# "2011-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №397 "Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: "2011-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №397 "Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 397
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/95125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16567/edition/385520/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/95125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "2011-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №397 "Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (18.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/95125

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 18-июлу №397 "2011-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "2011-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2011-жылдын 15-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Пакистан тарапка кабарласын.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
