт.

7. Жабыркаган адамдарга мамлекеттик жардам көрсөтүү жана бухгалтердик операцияларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте "РСК-Банк" ачык акционердик коомунда эсептер ачылат.

8. Мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча каражаттарынын чыгымдалышын тескөөчү жана контролдоочу орган Мамдирекция болуп саналат.

3. Мамлекеттик жардам көрсөтүү тартиби

9. Мамлекеттик жардам алуу үчүн жабыркаган адамдар Мамдирекцияга төмөнкүдөй документтерин берүүгө тийиш:

- мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө арыз;

- жарандын инсандыгын күбөлөндүргөн документ (паспорт, аскер билети);

- үчүнчү жактар (мародерлор) мүлкүнө келтирген зыяндын аныктыгы күбөлөндүрүлгөн тийиштүү укук коргоо органынын маалымкаты (документи);

- өрттөлгөн учурда өрткө каршы коопсуздуктун тийиштүү органынын маалымкаты (документи);

- келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо жөнүндө комиссиянын корутундусу.

10. Июнь окуяларынын натыйжасында жабыр тарткан калктуу конуштардын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөрдүн негизинде тийиштүү документтерди берүүнү камсыз кылышат:

- жабыр тарткан адамдардын арызы;

- Мамдирекциянын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы.

11. Мамлекеттик жардам төмөнкү учурларда көрсөтүлбөйт:

- талап кылынган документтердин толук пакети берилбеген учурда;

- комиссия тарабынан объективдүү эмес жана көз көрүнөө жалган маалымат берилгени аныкталган учурда;

- Мамдирекция курган көп квартиралуу турак үйлөрдөн квартира алган жабыр тарткан адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы № 182 "2010-жылдын июнунда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областарынын аймактарында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик үй куруу жана калыбына келтирүү үчүн процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык 50 миң сомго чейинки суммада узак мөөнөттүү, пайызсыз ссуда же бир жолку акысыз жардам алган же болбосо алууга талапкер болгон жабыр тарткан жарандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө.

12. Мамлекеттик жардам жабыр тарткан адамга тиешелүү документтерин берген учурда берилет.

4. Уюштуруу маселелери

13. Жабыр тарткан адамдардын тизмелери жана мамлекеттик жардамдын өлчөмү протоколдук чечимди тариздөө аркылуу Комиссия тарабынан бекитилет.

14. Комиссиянын протоколдук чечимине ушул комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет. Комиссиянын мүчөсүнүн каршы пикири болсо протоколго каршы пикиринин маанисин көрсөтүү менен кол коет.

Эгерде комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү каршы болбой кол койгон учурда протоколдук чечим көпчүлүк менен кабыл алынды деп эсептелет.

15. Комиссиянын протоколдук чечимдери жана жабыр тарткан адамдардын тизмеси келтирилген зыяндын өлчөмүн көрсөтүү менен Мамдирекцияга жиберилет.

16. Комиссиянын ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыздоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.

1-тиркеме Мамлекеттик жардам көрсөтүлүүчү жабыр тарткан адамдардын ТИЗМЕСИ

| № | Аты-жөнү | Өздүгүн күбөлөндүрүүчү документинин № жана берилген датасы | Турак жайга менчик укугун күбөлөндүрүүчү документинин № жана берилген датасы | Талап- тонолууга, мародерчу- лукка туш болгон же өрттөлгөн мүлктүн базар наркы | Укук коргоо органдарынын, өрт коопсуздугу органдарынын маалымкатынын № жана берилген датасы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Комиссия мүчөлөрүнүн аты-жөнү, кызматтары жана колдору)

М.О. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органынын

Эскертүү: 4-графага талап-тонолууга, мародерчулукка туш болгон же өрттөлгөн турак жайга менчик укугун күбөлөндүрүүчү документи, же болбосо ижарага алынган турак жайда жабыр тарткан адамдын жашагандыгы жөнүндө документ жок болгон учурда комиссияга талап-тонолууга, мародерчулукка туш болгон же өрттөлгөн турак жайда жабыр тарткан адамдын 2010-жылдын июнунда жашагандыгын ырастоочу кварталдык комитеттин маалымкаты же ижара келишими берилет.
